1Анан мага Теңирден сөз болду:
2«Сен да, адам уулу, Тир үчүн ыйла.
3Деңиз булуңдарыңда жайланышкан, көп аралдардагы элдер менен соода жүргүзгөн Тирге айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Тир! Сен: «Мен сулуулуктун жеткен чегимин!» – дейсиң.
4Сенин чек араларың деңиздердин жүрөгүндө. Куруучуларың сенин сулуулугуңду жеткилеңдикке жеткиришкен:
5Сенин бүт такталарыңды Сенирдин кипарис жыгачынан жасашкан. Сага мамыларды жасаш үчүн, Лебанондон кедр алышкан.
6Калактарыңды Башандын эмен жыгачынан жасашкан. Отургучтарыңды бук жыгачынан жасашкан, алардын алкактарын Китим аралдарынан алынып келинген пил сөөгүнөн жасашкан.
7Парустарың Мисирдин гүлдүү зыгыр кездемесинен жасалды, алар сага желек катары болду, жабууларың Элиша аралдарынын көк жана кочкул кызыл түстөгү кездемелеринен болду.
8Сидон менен Арбат тургундары калакчыларың болду. Тир, сенде акылман адамдар бар эле. Алар сенин кеме башкаруучуларың болду.
9Гебалдын аксакалдары менен акылмандары сенин кемелериңдин тешиктерин бүтөөчүлөр эле. Деңиздеги бардык кемелер жана кеме айдоочулар аркылуу сенин соодаң жүрүп турган.
10Сенин аскерлериңдин арасында персиялыктар, луттуктар, путтуктар бар эле, алар сенин жоокерлериң эле. Алар сага калкан жана туулга илишчү, сага алар көрк берип турчу.
11Арбат уулдары менен сенин аскерлериң дубалдарыңдын үстүнө тегерете турушчу, гамдыктар сенин мунараңдын үстүндө турушчу. Алар сенин дубалдарыңды айланта өз саадактарын илишчү, алар сенин сулуулугуңду чегине жеткиришти.
12Ар кандай байлыктын молдугунан Таршыш сени менен соода жүргүзчү. Сенин товарларыңа күмүш, темир, калай, коргошун беришчү.
13Жабан, Тубал жана Мешех сени менен соода жүргүзүп, сенин товарларыңа адамдар менен жез идиштерди алмашышчу.
14Тогарма үйүнөн сенин товарларыңдын ордуна жылкыларды, минги аттарды, качырларды беришчү.
15Сени менен Дыдан уулдары соода жүргүзчү. Көп аралдар сени менен товар алмашып турчу. Пил сөөгүн жана кара жыгачты сага төлөм кылып жиберип турушчу.
16Сен көп нерселерди өндүрүп чыгаргандыктан, сени менен арамейликтер соода жүргүзчү. Алар сенин товарларыңдын ордуна зымырыт, кочкул кызыл кездеме, саймалуу кездеме, зыгыр кездеме, маржан, лаал беришчү.
17Сени менен Ысрайыл жери жана Жүйүт аймагы соода-сатык жүргүзчү. Сенин товарларыңдын ордуна Минит буудайын, бал, таттуу нерселерди, жыгач майын, бальзам беришчү.
18Сен көп нерселерди өндүрүп чыгаргандыктан, ар кандай байлыгың мол болгондуктан, Дамаск сени менен соода жүргүзүп, сенин товарларыңдын ордуна Хелбон шарабын жана ак жүн берчү.
19Бедан менен Жабан сенин товарларыңдын ордуна жип беришчү; сенин товарларыңа иштетилген темир, корица жана жыпар жыттуу камыш алмашып турушчу.
20Дыдан сени менен ат үстүнө жабылуучу кымбат баалуу ат жабуулары менен соода кылчу.
21Аравия жана Кейдардын бардык төрөлөрү сени менен товар алмашып турушчу: сенин товарларыңа козуларды, койлорду жана эчки-текелерди алмашышчу.
22Шеба менен Раманын көпөстөрү сенин товарларыңа ар кандай жыпар жыттуу заттарды, ар кыл асыл таштарды жана алтын беришчү.
23Сени менен Харан, Каней, Эден жана Шеба көпөстөрү, Ашур жана Килмат соода жүргүзүп турчу.
24Алар сени менен кымбат баалуу кийимдер менен, жибек жана саймалуу кездемелер менен соода кылып турушчу. Аларды сенин базарларыңа кедр жыгачынан жасалган сандыктарга салып, жакшылап таңып алып келишчү.
25Таршыш кемелери сенин соодаң үчүн сага кербен болуп турушкан. Ошентип, сен деңиз ортосунда бай жана атактуу болуп калдың.
26Калакчыларың сени чоң сууларга алып киришти, бирок чыгыш шамалы сени деңиздердин ортосунда талкалады.
27Сенин байлыгың да, товарларың да, сактоочу кампаларың да, кеме айдоочуларың да, кеме башкаруучуларың да, кеме тешиктерин бүтөөчүлөрүң да, соодаңды башкаруучуларың да, жоокерлериң да, көп сандаган элиң да сен кулаган күнү сени менен кошо деңиз түбүнө түшөт.
28Сенин кеме башкаруучуларыңдын өкүрүгүнөн тегеректегилер солкулдайт.
29Калакчылар, кеме айдоочулар, кеме башкаруучулар өз кемелеринен түшүп, жерде турушат.
30Сени жоктоп катуу кыйкырышат, баштарына күл чачып, топуракка оонап, катуу онтошот.
31Сени жоктоп, чачтарын такырайта кырдырышат, белдерине зумбал курчанышат, сени жоктоп, жандары кейип, өксүп ыйлашат.
32Сени жоктоп кайгырып, минтип кошок кошуп ыйлашат: «Деңиздин ортосунда Тирге окшоп кыйраган шаар барбы?!»
33Деңиздерден товарларың келип турганда, сен көп элдерди тойгузчу элең. Мол байлыгың менен, соодаң менен жердеги падышаларды байытып турчу элең.
34Эми сени деңиздер талкалады, товарларың жана ичиңдеги көп сандаган элиң айлампага чөктү.
35Сен жөнүндө укканда, аралдарда жашагандардын баарынын үрөйү учту, алардын падышалары титиреп, өңдөрү бузулду.
36Башка элдердин соодагерлери сен жөнүндө ышкырышты. Сен коркунучка айландың, эми сен түбөлүккө жок болосуң”».