1Тогузунчу жылдын онунчу айынын онунчу күнү мага Теңирден сөз болду:
2«Адам уулу! Ушул күндүн атын, ушул күндүн өзүн жазып ал: так ушул күнү Бабыл падышасы Иерусалимге келет.
3Козголоңчул тукумга үлгү-насаат айт, аларга Кудай-Теңир мындай дейт: “Казан асып, ага суу куй.
4Ага жиликтеп бөлүнгөн эттерди сал, эттин эң жакшысын: жамбашты жана далыны сал, аны тандалган сөөктөргө толтур.
5Тандалган койлордон ал, казандын астына от жак, казандагы сөөктөр этинен шылынып бышканча кайнат”.
6Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Кандуу шаарга кайгы! Ичинде даты бар казанга, даты кетпеген казанга кайгы! Өкчөмө таш ыргытпастан, андан жилик артынан жилик ыргыткыла.
7Анткени анын каны өз ичинде. Ал аны жылаңач аскада калтырды. Топурак басып калбаш үчүн, аны жерге төккөн жок.
8Өч алыш үчүн каарды козгосун деп, топурак басып калбасын деп, Мен анын канын жылаңач аскага калтырдым”.
9Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Кандуу шаарга кайгы! Мен да чоң от жагам.
10Отун сала түш, от жак, этти эзилте бышыр. Шорпо соолуп, сөөктөр күйүп кетсин.
11Казан бошогондо, аны чокко кой, ал кызарып күйсүн, анын жези абдан кызысын, ичиндеги таза эместиги эрисин, анын бүт даты кетсин.
12Жумуш оор болот, бирок анын калың даты кетпейт, анын даты отто да кетпейт.
13Сенин таза эместигиң ушунчалык жийиркеничтүү болгондуктан, Мен сени канча тазаласам да, сен баары бир таза эмессиң. Мен Өзүмдүн сага болгон каарымды кандырмайынча, сен мындан ары да өзүңдүн таза эместигиңден тазаланбайсың.
14Мен Теңирмин, Мен айтып жатам: Ал келет, Мен аны жасайм. Жасабай койбойм, аябайм, ырайым кылбайм. Сени жолдоруңа жараша, иштериңе жараша соттошот”», – дейт Кудай-Теңир.
15Анан мага Теңирден сөз болду:
16«Адам уулу! Мен сенин көзүңдүн ыракатын оорутуп, күтүлбөгөн жерден алып кетем. Бирок сен кайгырба, ыйлаба, көзүңдөн жаш чыкпасын.
17Yнүңдү чыгарбай онто, өлгөндөрдү жоктоп аза күтпө, бирок башыңды таңып ал, бутуңа бут кийим кий, сакалыңды жаппа, башкалардын колунан нан жебе».
18Мен эртең менен элге сөз айткандан кийин, кечинде аялым өлдү. Эртеси эртең менен мага кандай буйрулса, ошондой кылдым.
19Ошондо эл мага: «Сен кылып жаткандын биз үчүн кандай мааниси бар экенин айтып бербейсиңби?» – дешти.
20Мен аларга мындай деп айттым: «Мага Теңирден сөз болду:
21“Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: «Силердин күчүңөрдүн таянычы болгон, силердин көзүңөрдүн ыракаты болгон, силердин жаныңардын кубанычы болгон Өзүмдүн ыйык жайымды маскаралоого берем, силер таштап кеткен уулдарыңар менен кыздарыңар болсо кылычтан өлүшөт»”.
22Ошондо мен кылганды силер да кыласыңар. Сакалыңарды жаппайсыңар, башкалардын колунан нан жебейсиңер.
23Башыңар таңылуу болот, бутуңарда бут кийимиңер болот. Кайгырбайсыңар, ыйлабайсыңар, бирок күнөөңөрдүн азабынан соолуйсуңар, бири-бириңердин алдыңарда үшкүрөсүңөр».
24«Ошентип, Жезекиел силерге белги болот: ал кылгандын баарын силер да кыласыңар. Бул жүзөгө ашканда, силер Менин Кудай-Теңир экенимди билесиңер.
25Сага болсо, адам уулу, Мен алардын даңкынын жасалгасын, көздөрүнүн ыракатын, жандарынын кубанычын, уулдары менен кыздарын тартып алган күнү,
26ошол күнү качып кутулган бир адам сага кабар бериш үчүн келет.
27Качып кутулган адам келген күнү сенин оозуң ачылат, сен сүйлөй баштайсың, ошондон кийин унчукпас болбойсуң, алар үчүн жышаан болосуң, ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет».