1Он биринчи жылдын үчүнчү айынын биринчи күнү мага Теңирден сөз болду:
2«Адам уулу! Мисир падышасы фараонго жана анын элине айт: “Улуулугуң менен сен өзүңдү кимге теңейсиң?
3Ашур Лебанондо бутактары кооз, жалбырактары көлөкөлүү, бийик кедр болчу. Анын чокусу булуттар арасында эле.
4Аны суулар өстүрдү, туңгуюк жогору көтөрдү; анын дарыялары көчөттөрүнүн айланасында акчу, ал өзүнүн агымдарын бүт талаа дарактарына жиберип турчу.
5Ал өскөндө, бийиктиги бүт талаа дарактарынан бийик болду, суу көп болгондуктан, бутактары жыш болду, шактары калың болду, бутактары узарды.
6Анын бутактарына ар кандай асман канаттуулары уя салышты, анын бутактарынын астында талаа жырткычтары төлдөштү, анын көлөкөсүнүн астында ар кандай көп сандаган элдер жашашты.
7Ал өзүнүн бийиктиги, бутактарынын узундугу менен көрктүү болду, анткени анын тамыры чоң суулардын жанында эле.
8Кудайдын багындагы кедрлер ага көлөкө түшүргөн жок. Кызыл карагайлар анын бутактарына да тең келе албады, чынарлар анын шактарына да тең келе албады, өзүнүн кооздугу менен Кудайдын багындагы бир да дарак ага тең келе албады.
9Мен аны бутактарынын көптүгү менен кооз кылдым, Кудайдын багындагы бардык Эйден дарактары ага көз артышчу”.
10Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Ал бийик болуп өстү, чокусу булуттар арасына жетти, өзүнүн бийиктиги менен жүрөгү да көтөрүлдү.
11Ошон үчүн Мен аны элдердин эң күчтүүсүнүн колуна бердим. Ал ага анын иштерине жараша мамиле кылды. Мен аны мыйзамсыздыгы үчүн кууп чыктым.
12Элдердин ичинен эң каардуу болгон чет жерликтер аны кыйып, таштап салышты. Анын шактары тоолорго жана бүт өрөөндөргө түштү. Бутактары жердин бардык кокту-колотторунда талкаланып калды, анын көлөкөсүнүн астында жашаган элдердин баары аны таштап кетип калышты.
13Анын сынган бутактарынын арасына ар түркүн асман канаттуулары уя салышты, анын шактарына ар кандай талаа жырткычтары жайгашты.
14Суу жээгиндеги бир да дарак өзүнүн бийиктиги менен менменсинбеши үчүн, чокуларын булуттар арасына жеткирбеши үчүн, суу ичкендердин баары анын бийиктигин көрүп, анын артынан көтөрүлбөшү үчүн ушундай болду. Анткени булардын баары өлүм жазасына тартылып, көргө кирген адамдар менен бирге өлгөндөр жаткан жайга кетишет”.
15Кудай-Теңир мындай дейт: “Ал өлгөндөр жаткан жайга кирген күнү Мен ал үчүн аза күттүм, ал үчүн туңгуюкту жаптым, анын дарыяларын токтоттум, чоң сууларды тостум, ал үчүн Мен Лебанонду кайгыга салдым, ал үчүн бүт талаа дарактары кайгыга батты.
16Ал кулаганда чыккан дабыш менен Мен элдерди титиреттим, аны көрдөгүлөргө коштум, өлгөндөр жаткан жайга түшүрдүм. Ошондо өлгөндөр жаткан жайдагы Эйден дарактарынын баары, Лебанондун тандамал, эң кооз дарактарынын баары, суу ичкендердин баары сооронушту.
17Анткени булар да, элдердин ичинен анын көлөкөсүнүн астында жашаган шериктештери да аны менен кошо өлгөндөр жаткан жайга, кылычтан өлгөндөрдүн жанына түшүштү.
18Ошентип, сен өзүңдүн даңкың жана бийиктигиң менен Эйден дарактарынын кайсынысына тең келе алдың? Бирок эми сен Эйден дарактары менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүрүлөсүң, кылычтан өлгөндөр менен кошо сүннөткө отургузулбагандардын арасына жатасың. Булар – фараон жана анын көптөгөн эли”», – дейт Кудай-Теңир.