1Анан мага Теңирден сөз болду:
2«Адам уулу! Тирдин башкаруучусуна айт: Кудай-Теңир мындай дейт: Жүрөгүң көтөрүлүп: “Мен кудаймын, деңиздердин ортосунда, кудайдын тагында отурам”, – дедиң. Кудай эмес, адам болуп туруп, өз акылыңды Кудайдын акылына теңедиң.
3Сен Даниелден да акылдуусуң, эч бир сыр сенден жашыруун эмес.
4Сен өзүңдүн даанышмандыгың менен, өзүңдүн акылың менен байлыкка ээ болдуң, өзүңдүн казынаңа алтын-күмүш жыйып алдың.
5Соода ишиңдеги улуу акылмандыгың менен байлыгыңды көбөйттүң, байлыгың менен жүрөгүң текеберденди.
6Ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: Сен өз акылыңды Кудайдын акылына теңегендигиң үчүн,
7мына, Мен сага каршы бүт элдердин ичинен эң катаал болгон чет жерликтерди алып келем. Алар сенин керемет акылмандыгыңа каршы кылычтарын кынынан суурушат, сенин сулуулугуңду булгашат.
8Сени көргө киргизишет, сен деңиздердин жүрөгүндө өлтүрүлгөндөрдүн өлүмү менен өлөсүң.
9Ошондо өзүңдүн өлтүрүүчүңдүн алдында: «Мен кудаймын», – демек белең? Сен жарадар кылуучунун колунда кудай эмессиң, адамсың.
10Сен чет жерликтердин колунан сүннөткө отургузулбагандардын өлүмү менен өлөсүң, анткени муну Мен айттым”», – дейт Кудай-Теңир.
11Анан мага Теңирден сөз болду:
12«Адам уулу! Тир падышасы үчүн ыйла, ага айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен жеткилеңдиктин мөөрүсүң, акылмандыктын толуктугусуң, сулуулуктун таажысысың.
13Сен Эйденде, Кудайдын багында, болчусуң. Сенин кийимдериң ар кандай асыл таштар менен: лаал, топаз, алмаз, хризолит, агат, яшма, сапфир, кызыл жакут, зымырыт менен жана алтын менен жасалгаланган эле. Дап менен чоорду мыкты ойногондор сенде болчу, алар сен жаралган күнү даярдалган эле.
14Сен калкалоо үчүн майланган керуп элең, Мен сени ошон үчүн койгом. Сен Кудайдын ыйык тоосунда болчусуң, оттуу таштардын арасында басып жүрчүсүң.
15Сенден мыйзамсыздык табылганга чейин, сен жаралган күнүңдөн бери өз жолуңда жеткилең элең.
16Сенин соодаң кеңири жайылгандыктан, ичиң жалгандыкка толду, сен күнөөгө баттың. Мен сени таза эмес катары Кудайдын тоосунан кулаттым, калкалап турган керуп, сени оттуу таштардын арасынан кууп жибердим.
17Сулуулугуңдан жүрөгүң текеберденди. Менменсингендигиң акылмандыгыңдан ажыратты. Мен сени жерге кулаттым, падышалардын алдында маскара болууга бердим.
18Сен өзүңдүн көп сандаган мыйзамсыз иштериң менен, жалган жол менен жүргүзгөн соодаң менен өзүңдүн ыйык жайларыңды булгадың. Мен сенин өз чөйрөңдөн от чыгардым, ал сени жалмады. Сени көрүп тургандардын көз алдында Мен сени жер үстүндө күлгө айланттым.
19Элдер арасындагы сени билгендердин баары сага таң калышты. Сени көргөндөрдүн үрөйү учту. Сен түбөлүккө жок болосуң”».
20Анан мага Теңирден сөз болду:
21«Адам уулу! Жүзүңдү Сидонго буруп, ага каршы пайгамбарчылык кыл.
22Мындай деп айт: “Сидон, Мен сага каршымын, Мен сенин ичиңде даңкталам. Мен аны жазалаганда, Менин Теңир экенимди билишет, анын ичинде ыйык болом.
23Анын ичине жугуштуу оору жиберем, көчөлөрүнө кан төгүү жиберем, ар тараптан келген кылычтан өлгөндөр анын ичинде кулашат, ошондо Менин Теңир экенимди билишет.
24Ошондон кийин Ысрайыл үчүн анын тегерегиндегилердин, аны жек көргөндөрдүн арасында тикенектүү жыгач жана ооруткан чөңөр болбойт. Ошондо Менин Кудай-Теңир экенимди билишет”.
25Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен элдердин арасына чачылган Ысрайылды жыйнагандан кийин, башка уруулардын көз алдында, алардын ичинде Өз ыйыктыгымды көрсөтөм, ошондо алар Мен Өз кулум Жакыпка берген өздөрүнүн жеринде жашашат.
26Алар ошол жерде коопсуз жашашат, үй курушат, жүзүмдүк отургузушат, Мен алардын тегерегиндегилердин ичинен аларды жек көргөндөрдүн баарын жазалагандан кийин, алар коопсуз жашашат. Ошондо Мен алардын Кудай-Теңири экенимди билишет”».