1Онунчу жылдын онунчу айынын он экинчи күнү мага Теңирден сөз болду:
2«Адам уулу! Мисир падышасы фараонго жүзүңдү бур, ага жана бүт Мисирге каршы пайгамбарчылык кыл.
3Мындай деп айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мисир падышасы фараон, өзүнүн дарыяларынын ортосунда жатып алып, «Бул менин дарыям, мен аны өзүм үчүн жараттым» деген чоң жаныбар, Мен сага каршымын.
4Бирок Мен сенин оозуңа илмек салып, дарыяларыңдагы балыктарды кабырчыгыңа жабыштырам, дарыяларыңдагы кабырчыгыңа жабышкан бардык балыктарың менен кошо сени дарыядан чыгарам.
5Сени дарыяларыңдагы бүт балыктарың менен кошо чөлгө ыргытам, сен ачык талаага түшөсүң, сени жыйнашпайт да чогултушпайт, сени талаа жырткычтарына жана асман канаттууларына жем кылам.
6Ошондо Мисир тургундарынын баары Менин Теңир экенимди билишет, анткени алар Ысрайыл үйүнө камыш тирөөч болушкан.
7Алар сени колу менен кармашканда, сен сынып, алардын бүт далысын жараладың. Алар сага таянганда, сен сынып, алардын белин кокустаттың”.
8Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен сага кылыч жиберип, адамдарыңды да, малыңды да кырам.
9Ошентип, Мисир жери чөлгө жана урандыга айланат. Ошондо Менин Теңир экенимди билишет. Анткени ал: «Дарыя меники, аны мен жараттым», – деди.
10Мына ошондуктан Мен сага каршымын, сенин дарыяларыңа каршымын, Мигдолдон тартып Себейнейге чейин жана Эфиопиянын чек арасына чейин жаткан Мисир жерин чөлдүн чөлүнө айлантам.
11Ал жерден адам буту баспайт, ал жерден мал туягы өтпөйт, ал жерде кырк жыл эч ким жашабайт.
12Урандыга айланган жерлердин арасында Мисир жерин да урандыга айлантам. Кыйраган шаарлардын арасында анын шаарлары да кырк жыл ээн калат. Мисирликтерди элдердин арасына чачам, аларды жер-жерлерге сапырам”.
13Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: “Кырк жыл өткөндөн кийин, Мен элдердин арасына чачылган мисирликтерди чогултам.
14Мисирдин туткундалып кеткен элин кайра алып келем, аларды өздөрүнүн туулган жери – Патрос жерине алып келем. Алар ошол жерде күчсүз падышачылык болушат.
15Ал падышачылык башка падышачылыктардан күчсүз болот. Ошондон кийин ал элдердин үстүнөн көтөрүлбөйт. Алар элдердин үстүнөн үстөмдүк кылбаш үчүн, Мен аларды азайтам.
16Ошондон кийин алар Мисирге кайрылып мыйзамсыздык кылган Ысрайыл үчүн анын мыйзамсыздыгын эске салуучу жөлөк болушпайт. Ошондо Менин Кудай-Теңир экенимди билишет”».
17Жыйырма жетинчи жылдын биринчи айынын биринчи күнү мага Теңирден сөз болду:
18«Адам уулу! Бабыл падышасы Небухаданасар өз аскерин Тирге каршы чоң иштерди кылдырып кыйнады. Баарынын чачтары түштү, баарынын ийиндери тытылды, бирок Тирге каршы иштерди кылгандыгы үчүн Тирден ага да, анын аскерине да сыйлык болгон жок».
19Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен Бабыл падышасы Небухаданасарга Мисир жерин берем, ал анын байлыгын алып кетет, олжосун тартып алат, анын талап-тоноп алган мүлкүн талап-тоноп алат, бул анын аскерине сыйлык болот.
20Мен ага Тирде жүргүзгөн иштери үчүн Мисир жерин сыйлык кылып берем, анткени алар муну Мен үчүн кылышты, – дейт Кудай-Теңир.
21Ошол күнү Ысрайыл үчүн мүйүз өстүрүп чыгарам, алардын арасында сенин оозуңду ачам, ошондо Менин Теңир экенимди билишет».