1Анан мага Теңирден сөз болду:
2«Адам уулу! Ысрайылдын кайтаруучуларына пайгамбарчылык кыл, пайгамбарчылык кылып, аларга, кайтаруучуларга, айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Өздөрүн өздөрү кайтарган Ысрайылдын кайтаруучуларына кайгы! Кайтаруучулар койлорду кайтарышы керек эмеспи?
3Силер май жейсиңер, жүндөн кийим киесиңер, семиз койлорду соёсуңар, бирок койлорду кайтарбай жатасыңар.
4Алсыздарга күч берген жоксуңар, оорулууну дарылаган жоксуңар, жаралууну таңган жоксуңар, адашканды кайрып келген жоксуңар, жоголгонду издеген жоксуңар, аларды зордук менен, катаалдык менен башкардыңар.
5Алар кайтаруучусу жок болгондуктан, туш-тушка чачырап кетишти, бардык талаа жырткычтарына жем болушту.
6Менин койлорум ар кайсы тоолордо, ар кайсы бийик адырларда адашып жүрөт, Менин койлорум бүт жер жүзүндө жүрөт, аларды сураштырган эч ким жок, аларды издеген эч ким жок.
7Ошондуктан, кайтаруучулар, Теңирдин сөзүн уккула.
8Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир. – Кайтаруучусу жок болгондуктан, Менин койлорумду талап-тоноп кетишти, Менин койлорум ар кандай талаа жырткычтарына жем болду. Кайтаруучулар Менин койлорумду издешкен жок, кайтаруучулар өздөрүн өздөрү кайтарышты, ал эми Менин койлорумду кайтарышкан жок.
9Ошон үчүн, кайтаруучулар, Теңирдин сөзүн уккула”.
10Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен кайтаруучуларга каршымын, Өзүмдүн койлорумду алардын колдорунан төлөтүп алам, мындан кийин аларга койлорду кайтартпайм, мындан кийин кайтаруучулар өздөрүн өздөрү кайтарышпайт, Өзүмдүн койлорумду алардын оозунан куткарып алам, ошондон кийин алар кайтаруучуларга жем болушпайт”.
11Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Өзүмдүн койлорумду Өзүм издеп табам, аларды карап чыгам.
12Чачырап кеткен койлорунун арасында болгон күнү кайтаруучу койлорун кандай текшерсе, Мен да Өз койлорумду ошондой карап чыгам, булут жана туман каптаган күнү кайсы жерлерге чачылып кетишсе, ошол жерлерден аларды куткарып алам.
13Аларды элдердин арасынан алып чыгам, аларды ар кайсы өлкөлөрдөн чогултам, аларды өз жерине алып келем, аларды Ысрайыл тоолорунда, агын суулардын жээгинде жана ушул жердин эл жашаган бардык жерлеринде кайтарам.
14Аларды жакшы жайытка жаям, алардын кашаасы Ысрайылдын бийик тоолорунда болот. Алар ошол жерде, жакшы кашаада эс алышат, Ысрайыл тоолорундагы оттуу жайыттарда оттошот.
15Өз койлорумду Мен Өзүм кайтарам, аларды Өзүм жуушатам, – дейт Кудай-Теңир.
16Жоголгонду издеп табам, адашканды кайрып келем, жарадарын таңам, оорулуусуна күч берем, ал эми семирип кеткенин жана баш бербегенин жок кылам, аларды адилеттик менен кайтарам.
17Кудай-Теңир мындай дейт: Менин койлорум, силерди Мен соттойм. Кой менен койдун ортосунда, кочкор менен текенин ортосунда сот Мен болом.
18Жакшы жайытта оттоп жүргөнүңөр аздык кылгансып, жайыттардан калганды бутуңар менен тепсейсиңер, тунук суу ичесиңер, калганын бутуңар менен ылайлатасыңар.
19Менин койлорум болсо силер бутуңар менен тепсеген жерден оттоп, бутуңар менен ылайлаткан суудан ичиши керекпи?”
20Ошондуктан Кудай-Теңир аларга мындай дейт: “Семиз кой менен арык койдун ортосунда Мен Өзүм сот болом.
21Силер алсыздардын баарын капталыңар жана ийиниңер менен түртүп жатасыңар, аларды мүйүзүңөр менен сыртка сүрүп чыгарганга чейин сүзгүлөп жатасыңар.
22Ошондуктан Мен Өз койлорумду куткарам, ошондон кийин аларды талап-тоношпойт, кой менен койдун ортосунда сот жүргүзөм.
23Алардын үстүнө бир Кайтаруучу коём, аларды кайтарганга Өз кулум Дөөттү коём. Аларды Ошол кайтарат, алардын кайтаруучусу Ошол болот.
24Мен, Теңир, алардын Кудайы болом, Менин кулум Дөөт алардын арасында төрө болот. Муну Мен, Теңир, айттым.
25Алар менен тынчтык келишимин түзөм, ал жерден катаал жырткычтарды жок кылам, ошондо Менин койлорум талаада коопсуз жашашат, токойлордо укташат.
26Мен аларга жана Өзүмдүн адырымдын тегерегиндеги жерлерге батамды берем, жамгырды өз убагында жаадырам, ал батанын жамгыры болот.
27Талаа дарагы өз мөмөсүн берет, жер өз түшүмүн берет. Алар өз жеринде коопсуз болушат. Мен алардын моюнтуругунун доголорун сындырганда, аларды кулга айландыруучулардын колунан бошоткондо, Менин Теңир экенимди билишет.
28Ошондон кийин алар башка элдерге олжо болушпайт, аларды талаа жырткычтары жебейт. Алар коопсуздукта жашашат, аларды эч ким коркутпайт.
29Алардын жеринде сонун бак-дарактарды өстүрөм, ошондон кийин алар жерде ачарчылыктан өлүшпөйт, башка элдерге шылдың болушпайт.
30Ошондо Мен алардын Кудай-Теңири экенимди, Мен алар менен экенимди, Ысрайыл эли Менин элим экенин билишет, – дейт Кудай-Теңир.
31Силер Менин койлорумсуңар, Менин жайытымдын койлорусуңар. Силер адамдарсыңар, Мен болсо силердин Кудайыңармын”», – дейт Кудай-Теңир.