1Биздин туткундалып кеткенибизге жыйырма беш жыл болгондо, жылдын башындагы айдын онунчу күнү, шаардын кыйраганына он төрт жыл болгондо, дал ошол күнү Теңирдин колу менин үстүмдө болуп, Ал мени ошол жерге алып барды.
2Ал мени Кудай көргөзгөн көрүнүштө Ысрайыл жерине алып келип, эң бийик тоонун үстүнө койду, анын үстүндө, түштүк жагында шаар имараттарына окшогон имараттар бар эле.
3Ал мени ошол жерге алып келди. Өңү жаркыраган жездей болгон, колунда зыгыр арканы жана ченегич таягы бар бир адамды көрдүм. Ал дарбаза алдында турган экен.
4Ошол адам мага: «Адам уулу! Көзүң менен көр, кулагың менен ук, Мен сага эмнени көрсөтсөм, ошонун баарын дит коюп кара. Анткени сен бул жерге мен сага ушуну көрсөтүшүм үчүн алынып келиндиң. Эмнени көрсөң, ошонун баарын Ысрайылга кабарла», – деди.
5Ийбадаткананы тегерете курчаган дубалды көрдүм, ал адамдын колунда узундугу алты чыканак болгон ченегич таяк бар экен. Бир чыканактын узундугу бир чыканакка бир алаканды кошконго барабар. Ал ушул имаратты ченегенде, анын дубалынын калыңдыгы бир таяк, бийиктиги бир таяк болду.
6Анан ал чыгыш жакты караган дарбазага барып, тепкич менен өйдө чыгып, дарбазанын бир босогосунун туурасын ченегенде бир таяк болду, экинчи босогосунун туурасын ченегенде бир таяк болду.
7Капталдагы ар бир бөлмөнүн узундугун ченегенде бир таяк, туурасын ченегенде бир таяк болду, ал эми бөлмөлөрдүн арасы беш чыканак болду, кире бериш бөлмөнүн дарбазасынын алдындагы дарбазанын босогосу бир таяк болду.
8Ал кире бериш бөлмөнүн алдындагы дарбазаны ченеди, ал бир таяк болду.
9Ал эми кире бериш бөлмөнү ченегенде сегиз чыканак болду, мамылары эки чыканак болду. Бул кире бериш бөлмө ийбадаткана тарапта эле.
10Чыгышты караган дарбазанын алдындагы каптал бөлмөлөрдүн үчөө бир жагында, үчөө экинчи жагында. Ар бир үч бөлмөнүн ченеми бир, тигил капталындагы да, бул капталындагы да мамылардын ченемдери бир.
11Ал адам дарбазанын кире беришинин туурасын ченегенде он чыканак болду, дарбазанын узундугун ченегенде он үч чыканак болду.
12Ал эми бөлмөлөрдүн алдындагы тосмолорду ченегенде бир чыканак, башка тарабындагы тосмону ченегенде бир чыканак болду. Бир капталдагы бөлмөлөр алты чыканак, экинчи капталдагы бөлмөлөр алты чыканак эле.
13Анан ал бир бөлмөнүн чатырынан экинчи бөлмөнүн чатырына чейинки дарбазаны ченеди, эшиктен эшикке чейинки аралык жыйырма беш чыканак болду.
14Ал эми мамыларды ченегенде алтымыш чыканак болду. Дарбаза алдындагы жана короонун жанындагы ар бир мамынын чени ошончо болду.
15Сырткы дарбазадан ички дарбазага чейин элүү чыканак болду.
16Капталдагы бөлмөлөрдүн жана алардын мамыларынын тор терезелери бар эле, дарбазанын ич жагынын, ошондой эле кире бериш бөлмөнүн тегерете терезелери бар эле, мамыларда пальманын сүрөттөрү бар эле.
17Анан ал мени сырткы короого алып келди, ал жерде бөлмөлөр бар экен. Короону тегерете таш секиче жасалыптыр. Ал секичеде отуз бөлмө бар экен.
18Ал секиче дарбазанын узундугуна жараша дарбазанын капталдарында эле. Бул секиче жапызыраак болчу.
19Анан ал төмөнкү дарбазадан ички короонун сырткы четине чейин, туурасын ченегенде жүз чыканак болду – чыгышка жана түндүккө карай.
20Ал түндүктү караган сырткы короонун дарбазасынын узундугун жана туурасын ченеди.
21Анын ичиндеги бир тарабында үчтөн, башка тарабында үчтөн турган бөлмөлөрдү ченеди. Алардын мамылары менен тосмолорунун ченеми мурунку дарбазалардыкындай эле: алардын узуну элүү чыканак, туурасы жыйырма беш чыканак.
22Алардын терезелеринин, тосмолорунун жана пальмаларынын ченеми чыгышты караган дарбазаныкындай эле. Ага жети тепкич аркылуу чыгышат экен, алардын тосмолору бар экен.
23Ички короодо түндүк жана чыгыш дарбазаларына маңдайлаш дарбазалар бар экен. Ал дарбазадан дарбазага чейинки аралыкты ченегенде жүз чыканак болду.
24Анан мени түштүк жагына алып барды, ал жерде түштүк дарбазасы бар экен. Ал мамыларды жана тосмолорду ченегенде, түндүк жана чыгыш дарбазаларынын ченеминдей болду.
