Жезекиел 22:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Анан мага Теңирден сөз болду:

2«Адам уулу, сен соттогуң келеби, кандуу шаарды соттогуң келеби? Ага анын бардык жийиркеничтүү иштерин айт.

3Ага айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Оо, өз мезгили келиши үчүн, өз ичинде кан төккөн шаар, өзүн булгаш үчүн, жасалма кудайларды жасаган шаар!

4Сен өзүң төккөн кан менен өзүңдү күнөөлүү кылдың, өзүң жасаган жасалма кудайлар менен өзүңдү булгадың, өзүңдүн күндөрүңдү жакындаттың, жазалана турган жылыңа жеттиң. Ошон үчүн сени бүт элдердин, бүт өлкөлөрдүн колуна салып берем, алар сени кордошот, шылдың кылышат.

5Сага жакын тургандар да, сенден алыс тургандар да сени шылдыңдашат, өзүнүн ысымын булгаган, кан төгүү менен атагы чыккан шаар.

6Сенин ичиңде өз күчүнө жараша кан төккөн Ысрайылдын башчылары болгон.

7Сенде атасы менен энесине тил тийгизишет, сенин ичиңде келгиндерди ыза кылышат, сенде жетим менен жесирди кысымга алышат.

8Менин ыйык жайымды жек көрөсүң, ишембилеримди ыйык тутпайсың.

9Кан төгүш үчүн, сенде жалаа жабуучулар бар, сенин тоолоруңда жасалма кудайларга чалынган курмандыктарды жешет, сенин ичиңде ыпылас иштерди кылышат.

10Сенде атасынын жылаңач этин ачышат, сенде аялын тазаланып жаткан убагында зордукташат.

11Бири өз жакынынын аялы менен жийиркеничтүү иш кылат, бири өз келинин булгайт, бири өз атасынын кызын, өз карындашын зордуктайт.

12Кан төгүү үчүн, сенин ичиңде пара алышат. Сен үстөк алыш үчүн бересиң, ашыгы менен аласың, жакыныңдан зордук менен пайда табасың, Мени болсо унутуп койдуң, – дейт Кудай-Теңир.

13Мен сенде болуп жаткан ач көздүк үчүн, сенин ичиңде болуп жаткан кан төгүү үчүн колумду серпип жибердим.

14Мен сага каршы чыккан күндөрү жүрөгүң туруштук бере алар бекен, колдоруң бекем болор бекен? Мен, Теңир, айтканымды жасайм.

15Сени элдердин арасына чачып жиберем, жер-жерлерге сапырып жиберем, ошентип, сенин ичиңдеги жийиркеничтериңди жок кылам.

16Элдердин алдында сен өзүңдү өзүң жек көрүндү кыласың, ошондо Менин Теңир экенимди билесиң”».

17Анан мага Теңирден сөз болду:

18«Адам уулу! Мен үчүн Ысрайыл тукуму ширенди болуп калды. Алардын баары – мештин ичиндеги калай, жез, темир жана коргошун, алар күмүштүн ширендиси болуп калышты.

19Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Баарыңар ширенди болуп калганыңар үчүн Мен силерди Иерусалимге чогултам.

20Мешке күмүштү, жезди, темирди, коргошунду жана калайды кандай чогуу салышса, от үйлөп, кандай эритишсе, Мен да силерди Өзүмдүн каарым менен, ачуум менен чогултуп, мешке салып эритем.

21Силерди чогултуп туруп, үстүңөргө Өзүмдүн каарымдын отун үйлөйм, ошондо силер ошол оттун ичинде эрийсиңер.

22Мештин ичинде күмүш кандай эрисе, силер да оттун ичинде ошондой эрийсиңер. Ошондо силерге Өз каарымды чачкан Мен, Теңир, экенимди билесиңер”».

23Анан мага Теңирден сөз болду:

24«Адам уулу! Ага айт: “Сен тазаланбаган жерсиң, Мен каарымды төккөн күнү жамгыр менен сугарылбай калган жерсиң!”

25Анын ичиндеги анын пайгамбарларынын уюму өзүнүн олжосун тыткылаган, айкырган арстандай. Алар адамдарды жешет, мал-мүлктү, кымбат баалуу буюм-тайымдарды талап-тоношот, жесирлердин санын көбөйтүшөт.

26Анын ыйык кызмат кылуучулары Менин мыйзамымды бузуп жатышат, Менин ыйык жайларымды булгап жатышат, ыйыкты ыйык эместен айырмалашпайт, таза менен таза эместин айырмасын көрсөтүшпөйт, Менин ишембилериме көздөрүн жуумп коюшкан, алар Мени барк албай калышты.

27Анын төрөлөрү пайда табыш үчүн кан төккөн, киши өлтүргөн, олжону тыткан карышкырлардай.

28Анын пайгамбарлары болсо баарын ылай менен шыбашат, жок нерсени көрүшөт, аларга алдын ала жалганды айтышат, Теңир айтпаса да, “Кудай-Теңир мындай дейт”, – дешет.

29Ал эми карапайым адамдар бири-бирин эзишет, жарды менен кедейди талап-тоношот, кысымга алышат, келгинди адилетсиз эзишет.

30Мен бул жерди кыйратпаш үчүн, алардын ичинен дубал кура турган, Менин алдымда ушул жер үчүн жаракада тура турган адам издедим, бирок тапкан жокмун.

31Ошондуктан Мен аларга каарымды төгөм, аларды Өз каарымдын оту менен кырам, аларды жолдоруна жараша жазалайм», – дейт Кудай-Теңир.

>