1Сен болсо, адам уулу, Гокко каршы мындай деп пайгамбарчылык кыл: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мешех менен Тубалдын башкы төрөсү Гок, Мен сага каршымын!
2Сени буруп келем, сени жетелеп, эң алыскы түндүк жеринен алып чыгып, Ысрайыл тоолоруна алып келем.
3Сол колуңдагы жааңды кагып түшүрөм, оң колуңдагы жебелериңди ыргытам.
4Сен өзүңдүн сансыз аскериң менен, жаныңдагы элдер менен Ысрайыл тоолорунда өлөсүң. Сени ар түрдүү жырткыч канаттууларга жана талаа жырткычтарына жем кылам.
5Сен ачык талаада өлөсүң, анткени муну Мен айттым, – дейт Кудай-Теңир.
6Магокко жана аралдарда бейкапар жашап жаткандарга от жиберем, ошондо Менин Теңир экенимди билишет.
7Өзүмдүн элим Ысрайылдын ичинде Өзүмдүн ыйык ысымымды таанытам, мындан ары Өзүмдүн ыйык ысымымдын булгануусуна жол бербейм, ошондо элдер Ысрайылдын ыйык Теңири Мен экенимди билишет”.
8“Бул күн келет, ордунан чыгат, – дейт Кудай-Теңир, – бул күн – Мен айткан күн.
9Ошол күнү Ысрайыл шаарларынын тургундары чыгып, курал-жарактар менен от жагышат: калкандар жана сооттор менен, жаалар жана жебелер менен, найзалар жана чокморлор менен от жагышат. Булар менен жети жыл от жагышат.
10Талаадан отун ташышпайт, токойдон жыгач кыйышпайт, анткени жалаң курал-жарактар менен от жагышат. Өздөрүн карактагандарды каракташат, өздөрүн талап-тоногондорду талап-тоношот, – дейт Кудай-Теңир.
11Ошол күнү мындай болот: Ысрайыл жеринде, деңиздин чыгыш жагында жаткан жолоочулардын өрөөнүндө Гокко бейит үчүн жер берем, ал бейит жолоочулардын жолун тосуп калат. Ал жерге Гокту жана анын сансыз аскерин көмүшөт, ошентип, аны Амон-Гок өрөөнү деп аташат.
12Жерди тазалаш үчүн, Ысрайыл аларды жети ай бою көмөт.
13Аларды ал жердин бардык эли көмөт. Мен Өзүмдү даңктаган күн алар үчүн даңктуу күн болот, – дейт Кудай-Теңир.
14Жер бетин көмүлбөй калгандардан тазалаш үчүн, аларды жолоочулардын жардамы менен көмүү үчүн, жерди карап чыгууга туруктуу кишилерди дайындашат. Алар жети ай өткөндөн кийин издей башташат.
15Жерди карап чыгуучулардын ичинен кимдир бирөө ал жерден адамдын сөөгүн көрсө, анын жанына белги коюп коёт. Ал белги сөөк көмүүчүлөр аны Гок өрөөнүнө койгонго чейин турат.
16Ошондуктан шаардын аты Амона деп аталат. Алар жерди ошентип тазалашат”.
17Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен болсо, адам уулу, ар түрдүү канаттууларга жана талаа жырткычтарына айт: Чогулуп келгиле, Менин силер үчүн соё турган курмандыгыма, Ысрайыл тоолорундагы чоң курмандыкка туш-туштан чогулуп келгиле, эт жеп, кан ичесиңер.
18Күчтүү адамдардын этин жейсиңер, жердин төрөлөрүнүн канын ичесиңер. Алардын баары – Башандын бордолгон кочкорлору, козулары, текелери жана букачарлары.
19Менин силер үчүн сойгон курмандыгымдын майынан тойгуча жейсиңер, канынан мас болгуча ичесиңер.
20Менин дасторконумдан аттарга жана чабандестерге, ар кандай күчтүү адамдарга жана аскерлерге тоёсуңар”, – дейт Кудай-Теңир.
21“Ошентип, Мен элдердин арасында Өзүмдүн даңкымды көрсөтөм, бардык элдер Менин жүргүзгөн сотумду, Менин алардын үстүнө койгон колумду көрүшөт.
22Ошол күндөн тартып, мындан ары Ысрайыл эли өздөрүнүн Кудай-Теңири Мен экенимди билет.
23Ошондо элдер Ысрайыл өзүнүн күнөөсү үчүн туткундалып кеткенин билишет. Алар Менин алдымда жүзү каралык кылышканы үчүн, Мен алардан Өз жүзүмдү жашырып, аларды душмандарынын колуна салып бердим, ошондо алардын баары кылычтан кырылышты.
24Мен аларга өздөрүнүн ыпыластыгы менен мыйзамсыздыгына жараша кылып, алардан Өз жүзүмдү жашырдым”.
25Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Жакыптын туткундалып кеткендерин азыр кайрып келем, бүт Ысрайылга ырайым кылам, Өзүмдүн ыйык ысымыма болгон кызганычымды көрсөтөм.
26Алар өздөрүнүн жеринде эч ким коркутпай, коопсуз жашап жатышканда,
27Мен аларды элдердин арасынан кайрып келгенде, аларды өздөрүнүн душмандарынын жеринен жыйнап келгенде, алар аркылуу көп элдердин көз алдында Өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөткөндө, алар өздөрүнүн Менин алдымда кылган кылмыштары менен мыйзамсыздыктарын сезишет.
28Аларды элдердин арасына чачып, кайрадан өз жерине жыйнап келгенде, алар өздөрүнүн Кудай-Теңири Мен экенимди билишет. Ошондон кийин ал жерлерге алардын эч бирин калтырбайм.
29Ошондон кийин Мен Өз жүзүмдү алардан жашырбайм, анткени Мен Өз рухумду Ысрайылга төгөм”», – дейт Кудай-Теңир.