1Анан мага Теңирден сөз болду:
2«Адам уулу! Бир эненин кыздары болгон эки аял бар эле.
3Алар Мисирде бузуктук кылышты, жаш чагынан бузуктук кылышты. Ошол жерде алардын төштөрү эзилди, ошол жерде алардын эркек тийбеген төштөрүнүн түймөлөрүн эзишти.
4Алардын ысымдары: эжесинин ысымы Айола, ал эми сиңдисиники Айолиба эле. Алар Менин кыздарым эле, алар уулдарды жана кыздарды төрөштү. Айола Самария деп, Айолиба Иерусалим деп аталчу.
5Айола Мени таштап, бузуктук кыла баштады. Ойношторуна, кошуналары болгон ашурлуктарга, кумарын арттырды.
6Алар жакут түстүү кездемеден кийим кийген дубан башчылары жана шаар башчылары, ат үстүндө жүргөн жаш, сулуу жигиттер эле.
7Ашур уулдарынын тандамал жигиттери менен ыксыз бузуктук кылды, кимге гана кумарын арттырбасын, ошонун бүт жасалма кудайлары менен өзүн булгады.
8Мисирликтер менен бузуктук кылганын да токтотподу, анткени алар аны менен жаш чагында жатышкан, анын эркек тийбеген төштөрүнүн түймөлөрүн эзип, аны менен өздөрүнүн кумарын кандырышкан.
9Ошон үчүн Мен аны өзүнүн кумарын арттырган ойношторунун – Ашур уулдарынын колуна салып бердим.
10Алар анын жылаңач этин ачып, анын уулдары менен кыздарын алып кетишти, өзүн болсо кылычтап өлтүрүштү. Ошентип, ал аялдар арасында маскара болду, аны өлүм жазасына тартышты.
11Анын сиңдиси Айолиба муну көрүп, өзүнүн кумарын андан бешбетер арттырды, анын бузуктугу эжесинин бузуктугунан ашып түштү.
12Ал Ашур уулдарына – дубан башчыларына, шаар башчыларына, кошуналарына, жакшы кийинген, ат минген атчандарга, ат чапкандарга, тандамал жигиттерге кумарын арттырды.
13Мен анын өзүн булгаганын, экөөнүн тең жолу бир экенин көрдүм.
14Айолиба өзүнүн бузуктугун дагы арттырды, анткени дубалдын бетине чегилген эркектерди,
15белдерине кур байлаган, баштарына баш кийим кийген, кебетелери болсо Каздим жеринде төрөлгөн Бабыл уулдарына окшош аскер башчыларын, дубалдын бетине боёк менен тартылган каздимдерди көрдү.
16Ал аларды бир көргөндө ашык болуп, аларга, Каздим жерине элчилерди жөнөттү.
17Ошондо Бабыл уулдары анын ойноштук төшөгүнө келишти, өздөрүнүн бузуку иштери менен аны булгашты, ал өзүн алар менен булгады, анан алардан жаны жийиркенди.
18Ал өзүнүн бузуку иштерине ачык берилип кетип, өзүнүн жылаңач этин ачканда, Менин жаным анын эжесинен кандай жийиркенсе, Менин жаным андан да ошондой жийиркенди.
19Ал Мисир жеринде, жаш чагында бузуктук кылган күндөрүн эсине түшүрүп, бузуку иштерин арттыра берди.
20Денеси эшектикиндей болгон, кумары айгырдыкындай болгон ойношторуна кумарын арттыра берди.
21Ошентип, сен өзүңдүн жаш кездеги бузуктугуңду, мисирликтер сенин эркек тийбеген төшүңдүн түймөлөрүн эзген учурду эсиңе түшүрдүң».
22Ошондуктан, Айолиба, Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен сенин жаның жийиркенген ойношторуңду сага каршы козгойм, аларды туш-туштан сага каршы алып келем:
23Бабыл уулдарын жана бүт каздимдерди, Пекотту, Шоаны, Коаны, алар менен бирге Ашурдун бүт уулдарын – сымбаттуу жаш жигиттерди, дубан башчыларын жана шаар башчыларын, мансаптуу жана атактуу кишилерди, бардык мыкты атчандарды сага каршы алып келем.
24Алар сага каршы курал-жарак менен, аттары жана майдан арабалары менен, туулга, калкан, соот кийген сансыз кол менен келишет; сени тегеректеп, ортого алышат. Сени алардын сотуна берем, алар сени өз соту менен соттошот.
