Жезекиел 41:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Анан ал мени ийбадатканага алып келди, бир жагындагы мамылардын туурасын ченегенде алты чыканак, экинчи жагындагы мамылардын туурасын ченегенде алты чыканак болду, жыйын чатырынын туурасы ошончо болду.

2Эшиктин туурасы он чыканак, эшиктин бир капталы беш чыканак, экинчи капталы беш чыканак. Ийбадаткананын узундугун ченегенде кырк чыканак, туурасын ченегенде жыйырма чыканак болду.

3Анан ал ичине кирип, эшиктин оозундагы мамыларды ченегенде эки чыканак, эшикти ченегенде алты чыканак, эшиктин туурасын ченегенде жети чыканак болду.

4Ал бөлмөнүн узундугун ченегенде жыйырма чыканак, туурасын ченегенде жыйырма чыканак болду, анын туурасы ийбадаткананын туурасына барабар. Анан ал мага: «Бул – ыйыктын ыйыгы», – деди.

5Анан ал ийбадаткананын дубалын ченегенде алты чыканак болду, ал эми ийбадаткананын тегерегиндеги каптал бөлмөлөрдүн туурасын ченегенде төрт чыканактан болду.

6Бөлмө үстүнө бөлмө болуп жайланышкан капталындагы бөлмөлөр отуз үч болду. Тегерете салынган бөлмөлөр ийбадаткананын тегерегиндеги дубалга кирип турат, бирок ийбадаткананын дубалына тийбейт, алар жалпы жабылган.

7Yй тегерете жогорулаган сайын каптал бөлмөлөр кеңейген, анткени ийбадаткананын айланасы үй улам жогорулаган сайын кеңейген, ошондуктан ийбадаткананын жогору жагы кенен болчу. Төмөнкү кабаттан жогорку кабатка ортоңку кабат аркылуу көтөрүлүп чыкчу.

8Мен үйдүн жогору жагын тегерете көрдүм. Каптал бөлмөлөрүнүн негизи – бир бүтүн таяк, ал – алты толук чыканак.

9Сыртка чыгып турган каптал бөлмөлөрдүн дубалынын туурасы беш чыканак, ийбадаткананын каптал бөлмөлөрүнүн жанында ачык жер бар.

10Ийбадаткананын тегерегиндеги бөлмөлөрдүн арасындагы аралык жыйырма чыканак.

11Каптал бөлмөлөрдүн эшиктери ачык жерди карап турат, бир эшиги түндүк жакты, бир эшиги түштүк жакты карайт. Ал эми бул ачык жердин туурасы беш чыканак.

12Батыш тараптагы аянттын алдындагы имараттын туурасы жетимиш чыканак. Ушул имараттын дубалынын туурасы беш чыканак, узундугу токсон чыканак.

13Ал ийбадаткананын узундугун ченегенде жүз чыканак болду; короону, жанаша курулган үйдү жана анын дубалдарын ченегенде да жүз чыканак болду.

14Ийбадаткананын алды жагы менен чыгышты караган аянттын туурасы да жүз чыканак.

15Анан ал аянттын алдындагы, анын батыш тарабындагы имараттын узундугун тигил жана бул жагында жайланышкан каптал бөлмөлөрү менен бирге, ийбадаткананын ичи менен бирге, короонун кире бериш бөлмөлөрү менен бирге ченегенде жүз чыканак болду.

16Эшик устундары жана тор терезелер, үч кабаттагы тегерете салынган каптал бөлмөлөрдүн эшиктеринин каршысы, үйдүн тактасынан терезеге чейин жыгач менен капталган, терезелер жабык турчу.

17Эшиктердин үстү, ийбадаткананын ичи да, сырты да, дубалдын ички бети менен сырткы бети да жыгач менен капталган эле.

18Алардын бетине керуптар менен пальмалар түшүрүлгөн эле: эки керуптун ортосунда бир пальма бар эле, ар бир керуптун эки бети бар эле.

19Пальманы бир жагынан адам бети, экинчи жагынан арстан бети карап турат. Ийбадаткананын ичи бүт бойдон, тегерете мына ушундай жасалган.

20Полдон эшиктин жогору жагына чейин керуптар жана пальмалар жасалган, ийбадаткананын дубалдары да ошондой.

21Ийбадаткананын эшиктеринин кашектери төрт бурчтуу болчу. Ыйык жайга кирүүчү эшиктин көрүнүшү да ошол эшиктин көрүнүшүндөй эле.

22Бийиктиги үч чыканак, узундугу эки чыканак болгон курмандык чалынуучу жай жыгачтан болчу. Анын бурчтары, таканычы, капталдары жыгачтан эле. Анан ал мага: «Бул – Теңирдин алдындагы дасторкон», – деди.

23Ийбадаткананын жана ыйыктын ыйыгынын экиден эшиктери бар эле.

24Бул эшиктер эки эшиктен турат экен, экөө тең жылып турма, биринчи эшикте эки эшик, экинчи эшикте да эки эшик.

25Ийбадаткананын эшиктеринин бетине дубалдын бетиндегидей эле керуптар жана пальмалар түшүрүлгөн эле. Ал эми сыртта, кире бериш бөлмөнүн алдында тактайдан жасалган секиче бар экен.

26Кире бериш бөлмөнүн тигил капталында да, бул капталында да, ийбадаткананын каптал бөлмөлөрүндө да, жыгач менен капталган мамыларда да бетине пальмалар түшүрүлгөн тор терезелер бар эле.

>