1«Сен, адам уулу, кыш ал, аны өзүңдүн алдыңа кой, анан ага Иерусалим шаарынын сүрөтүн тарт.
2Аны курчоого ал, ага каршы чеп кур, анын тегерегине жал үй, кошуун жайгаштыр, тегерете дубал бузгучтарды кой.
3Темир таба алып, аны өзүң менен шаардын ортосуна темир дубал катары кой, анан шаарга жүзүңдү бур. Ал курчоодо калат, сен аны курчоого ал. Бул Ысрайылга белги болот.
4Сол капталың менен жат, анан анын үстүнө Ысрайылдын мыйзамсыздыгын кой. Сол капталың менен жаткан күндөрдүн санына жараша сен алардын мыйзамсыздыгын көтөрөсүң.
5Мен сага алардын мыйзамсыздык кылган жылдарынын санын күндөрдүн саны менен белгилеп бердим: Ысрайылдын мыйзамсыздыгын сен үч жүз токсон күн көтөрөсүң.
6Муну аткаргандан кийин, кийинки жолу оң капталың менен жат, Жүйүттүн мыйзамсыздыгын кырк күн көтөр, бир күн бир жылга барабар, Мен сага бир күндү бир жылга белгилеп бердим.
7Жүзүңдү жана жылаңач оң колуңду Иерусалим курчоосуна бур, анан ага каршы пайгамбарчылык кыл.
8Мен сага кишен салдым, сенин курчоодо турган күндөрүң бүтмөйүнчө, бир капталыңдан экинчи капталыңа оодарылбайсың.
9Өзүңө буудай, арпа, буурчак, жасмык, таруу жана кара буудай алып, аларды бир идишке салып, алардан капталың менен жаткан күндөрдүн саны боюнча нан жаса. Аларды сен үч жүз токсон күн жейсиң.
10Жей турган тамагыңды таразага тартып, күнүнө жыйырма шекелден же, аны эртеден кечке чейин өз маалы менен же.
11Сууну да өлчөмү менен ич, гиндин алтыдан бир бөлүгүн ич. Эртеден кечке чейин өз убагы менен ушинтип ич.
12Аларды элдин көз алдында арпа нандай кылып адамдын заңына бышырып же».
13Анан Теңир мындай деди: «Ысрайыл уулдары Мен аларды кайсы элдердин арасына кууп жиберсем, ошол элдердин арасында ушинтип таза эмес нан жешет».
14Ошондо мен: «Оо Кудай-Теңирим! Менин жаным эч качан булганган эмес, жаш чагымдан ушул күнгө чейин тарпты да, жырткыч тытып кеткенди да жеген эмесмин. Эч кандай таза эмес эт оозума алган эмесмин», – дедим.
15Ошондо Ал мага: «Мен сага адамдын заңынын ордуна уйдун тезегин уруксат кылам, наныңды ошого бышыр», – деди.
16Анан мага: «Адам уулу! Мен Иерусалимдеги нан булагын кыйратам. Ошондо алар нанды өлчөп, кайгырып жешет, сууну да өлчөп, көңүлдөрү чөгүп ичишет.
17Себеби аларда суу менен нан жетишсиз болот. Алар бири-бирине коркунуч менен карашат, өз мыйзамсыздыгы үчүн соолуп жок болушат, – деди.