25Мен Өзүмдүн кызганычымды сага каршы бурам, ошондо сени аёосуз жазалашат: Сенин кулагың менен мурдуңду кесишет, ал эми сенин калдыгың кылычтан өлөт. Уулдарың менен кыздарыңды алып кетишет, ал эми калган элиңди от жалмайт.
26Yстүңдөгү кийимдериңди чечип кетишет, жасалгаларыңды алып кетишет.
27Ошентип, сенин Мисир жеринен алып келген аягы суюктугуңду, бузуктугуңду токтотом. Ошондон кийин сен аларга көзүңдү бурбай каласың, Мисир жөнүндө эстебей каласың».
28Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Мына, Мен сени өзүң жек көрүп калгандардын колуна, жаның жийиркенгендердин колуна берем.
29Алар сага жек көрүү менен мамиле кылышып, эмгектенип тапканыңдын баарын алып кетишет, өзүңдү жабуусуз, жылаңач калтырышат, ошондо жийиркеничтүү жылаңачтыгың да, бузуктугуң да, аягы суюктугуң да айгине болот.
30Элдер менен ойноштук кылып, алардын жасалма кудайлары менен өзүңдү булгагандыгың үчүн сага ушундай болот.
31Сен эжеңдин жолу менен жүрдүң. Ошон үчүн анын чөйчөгүн сенин колуңа берем.
32Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен эжеңдин чуңкур, чоң чөйчөгүнөн ичесиң, анын чоң сыйымдуулугуна жараша шылдыңга каласың, маскара болосуң.
33Мас болосуң, күйүткө толосуң: сага коркунучка жана кыйроого толгон чөйчөктү, эжең Самариянын чөйчөгүн ичирем!
34Анын түбүн какшыта ичесиң, сыныктарын кемиресиң, төшүңдү тытасың, анткени муну Мен, Теңир, айттым”».
35Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мени унутуп, Менден бурулуп кеткендигиң үчүн, өзүңдүн мыйзамсыздыгыңдын, бузуктугуңдун азабын тарт».
36Анан мага Теңир мындай деди: «Адам уулу! Айола менен Айолибаны соттогуң келеби? Аларга өздөрүнүн ыпыластыктары жөнүндө айт.
37Анткени алар ойноштук кылышты, алардын колдору кан, алар өздөрүнүн жасалма кудайлары менен ойноштук кылышты, Мага төрөп берген уулдарын аларга жем кылып, отко өрттөштү.
38Алар Мага дагы мындай кылышты: ошол эле күнү Менин ыйык жайымды булгашты, Менин ишембилеримди ыйык тутушкан жок.
39Алар жасалма кудайларына арнап өз балдарын курмандыкка чалгандан кийин, ошол эле күнү Менин ыйык жайымды булгаганы келишти. Алар Менин үйүмдө ушундай кылышты!
40Андан тышкары, алыстан келгендерге киши жиберишти, аларга элчилерди жөнөтүштү. Алар келишти. Сен алар үчүн жуундуң, көзүңө сурма койдуң, жасалгалар менен жасалгаландың.
41Жаткан жериңдеги кооз төшөккө отурдуң, анын алдында даярдалган дасторкон бар эле, анын үстүнө Менин жыпар жыттуу заттарымды, Менин зайтун майымды койдуң.
42Аныкынан шаттанган элдин үнү жаңырып турду, калың топтун арасына чөлдөн мастарды жетелеп келип жатышты. Алар булардын колдоруна билерик, баштарына кооз таажы тагып жатышты.
43Ошондо Мен карыганча ойноштук кылган бул аял жөнүндө: “Эми анын бузуктугу өзү менен кошо бүтөт”, – дедим.
44Бирок ага бузулган аялга келгендей келип жатышты. Айола менен Айолибага бузулган аялдарга келгендей келип жатышты.
45Бирок аларды адил адамдар ойноштук кылган аялдарды соттогондой соттошот, аларды кан төккөндөрдү соттогондой соттошот, анткени алар – ойноштук кылган аялдар, алардын колдорунда кан бар».
46Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Аларга каршы топ эл чакыр, аларды коркунучка, талап-тоноого салып бер.
47Ошондо аларды топ эл таш бараңга алат, аларды өздөрүнүн кылычы менен кыя чабат, алардын кыздары менен уулдарын өлтүрөт, үйлөрүн өрттөйт.
48Бул жердеги бузуктуктун аягына ушинтип чыгам. Ошондо бардык аялдар сабак алып, силерге окшоп уят иштерди кылышпайт.
49Бузуктугуңарды өз мойнуңарга салышат, өзүңөрдүн жасалма кудайларыңар менен кылган күнөөңөр үчүн жазаланасыңар, ошондо силер Менин Кудай-Теңир экенимди билесиңер».