Жезекиел 36:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Сен, адам уулу, Ысрайыл тоолоруна пайгамбарчылык кыл: Ысрайыл тоолору! Теңирдин сөзүн уккула.

2Кудай-Теңир мындай дейт: “Душман силер жөнүндө: «И-и! И-и! Түбөлүк тоолор биздин энчибизге тийди», – деп жатышат”.

3Ошон үчүн пайгамбарчылык кылып айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер башка элдердин энчиси болуп калышыңар үчүн, адамдарга жаманатты, ушак болушуңар үчүн, душмандар силерди кыйратып, туш-туштан жеп-жутушту.

4Мына ошон үчүн, ошон үчүн гана, Ысрайыл тоолору, Кудай-Теңирдин сөзүнө кулак салгыла”. Тегерек-четтеги башка элдердин шылдыңына калып, олжосуна айланган тоолорго, адырларга, дарыяларга, өрөөндөргө, кыйратылган, таланып-тонолгон, ээн калган шаарларга Кудай-Теңир мындай дейт:

5Ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: “Менин жеримди өзүнө кубанып энчи кылып алган, аны ичинен жек көрүп, өзүнө олжо кылып алган башка элдерге каршы, бүт Эдомго каршы Мен Өзүмдүн кызганычымдын оту менен сүйлөдүм”.

6Ошондуктан Ысрайыл жери жөнүндө пайгамбарчылык кыл, тоолорго жана адырларга, дарыяларга жана өрөөндөргө мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен бул сөздү кызганычым менен, Өзүмдүн каарым менен айттым, анткени силер элдердин шылдыңын көтөрүп жатасыңар”.

7Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Өз колумду көтөрүп, тегерегиңердеги элдердин шылдыңы өздөрүнүн башына келет деп ант бердим.

8Силер болсо, Ысрайыл тоолору, бутагыңарды жаясыңар, Менин элим Ысрайылга мөмө бересиңер, анткени алар жакында келишет.

9Анткени мына, Мен силерге кайрылам, силер иштетилесиңер, силерге үрөн себилет.

10Силердин үстүңөргө көп сандаган элди, бүт Ысрайыл элин, жайгаштырам, шаарларга эл отурукташат, урандылар тургузулат.

11Силердин үстүңөрдө адамдарды жана малды көбөйтөм, алар тукумдап көбөйүшөт, силерге мурунку убактагыдай жайгаштырам, силерге мурунку убактагыга караганда көбүрөөк ырайым көрсөтөм, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.

12Силердин үстүңөргө адамдарды, Өзүмдүн элим Ысрайылды алып келем, алар сени ээлешет! Сен алардын мурасы болосуң, мындан ары аларды балдарынан ажыратпайсың”.

13Кудай-Теңир мындай дейт: “Сага: «Сен адамдарды жеген, өз элиңди баласыз калтырган жерсиң», – деп айтышканы үчүн,

14сен мындан ары адамдарды жебейсиң, мындан ары өз элиңди балдарынан ажыратпайсың, – дейт Кудай-Теңир.

15Мындан ары элдерден шылдың укпайсың, мындан ары уруулардан кордук көрбөйсүң, мындан ары өз элиңди мүдүрүлтпөйсүң”», – дейт Кудай-Теңир.

16Анан мага Теңирден сөз болду:

17«Адам уулу! Ысрайыл өз жеринде жашап турганда, ал жерди ал өзүнүн жүрүш-турушу менен, өзүнүн иштери менен булгады. Алардын жолу Менин алдымда аялдын тазаланып жаткан убагындагы таза эместигиндей эле.

18Мен аларга Өз каарымды төктүм, анткени алар бул жерге кан төгүштү, бул жерди өздөрүнүн жасалма кудайлары менен булгашты.

19Мен аларды элдердин арасына чачып жибердим, Мен аларды жер-жерлерге сапырдым. Мен аларды өздөрүнүн жолдоруна жана иштерине жараша жазаладым.

20Алар элдердин арасына барганда, Менин ыйык ысымымды булгашты, анткени алар жөнүндө: “Булар – Теңирдин эли, Анын жеринен чыгышты”, – деп айтып жатышат.

21Ошондо Мен Ысрайыл барган жерлердеги элдердин арасында булганган Өзүмдүн ыйык ысымымды аядым.

22Ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл, Мен муну силер үчүн эмес, силер элдердин арасына барганда булгаган Өзүмдүн ыйык ысымым үчүн кылам.

23Силер элдердин арасында булгаган, элдердин арасында даңктабаган Өзүмдүн улуу ысымымды ыйык кылам, элдердин көз алдында силерге Өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөтөм, ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет, – дейт Кудай-Теңир.

24Силерди элдердин арасынан алып чыгам, бардык өлкөлөрдөн жыйнайм, силерди өз жериңерге алып келем.

25Yстүңөргө таза суу чачам, ошондо силер таза болосуңар, силерди бардык таза эмес нерселериңерден жана бардык жасалма кудайларыңардан тазалайм.

26Силерге жаңы жүрөк берем, ичиңерге жаңы рух салам. Силердин денеңерден таш жүрөктү алып салып, эт жүрөк берем.

27Силердин ичиңерге Өз рухумду салам, силерди Менин мыйзамдарым менен жүргүдөй, Менин буйруктарымды сактагыдай жана аткаргыдай кылам.

28Ошондо Мен силердин ата-бабаларыңарга берген жерде жашайсыңар, Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом.

29Силерди бардык таза эмес нерселериңерден бошотом, дан өсүмдүктөрүн өстүрөм, аларды мол кылам, силерде ачкачылык болбойт.

30Бак-дарактардын мөмөлөрүн, дан өсүмдүктөрүн мол кылам, мындан ары ачкачылыктын айынан элдерге шылдың болбойсуңар.

31Ошондо өзүңөрдүн жаман жолдоруңарды, кыянат иштериңерди эсиңерге түшүрөсүңөр, силер өзүңөрдүн мыйзамсыздыгыңар үчүн, ыпылас иштериңер үчүн өзүңөрдөн жийиркенесиңер.

32Билип койгула, муну Мен силер үчүн жасабайм, – дейт Кудай-Теңир. – Ысрайыл эли, өзүңөрдүн жолдоруңардан уялгыла, кызаргыла”.

33Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силерди бардык мыйзамсыздыгыңардан тазалаган күнү шаарларыңарга эл отурукташтырам, урандылар кайра тургузулат.

34Нары-бери өткөн адамдын көзүнө чөл болуп көрүнгөн, ээн калган жерлер иштетилет.

35Ошондо: «Бул ээн калган жер Эйден багындай болуп калды, бул кыйратылган, ээн калган, таланып-тонолгон шаарлар бекемделди, ага эл отурукташты», – деп айтышат.

36Ошондо силердин тегерегиңерде калган элдер Менин уратылганды кайра тургузган, ээн калган жерди элдүү кылган Теңир экенимди билишет. Мен Теңирмин, Мен айтканымды кылам”.

37Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Ысрайылга дагы мындай ырайым кылам: анын адамдарын короо-короо койлордой көп кылам.

38Майрам убагында Иерусалимде курмандыкка чалынуучу койлор кандай көп болсо, ээн калган шаарларда да эл ошондой көп болот, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”».

>