25Дарбазалардын жана кире бериштин терезелери тигил терезелердей эле: узундугу элүү чыканак, туурасы жыйырма беш чыканак.
26Аларга чыгуу үчүн жети тепкич бар эле, алардын алдында кире бериш бөлмө бар эле. Бир капталындагы мамыларда да, экинчи капталда турган мамыларда да пальманын сүрөттөрү бар эле.
27Ички короонун түштүктү караган дарбазасы бар эле. Ал дарбазадан түштүк дарбазасына чейин ченегенде жүз чыканак болду.
28Анан ал мени түштүк дарбазасы аркылуу ички короого алып барды. Түштүк дарбазасынын чени тигил дарбазаныкындай эле болду.
29Алардын каптал бөлмөлөрү, мамылары, кире бериш бөлмөлөрү тигилердин эле ченеминдей эле. Алардын мамыларынын, кире бериш бөлмөлөрүнүн тегерете терезелери бар эле. Узундугу элүү чыканак, туурасы жыйырма беш чыканак.
30Тегерегинде кире бериш бөлмөлөр бар болчу, алардын узундугу жыйырма беш чыканак, туурасы беш чыканак.
31Алардын сыртты караган кире бериш бөлмөлөрү бар эле, алардын мамыларында пальманын сүрөттөрү бар эле. Аларга чыга турган сегиз тепкич бар эле.
32Анан ал мени чыгыш дарбазасы аркылуу ички короого алып барды. Ал бул дарбазаларды ченегенде, ченеми тигилердикиндей болду.
33Алардын каптал бөлмөлөрү, мамылары жана кире бериш бөлмөлөрү ошондой ченемде эле: алардын жана алардын кире бериш бөлмөлөрүнүн тегерете терезелери бар эле. Узундугу элүү чыканак, туурасы жыйырма беш чыканак.
34Алардын кире бериш бөлмөлөрү сырткы короону карап турат экен, алардын эки капталындагы мамыларда пальмалардын сүрөттөрү бар эле. Аларга чыга турган сегиз тепкич бар эле.
35Анан ал мени түндүк дарбазасына алып келди, анын ченеми тигил дарбазалардын ченеминдей болду.
36Анын каптал бөлмөлөрү, мамылары, кире бериш бөлмөлөрү, алардын тегерете терезелери бар эле. Узундугу элүү чыканак, туурасы жыйырма беш чыканак.
37Анын сырткы короону караган кире бериш бөлмөсү бар эле, анын эки капталында турган мамыларында пальмалардын сүрөттөрү бар эле. Аларга чыга турган сегиз тепкич бар эле.
38Ошондой эле мамылуу дарбазалардын жанында бир бөлмө бар болчу, анын эшиги дарбаза жакты карачу. Ал жерде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жуушчу.
39Ал эми дарбазанын алдындагы кире бериш бөлмөнүн ичинде бир жагында эки үстөл, экинчи жагында эки үстөл бар эле. Анткени алардын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, күнөө үчүн чалынуучу курмандыктарды, айып үчүн чалынуучу курмандыктарды союшчу.
40Сыртта, түндүк дарбазасынын алдындагы кире бериш бөлмөнүн бир жагында эки үстөл, дарбазанын алдындагы кире бериш бөлмөнүн бир жагында эки үстөл бар эле.
41Төрт үстөл дарбазанын бир жагында, төрт үстөл дарбазанын экинчи жагында – бардыгы сегиз үстөл, алардын үстүндө курмандыктар союлчу.
42Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар даярдала турган төрт үстөл жылмаланган таштардан эле, анын узундугу бир жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак, бийиктиги бир чыканак. Алардын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды союуда колдонулуучу куралдарды коюшчу.
43Имараттын дубалын тегерете бир алакан болгон илмектер жасалган, ал эми үстөлдөргө курмандыктардын этин коюшчу.
44Ички дарбазанын сырт жагында ырчылар үчүн бөлмөлөр бар эле. Түндүк дарбазасынын капталындагы ички короодогу бир бөлмө түштүктү, түштүк дарбазасынын капталындагы бир бөлмө түндүктү карачу.
45Анан ал мага мындай деди: «Түштүктү караган бул бөлмө ийбадатканада сакчылык кылган ыйык кызмат кылуучулар үчүн.
46Ал эми түндүктү караган бөлмө курмандык чалынуучу жайга сакчылык кылган ыйык кызмат кылуучулар үчүн. Алар – Леби уулдарынын ичинен Теңирге кызмат кылыш үчүн Ага жакындаган Садоктун уулдары».
47Анан ал короону ченеди. Анын узундугу жүз чыканак, туурасы жүз чыканак болду: ал төрт бурчтуу эле. Ал эми ийбадаткананын алдында курмандык чалынуучу жай турган эле.
48Анан ал мени ийбадаткананын кире бериш бөлмөсүнө алып келди. Кире бериш бөлмөнүн бир капталындагы мамылар беш чыканак, экинчи капталындагы мамылар беш чыканак болду. Ал эми дарбазанын туурасы бир капталынан үч чыканак, экинчи капталынан үч чыканак болду.
49Кире бериш бөлмөнүн узундугу жыйырма чыканак, туурасы он бир чыканак болду, ага чыга турган он тепкич бар эле. Мамылардын тирөөчтөрү бар экен: бирөө бир жагында, бирөө экинчи жагында.