1Анан мага Теңирден сөз болду:
2«Адам уулу! Пайгамбарчылык кылып айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ыйлагыла! Кайгылуу күн келе жатат!
3Анткени ал күн жакындап калды! Теңирдин күнү – кайгылуу күн жакын калды. Элдерди жазалоо күнү келе жатат.
4Мисирге кылыч келе жатат, Мисирде өлтүрүлгөндөр кулаганда, анын байлыктары алынып кеткенде, анын негиздери кыйраганда, Эфиопияны коркунуч каптайт.
5Алар менен кошо Эфиопия да, Пут да, Лут да, ар кошкон элдер да, Хуп да, алар менен келишим түзгөн өлкөлөрдүн уулдары да кылычтан өлүшөт”.
6Теңир мындай дейт: “Мисирдин тирөөчтөрү кулайт, анын күч-кубатынын сыймыгы төмөн түшөт. Мигдолдон тартып Себейнейге чейин жашагандар кылычтан өлүшөт, – дейт Кудай-Теңир.
7Ал кыйраган жерлердин арасында ээн калат, анын шаарлары кыйраган шаарлардын арасында калат.
8Мисирге от жибергенде, анын бардык тирөөчтөрү кыйратылганда, Менин Теңир экенимди билишет.
9Бейкапар жаткан эфиопиялыктарды коркутуу үчүн, ошол күнү Менден кемелер менен кабарчылар барышат, аларды, Мисирге алаамат түшкөн күндөгүдөй, коркунуч каптайт, анткени мына, ал күн келе жатат”.
10Кудай-Теңир мындай дейт: “Бабыл падышасы Небухаданасардын колу менен көп элдүү Мисирдин акырына чыгам.
11Аны элдердин арасында эң катаал болгон эли менен ушул жерди кыйратыш үчүн алып келем. Алар Мисирге каршы кылычтарын кындарынан сууруп, жерди өлүккө толтурушат.
12Дарыяларды кургактыкка айландырып, жерди катаал адамдардын колуна берем, жерди жана анда болгондун бардыгын чет жерликтердин колу менен кыйратам. Муну Мен, Теңир, айттым”.
13Кудай-Теңир мындай дейт: “Буркандарды жок кылам, Ноптогу жалган кудайларды талкалайм, мындан ары Мисир жеринен башчы чыкпайт, Мисир жерине коркунуч каптатам.
14Патросту урандыга айлантам, Соанга от жиберем, Нону жазалайм.
15Мисирдин сепили болгон Синге Өзүмдүн каарымды төгөм, Нонун көп сандаган элин жок кылам.
16Мисирге от жиберем. Син титирейт, Но урайт, душмандар Нопко чак түштө кол салышат.
17Абен менен Пи-Бесеттин жаш уландары кылычтан өлүшөт, калгандары туткундалып кетет.
18Мен Такпанкесте Мисирдин моюнтуругун кыйраткандан кийин, ал жерде күн караңгылайт, ал жерде анын күч-кубатынын сыймыгы талкаланат. Аны булут жабат, анын кыздары туткундалып кетет.
19Мен Мисирди ушинтип жазалайм, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”».
20Он биринчи жылдын биринчи айынын жетинчи күнү мага Теңирден сөз болду:
21«Адам уулу! Мен Мисир падышасы фараондун каруу-булчуңун талкаладым. Ал айыгышы үчүн дагы эле таңыла элек, кылыч кармаганга күч алышы үчүн, таңгычтар менен таңыла элек».
22Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен Мисир падышасы фараонго каршымын, анын соо каруу-булчуңун да, сынган каруу-булчуңун да талкалайм, ошондо анын колунан кылычы түшүп калат.
23Мисирликтерди элдердин арасына чачам, жер-жерлерге сапырам.
24Ал эми Бабыл падышасынын каруу-булчуңдарын күчтүү кылам, анын колуна Өзүмдүн кылычымды берем, фараондун каруу-булчуңдарын болсо кыйратам, оор жарадар болгон адам кандай онтосо, ал анын алдында ошондой онтойт.
25Бабыл падышасынын каруу-булчуңдарын чыңдайм, ал эми фараондун каруу-булчуңдары шалдаят. Мен Өзүмдүн кылычымды Бабыл падышасынын колуна бергенде, ал аны Мисир жерине сунганда, Менин Теңир экенимди билишет.
26Мисирликтерди элдердин арасына таратам, жер-жерлерге сапырам, ошондо Менин Теңир экенимди билишет».