Жезекиел 32:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Он экинчи жылдын он экинчи айынын биринчи күнү мага Теңирден сөз болду:

2«Адам уулу! Мисир падышасы фараон үчүн ыйла, ага айт: “Сен элдердин арасында жаш арстандайсың, сен деңизде жашаган коркунучтуу жаныбарга окшоп, өзүңдүн дарыяларыңдын ичинде атырыласың, сууларды буттарың менен козгойсуң, анын агын сууларын ылайлатасың”.

3Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен сага көп элдердин жыйыны менен Өз торумду салам, алар сени Менин торум менен алып чыгышат.

4Анан сени жерге ыргытам, сени ачык талаага таштайм, ошондо сага ар кыл асман канаттуулары конот, жердин бүт жырткычтары сени жеп тоюшат.

5Сенин этиңди тоолорго чачам, өрөөндөрдү сенин өлүктөрүңө толтурам.

6Өзүң ичинде сүзүп жүргөн жерди тоолорго чейин сенин каның менен сугарам. Чуңкурлар да сени менен толот.

7Сен өчкөндөн кийин, асманды жабам, анын жылдыздарын түнөртөм, күндү булут менен жабам, ай да өзүнүн жарыгын бербей калат.

8Асманда жарык берип турган бардык чырактарды сенин үстүңө түнөртөм, сенин жериңе караңгылык каптатам, – дейт Кудай-Теңир.

9Сен билбеген жерлерге, элдердин арасына сенин кулашың жөнүндө сөз таратып, көп элдердин жүрөгүн кайгыга батырам.

10Сен аркылуу көптөгөн элдерди коркутам, Мен алардын алдында кылычымды шилтегенде, сен жөнүндө угуп, алардын падышаларынын жүрөктөрүн коркунуч басып солк этет, сен кыйраган күнү бардыгы өз жандары үчүн көз ирмем сайын титиреп турат”.

11Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: “Бабыл падышасынын кылычы сага каршы келет.

12Сенин элиң күчтүүлөрдүн кылычынан өлөт. Алардын бардыгы – элдердин эң катаалы, алар Мисирдин сыймыгын жок кылышат, анын сансыз эли кырылат.

13Анын чоң суулардын жээгиндеги бүт малын кырам, ошондон кийин аларды адам буту ылайлатпайт, аларды мал туягы да ылайлатпайт.

14Ошондо алардын сууларына тынчтык берем, алардын дарыяларын май аккандай кылам, – дейт Кудай-Теңир.

15Мен Мисир жерин чөлгө айландырганда, ал жер өзүн толтуруп тургандын баарынан ажыраганда, ал жерде жашагандардын баарын кырганымда, Менин Теңир экенимди билишет.

16Бул – ырдала турган кайгылуу ыр. Аны элдердин кыздары ырдашат. Ал ырда Мисир жөнүндө, анын көп сандаган эли жөнүндө ырдашат”», – дейт Кудай-Теңир.

17Он экинчи жылдын он экинчи айынын он бешинчи күнү мага Теңирден сөз болду:

18«Адам уулу! Мисир элин жоктоп ыйла, көргө киргендер менен кошо аны жана күчтүү элдердин кыздарын өлгөндөр жаткан жайга түшүр.

19Сен кимден артыксың? Түш, сүннөткө отургузулбагандар менен жат!

20Алар кылычтан өлгөндөрдүн арасына кулашат; ал кылычка берилди; аны да, анын көп сандаган элин да тартып кеткиле.

21Эр жүрөктөрдүн эң күчтүүлөрү өлгөндөр жаткан жайда ал жөнүндө жана анын шериктештери жөнүндө: “Алар төмөн түшүштү, кылычтан өлгөн бул сүннөтсүздөр ошол жерге жатышты”, – дешет.

22Ашур жана анын сансыз аскери ошол жерде, алардын мүрзөлөрү өздөрүнүн тегерегинде; бардыгы өлүшкөн, кылычтан кулашкан.

23Анын мүрзөлөрү өлгөндөр жаткан жайдын эң түпкүрүнө коюлган, анын аскерлери өздөрүнүн мүрзөлөрүнүн тегерегинде; бардыгы өлүшкөн, кылычтан кулашкан; жер үстүндөгү тирүүлөргө коркунуч каптаткандар – ошолор.

24Эйлам өзүнүн сансыз аскери менен ошол жерде, өз күмбөзүнүн тегерегинде; алардын бардыгы – өлтүрүлгөндөр, кылычтан кулагандар, сүннөткө отургузулбаган бойдон өлгөндөр жаткан жайга түшкөндөр, тирүүлөр жашаган жерде коркунуч каптатып, өздөрүнүн маскаралыгын көргө киргендер менен кошо ала кеткендер.

25Өлгөндөрдүн жайынан ага жана анын бүт аскерине жатар жай беришти. Мүрзөлөрү өзүнүн тегерегинде; алардын бардыгы – сүннөткө отургузулбагандар, кылычтан кырылгандар. Анткени алар жер үстүндөгү тирүүлөргө коркунуч каптатышкан, көргө киргендер менен кошо өздөрүнүн маскаралыгын ала кетишкен. Ал өлтүрүлгөндөрдүн арасына коюлган.

26Мешех менен Тубал өздөрүнүн бүт аскери менен ошол жерде. Алардын мүрзөлөрү өздөрүнүн тегерегинде; алардын бардыгы – сүннөткө отургузулбагандар, кылычтан кырылгандар, анткени алар жер үстүндөгү тирүүлөргө коркунуч каптатышкан.

27Алар сүннөтсүздөрдүн өлгөн күчтүүлөрү менен бирге жатышпайт. Ал күчтүүлөр өздөрүнүн согуштук курал-жарактары менен өлгөндөр жаткан жайга түшүп, кылычтарын баштарына коюшкан. Алардын мыйзамсыздыгы өздөрүнүн сөөктөрүнүн үстүндө, анткени алар күчтүүлөр катары жер үстүндөгү тирүүлөргө коркунуч каптатышкан.

28Сен да сүннөткө отургузулбагандардын арасында кыйратыласың, кылычтан кырылгандар менен бирге жатасың.

29Эдом, анын падышалары жана бүт төрөлөрү ошол жерде, алар күчтүү болушса да, кылычтан кырылгандардын арасына коюлган, алар сүннөткө отургузулбагандар менен, көргө киргендер менен бирге жатышат.

30Түндүк төрөлөрүнүн баары, бүт сидондуктар ошол жерде. Ал жерге алар өлтүрүлгөндөр менен бирге түшүшкөн, өздөрүнүн күчү менен коркунуч каптатып, маскара болушкан. Алар сүннөткө отургузулбагандар менен, кылычтан өлгөндөр менен бирге жатышат, алар көргө киргендер менен бирге өздөрүнүн маскаралыгын ала кетишкен.

31Фараон аларды көрүп, өзүнүн сансыз аскери жөнүндө сооронот. Кылычтан өлгөн фараон жана анын бүт аскери сооронот, – дейт Кудай-Теңир.

32Анткени Мен тирүүлөр жашаган жерге коркунуч каптатам, фараон жана анын сансыз аскери кылычтан өлгөндөр менен бирге сүннөткө отургузулбагандардын арасына коюлат», – дейт Кудай-Теңир.

>