Жезекиел 3:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Ал мага: «Адам уулу! Сенин алдыңда эмне турса, ошону же, бул түрмөк китепти же, анан бар, Ысрайыл үйүнө айт», – деди.

2Ошондо мен оозумду ачтым, Ал мага бул түрмөк китепти жегенге берди.

3Ал мага: «Адам уулу! Мен берип жаткан бул түрмөк китепке курсагыңды тойгуз жана ичиңди толтур», – деди. Ошондо мен аны жедим, ал оозумдун ичинде балдай таттуу эле.

4Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Тур, Ысрайылга бар, аларга Менин сөздөрүмдү айт.

5Анткени сен татаал, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн элге жиберилип жаткан жоксуң, сен Ысрайылга жиберилип жатасың.

6Сен сөздөрүн түшүнө албаган, татаал, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн көп элдерге жөнөтүлүп жаткан жоксуң. Эгерде Мен сени аларга жиберген болсом, алар сени угушмак.

7Ысрайыл болсо сени уккусу келбейт, анткени алар Мени уккусу келбейт. Анткени бүт Ысрайылдын чекеси катуу, жүрөгү таш.

8Мен алардын жүздөрүнө каршы сенин жүзүңдү катуу кылдым жана алардын чекесине каршы сенин чекеңди катуу кылдым.

9Мен сенин чекеңди таштан да катуу болгон алмаздай кылдым. Алардан коркпо, алардын жүздөрүнөн үрөйүң учпасын, анткени алар – козголоңчул тукум».

10Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Менин сага айта турган сөздөрүмдүн баарын жүрөгүң менен кабыл ал, кулагың менен ук.

11Тур, өз элиңдин туткунда жүргөн уулдарына бар, алар менен сүйлөш, аларга айт: “Кудай-Теңир мындай дейт!” Алар укса да, укпаса да айт».

12Анан мени рух көтөрдү. Ошондо мен өзүмдүн артымдан «Теңирдин даңкы өз ордунда баталуу!» деген күркүрөгөн катуу үндү уктум.

13Ошондой эле жаныбарлардын бири-бирине тийишип турган канаттарынын дабышын, алардын жанындагы дөңгөлөктөрдүн түкүлдөгөнүн жана катуу добушту уктум.

14Мени рух көтөрүп алып кетти. Мен капаланып, тынчсызданган рухум менен бара жаттым. Теңирдин менин үстүмдөгү колу күчтүү эле.

15Мен Тел-Абипте туткунда жүргөндөргө, Кебар дарыясынын жээгинде жашап жаткандарга келдим, алар жашаган жерге келип токтодум. Алардын арасында таң калуу менен жети күндү өткөрдүм.

16Жети күн өткөндөн кийин мага Теңирден сөз болду:

17«Адам уулу! Мен сени Ысрайылга сакчы кылып койдум, сен Менин оозумдан чыккан сөздөрдү угуп, аларды Менин атымдан эскертесиң.

18Мен мыйзамсыз адамга: “Сен өлөсүң”, – деп айтканда, сен аны алдын ала эскертпесең, мыйзамсыз адам тирүү калыш үчүн, аны мыйзамсыз жолунан сакташ үчүн, аны менен сүйлөшпөсөң, анда мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгы үчүн өлөт, анын канынын кунун Мен сага төлөтөм.

19Эгерде сен мыйзамсыз адамды алдын ала эскерткен болсоң, бирок ал өзүнүн мыйзамсыздыгынан, өзүнүн мыйзамсыз жолунан бурулбаса, анда ал өз мыйзамсыздыгы үчүн өлөт, сен болсо өз жаныңды сактап калдың.

20Эгерде адил адам өзүнүн адилдигинен четтеп, мыйзамсыздык кылса, анда Мен анын алдына тоскоолдук коём, ошондо ал өлөт. Сен аны алдын ала эскертпеген болсоң, ал өзүнүн күнөөсү үчүн өлөт, анын адил иштери эске алынбайт. Анын канынын кунун Мен сага төлөтөм.

21Адил адам күнөө кылбашы үчүн, сен ага алдын ала эскертсең, ал күнөө кылбаса, анда ал тирүү болот, анткени ал эскертилди. Сен да өз жаныңды сактап калдың».

22Ошол жерде Теңирдин колу менин үстүмдө эле. Ал мага: «Тур, талаага чык, Мен сени менен ошол жерде сүйлөшөм», – деди.

23Мен туруп, талаага чыктым. Ошол жерде Кебар дарыясынын жээгинен мен көргөн даңкка окшош Теңирдин даңкы турган экен. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылдым.

24Мага рух кирип, мени өйдө тургузду. Ал мени менен сүйлөшүп, мындай деди: «Үйүңө барып бекин.

25Адам уулу, сени жип менен байлап салышат, сен аларга бара албай каласың.

26Мен сенин тилиңди таңдайыңа жабыштырам, ошондо сен дудук болуп, алардын айыбын ашкере кылуучу болбойсуң, анткени алар – козголоңчул тукум.

27Бирок Мен сени менен сүйлөшкөндө, сенин оозуңду ачам, ошондо сен аларга айтасың: “Кудай-Теңир мындай дейт!” Кимдин уккусу келсе, ал уксун. Кимдин уккусу келбесе, ал укпай эле койсун, анткени алар – козголоңчул тукум».