Жезекиел 26:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Он биринчи жылдын биринчи айынын биринчи күнү мага Теңирден сөз болду:

2«Адам уулу! Тир Иерусалим жөнүндө: “И-и! И-и! Элдердин дарбазасы болгон ал талкаланды. Ал мага бурулду, мен толом, анткени ал кыйрады”, – деп айтканы үчүн,

3ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: Тир, Мен сага каршымын, деңиз өз толкунун көтөргөндөй, Мен да сага каршы көптөгөн элдерди көтөрөм.

4Алар Тир дубалдарын талкалашат, анын мунараларын кыйратышат. Анын ичинен топурагын шыпырып салам, аны жылаңач аскага айлантам.

5Ал деңиздин ортосунда балык кармаган тор жая турган жер болот, анткени муну Мен айттым, – дейт Кудай-Теңир, – аны элдер талап-тоношот.

6Анын жер үстүндөгү кыздары болсо кылычтан өлүшөт, ошондо Менин Теңир экенимди билишет.

7Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: Мен Тирге каршы түндүктөн падышалардын падышасы болгон Бабыл падышасы Небухаданасарды аттары, майдан арабалары, атчандары, аскерлери, көп сандаган эли менен алып келем.

8Ал сенин жер үстүндөгү кыздарыңды кылычтап кырат, сага каршы курчоо мунараларын тургузат, сага каршы жал үйөт, сага каршы тосмолорду коёт.

9Ал сенин дубалдарыңдын жанына дубал бузгучтарды орнотот, мунараларыңды балталары менен кыйратат.

10Анын аттарынын көптүгүнөн сени чаң каптайт, талкаланган шаарга кирип келишкендей, ал сенин дарбазаңа кирип келгенде, атчандардын, дөңгөлөктөрдүн, майдан арабалардын дүбүртүнөн дубалдарың титирейт.

11Ал сенин бардык көчөлөрүңдү аттарынын туягы менен тебелеп таштайт, элиңди кылычтап кырат, сенин кудуреттүүлүгүңдүн эстеликтерин жерге кулатат.

12Байлыгыңды талап-тоноп кетишет, мал-мүлктөрүңдү уурдап кетишет, дубалдарыңды кыйратышат, кооз үйлөрүңдү талкалашат, таштарыңды, дарактарыңды жана топурагыңды сууга ыргытышат.

13Сенин ырларыңды токтотом, арфаңдын үнү мындан ары угулбайт.

14Ошентип, сени жылаңач аскага айлантам, сен балык кармаган тор жая турган жер болосуң. Кайра курулбайсың, анткени муну Мен, Теңир, айттым», – дейт Кудай-Теңир.

15Кудай-Теңир Тирге мындай дейт: «Сенин ичиңде болуп жаткан катуу кыргында жарадар болгондордун онтоосунан, сен кулаганда чыккан дабыштан аралдар титиребес бекен?

16Ошондо деңиз боюндагы төрөлөрдүн бардыгы өз тактыларынан түшүп, падыша кийимдерин чечип ыргытып, саймалуу кийимдерин чечип, коркунучка батып, жерге отурушат, көз ирмем сайын титиреп, сага таң калышат.

17Анан сен үчүн ыйлап, сага: “Деңизде жүрүүчүлөр жашаган, деңиз үстүндө күч-кубаттуу болгон атактуу шаар, сен кандай жок болдуң! Сен жана сенин бүт тургундарың деңиздин айланасындагы элдерге коркунуч туудурчу элеңер!” – дешет».

18Азыр, сен кулаган күнү аралдар титиреди. Деңиздеги аралдар сенин кыйраганыңды көрүп дүрбөлөңгө түштү.

19Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен сени эл жашабаган шаарлардай кылып, ээн калган шаарга айлантканда, үстүңө суу иримин көтөргөндө, сени чоң суулар каптаганда,

20Мен сени көргө түшүүчүлөр менен бирге небак жок болгон элдин жанына түшүрөм, сенде эч ким жашабашы үчүн, Мен сени көргө түшүүчүлөр менен бирге небак талкаланган жерлерге отурукташтырам. Тирүүлөрдүн жеринде Мен даңкты көрсөтөм.

21Сени көргөндөрдүн үрөйү учат, сен жок болосуң, сени издешет, бирок сени мындан ары, түбөлүккө таба алышпайт», – дейт Кудай-Теңир.

>