Жезекиел 37:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Теңирдин колу менин үстүмдө эле, Теңир мени руху менен алып чыгып, талаанын ортосуна койду, ал талаа сөөккө толгон эле.

2Ал мени алардын үстүнөн, алардын жанынан тегерете алып өттү. Талаанын бетинде сөөк өтө көп экен, алар абдан кургак экен.

3Анан Ал мага: «Адам уулу! Бул сөөктөр тирилеби?» – деди. Мен Ага: «Кудай-Теңир! Аны Сен билесиң», – дедим.

4Ал мага: «Бул сөөктөргө мындай деп пайгамбарчылык кыл: “Кургак сөөктөр! Теңирдин сөзүн уккула!”

5Бул сөөктөргө Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силерге рух киргизем, ошондо силер тирилесиңер.

6Силерге тарамыш берем, силердин үстүңөргө эт өстүрөм, силерди тери менен каптайм, силердин ичиңерге рух киргизем, ошондо тирилесиңер жана Менин Теңир экенимди билесиңер”».

7Мага кандай буйрулса, мен ошондой пайгамбарчылык кылдым. Мен пайгамбарчылык кылып жатканда, бир дабыш чыкты, сөөктөр кыймылга келип, бири-бирине жакындай баштады, сөөктөр өзүнүн сөөгүнө жакындай баштады.

8Мен алардын үстүндөгү тарамыштарды көрдүм, аларга эт бүттү, алардын үстүн тери каптады, бирок алардын ичинде рух жок эле.

9Ошондо Ал мага: «Адам уулу, рухка пайгамбарчылык кыл, ага мындай деп пайгамбарчылык кыл: Кудай-Теңир мындай дейт: “Рух, төрт тараптан кел, өлтүрүлгөн ушул адамдардын үстүнө үйлө, ошондо алар тирилишет”», – деди.

10Ал мага кандай буйруса, мен ошондой пайгамбарчылык кылдым, ошондо алардын ичине рух кирди, алар тирилип, буттарына турушту, алар өтө чоң, сан жеткис аскерлер эле.

11Теңир мага мындай деди: «Адам уулу! Бул сөөктөр – бүт Ысрайыл. Алар: “Биздин сөөгүбүз куурап калды, үмүтүбүз жок болду, биз түп-тамырыбыз менен жулундук”, – деп жатышат.

12Ошондуктан пайгамбарчылык кылып, аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мына, Мен силердин мүрзөлөрүңөрдү ачып, мүрзөлөрүңөрдөн алып чыгам, Менин элим. Анан силерди Ысрайыл жерине алып келем.

13Мүрзөлөрүңөрдү ачып, силерди мүрзөлөрүңөрдөн алып чыкканда, Менин элим, Менин Теңир экенимди билесиңер.

14Силердин ичиңерге Өзүмдүн рухумду салам, ошондо силер тирилесиңер, анан силерди өз жериңерге жайгаштырам, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер, айтканымды кылам», – дейт Кудай-Теңир.

15Анан мага Теңирден сөз болду:

16«Адам уулу, сен өзүңө бир таяк алып, ага: “Жүйүт жана ага бириккен Ысрайыл уулдары”, – деп жаз. Дагы бир таяк алып, ага: “Жусуп”, – деп жаз. Бул – Эпрайымдын жана ага бириккен бүт Ысрайылдын таягы.

17Анан ал эки таякты бири-бирине бириктир, алар сенин колуңда бир таяк болсун.

18Элиңдин уулдары сенден: “Колуңдагы эмне экенин бизге түшүндүрүп бересиңби?” – деп сурашса,

19аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Жусуптун таягын – Эпрайымдын колундагы жана ага кошулган Ысрайыл урууларынын колундагы таякты алып, аны Жүйүттүн таягына кошом, аларды бир таяк кылам, алар Менин колумда бир таяк болот”.

20Сен жазган эки таяк тең алардын көз алдында сенин колуңда болот.

21Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Ысрайыл уулдарын, алар кайсы элдердин арасында жашап жатышса, ошол элдердин арасынан алып чыгам, аларды ар тараптан жыйнап, өз жерине алып келем.

22Ушул жерде, Ысрайыл тоолорунун үстүндө Мен аларды бир эл кылам, алардын баарынын үстүнөн бир Падыша падышачылык кылат, алар мындан ары эки эл болбойт, мындан ары эки падышачылыкка бөлүнбөйт.

23Мындан ары алар өздөрүн жасалма кудайлары менен, жийиркеничтери менен, кылмыштары менен булгашпайт, аларды кайсы жерлерде күнөө кылып жашашса, ошол жерлерден алып чыгам. Аларды тазалайм, ошондо алар Менин элим болушат, Мен алардын Кудайы болом.

24Менин кулум Дөөт болсо алардын үстүнөн Падыша болот, алардын баарына кайтаруучу болот, ошондо алар Менин мыйзамдарым менен жүрүшөт, Менин буйруктарымды сакташат жана аткарышат.

25Алар Өз кулум Жакыпка берген жерде, өздөрүнүн ата-бабалары жашаган жерде жашашат. Алар өздөрү, алардын балдары жана алардын балдарынын балдары ошол жерде түбөлүккө жашашат. Менин кулум Дөөт түбөлүккө алардын төрөсү болот.

26Мен алар менен тынчтык келишимин түзөм, ал түбөлүк келишим болот. Аларды жайгаштырам, аларды көбөйтөм, Өзүмдүн түбөлүк ыйык жайымды алардын ортосуна тургузам.

27Менин турак жайым алардын үстүндө болот, Мен алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат.

28Менин ыйык жайым түбөлүккө алардын ортосунда турганда, элдер Ысрайылды ыйык кылган Теңир Мен экенимди билишет”».

>