Жезекиел 33:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Анан мага Теңирден сөз болду:

2«Адам уулу! Өз элиңдин уулдарына сүйлө, аларга мындай де: “Эгер Мен кайсы бир жерге кылыч каптатсам, ошол жердин эли өзүнүн арасынан бир адамды алып, аны өздөрүнө сакчы кылып койсо,

3ал адам ошол жерге каршы келе жаткан кылычты көрүп, сурнай тартып, өз элин эскертсе,

4ким сурнай үнүн угуп, бирок өзүн сактабаса, анда кылыч келип, аны колго түшүрөт, анын каны өз мойнунда болот.

5Ал сурнай үнүн уккан, бирок өзүн сактаган эмес, анын каны өз мойнунда болот. Өзүн сактаган адам өз өмүрүн сактап калат.

6Эгерде сакчы кылычтын келе жатканын көрүп сурнай тартпаса, эл эскертилбесе, кылыч келип, алардын бир кишисинин жанын алса, анда анын жаны өз күнөөсү үчүн алынды, бирок анын канынын кунун сакчыга төлөтөм”.

7Сени да, адам уулу, Мен Ысрайылга сакчы койдум, сен Менин оозумдан чыккан сөздү угуп, аларды Менин атымдан эскертесиң.

8Мен мыйзамсызга: “Мыйзамсыз! Сен өлөсүң”, – деп айтканда, сен мыйзамсызды өзүнүн жолунан сакташ үчүн эч нерсе айтпасаң, анда ал мыйзамсыз киши өз күнөөсү үчүн өлөт, бирок анын канын сага төлөтөм.

9Эгерде сен жолунан бурулуу жөнүндө айтып, мыйзамсызга эскертсең, бирок ал өзүнүн жолунан бурулбаса, анда ал өз күнөөсү үчүн өлөт, сен болсо өз жаныңды сактап калдың.

10Сен, адам уулу, Ысрайылга айт: Силер: “Биздин кылмыштарыбыз жана күнөөлөрүбүз өз мойнубузда, биз алардан чирип бара жатабыз: эми биз кантип жашайбыз?” – дейсиңер.

11Аларга айт: “Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – Мен күнөөкөрдүн өлүмүн каалабайм, тескерисинче, Мен күнөөкөрдүн өз жолунан бурулуп, тирүү калышын каалайм. Бурулгула, өзүңөрдүн жаман жолуңардан бурулгула. Ысрайыл эли, силерге өлүмдүн эмне кереги бар?”

12Сен, адам уулу, өз элиңдин уулдарына айт: “Кылмыш кылган күнү адил адамды өзүнүн адилдиги сактап калбайт, мыйзамсыз адам өз мыйзамсыздыгынан бурулган күнү мыйзамсыздыгы үчүн өлбөйт, ошол сыяктуу эле адил адам да күнөө кылган күнү өзүнүн адилдиги үчүн тирүү калбайт”.

13Мен адил адам жөнүндө: “Ал тирүү болот”, – деп айткандан кийин, ал өзүнүн адилдигине ишенип, адилетсиздик кылса, анда анын адилет иштеринин эч бири эске алынбайт, ал өзү кылган адилетсиздиги үчүн өлөт.

14Ал эми мыйзамсыз адамга: “Сен өлөсүң”, – деп айткандан кийин, ал өз күнөөлөрүнөн бурулуп, акыйкаттык жана адилеттик боюнча иш кылса:

15эгерде бул мыйзамсыз адам күрөөгө алганын кайтарып берсе, уурдаганын төлөп берсе, эч кандай жаман иштерди жасабай, өмүрдүн мыйзамдары менен жүрсө, анда ал өлбөйт, тирүү болот.

16Анын эч бир күнөөсү эске алынбайт. Ал акыйкаттык жана адилеттик боюнча иш кыла баштады, тирүү болот.

17Сенин элиңдин уулдары: “Теңирдин жолу туура эмес”, – деп жатышат, бирок өздөрүнүн жолу туура эмес.

18Эгерде адил адам өзүнүн адилдигинен баш тартып, мыйзамсыздык кыла баштаса, ал ошол үчүн өлөт.

19Эгерде мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгынан баш тартып, акыйкаттык жана адилеттик боюнча иш кыла баштаса, ал ошол үчүн тирүү болот.

20Бирок силер: “Теңирдин жолу туура эмес!” – деп жатасыңар. Ысрайыл эли, Мен силердин ар бириңерди өз жолдоруңарга жараша соттойм».

21Биздин туткундалып кеткенибизге он эки жыл, он ай, беш күн болгондо, Иерусалимден качып кутулган бир адам мага келип: «Шаар кыйратылды!» – деди.

22Бирок качып кутулган адам келгенге чейин эле, кечинде Теңирдин колу менин үстүмдө болгон, ал адам мага келердин алдында, эртең менен Теңир менин оозумду ачты. Менин оозум ачылып, ошондон кийин кайра сүйлөй баштадым.

23Анан мага Теңирден сөз болду:

24«Адам уулу! Ысрайыл жериндеги урандыга айланган жерлерде жашаган адамдар: “Ыбрайым жалгыз болчу, ал ушул жерди ээликке алган. Биз болсо көппүз, ошондуктан бизге ушул жер ээликке берилди”, – деп жатышат.

25Ошондуктан аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер этти каны менен кошо жеп жатасыңар, көзүңөрдү өзүңөрдүн жасалма кудайларыңарга көтөрүп жатасыңар жана кан төгүп жатасыңар, анан жерди ээлегиңер барбы?

26Силер өзүңөрдүн кылычыңарга таянып жатасыңар, жийиркеничтүү иштерди жасап жатасыңар, бири-бириңердин аялдарыңарды булгап жатасыңар, анан жерди ээлегиңер барбы?”

27Аларга мындай деп айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен тирүүмүн! Урандыга айланган жерлерде жашагандар кылычтан кырылышат. Ачык талаада жашагандарды жырткычтарга жем кылам. Ал эми чептерде жана үңкүрлөрдө жашагандар жугуштуу оорудан өлүшөт”.

28Жерди урандыга жана чөлгө айлантам, анын күчүнүн текебердиги жок болот, Ысрайыл тоолору ээн калат, ал жерден эч ким өтпөй калат.

29Алардын бардык жийиркеничтери үчүн жерди урандыга жана чөлгө айландырганымда, Менин Теңир экенимди билишет.

30Адам уулу, сен жөнүндө өз элиңдин уулдары дубалдардын жанында, эшиктеринин алдында сүйлөшүп жатышат, бири-бирине, ар бири өз бир тууганына: “Жүргүлө, Теңирден кандай сөз чыкканын угалы”, – деп жатышат.

31Алар сага элдик жыйынга келгенсип келип жатышат; Менин элим сенин бет алдыңда отуруп алып, сенин сөздөрүңдү угуп жатат, бирок аларды аткарбайт, анткени алар ооздору менен жалган убада беришет, жүрөктөрү болсо өздөрүнүн керт башынын кызыкчылыгын ойлойт.

32Сен алар үчүн үнү мукам күү аспапта жакшы ойногон, сүйүү ырларын ырдаган ырчыдайсың. Алар сенин сөздөрүңдү угуп жатышат, бирок аларды аткарышкан жок.

33Бирок ал жүзөгө ашканда, мына, ал азыр эле жүзөгө ашып жатат, алар өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишет».

>