1Анан ал мени түндүк тараптагы жол менен сырткы короого алып чыгып, аянттын каршысындагы, түндүк тараптагы имараттын каршысындагы бөлмөлөргө ээрчитип келди.
2Эшиги түндүктү караган бул бөлмөлөрдүн узундугу жүз чыканак, туурасы элүү чыканак экен.
3Жыйырма чыканак болгон ички короонун каршысында жана сырткы короодогу секиченин каршысында бири-бирин караган үч кабаттуу галереялар бар эле.
4Ал эми бөлмөлөрдүн алдындагы кире бериштин туурасы он чыканак, узундугу бир чыканак. Алардын эшиктери түндүктү карайт.
5Жогорку бөлмөлөр куушураак эле, анткени галереялар бул имараттагы ортоңку жана төмөнкү бөлмөлөргө караганда көп орун ээлейт.
6Ал мамылар үч кабат эле, ал бөлмөлөрдүн короонукундай мамылары жок болчу. Ошондуктан ал бөлмөлөр ортоңку жана төмөнкү бөлмөлөргө караганда куушураак жасалган экен.
7Ал эми сырткы короодогу ушул бөлмөлөрдүн каршысындагы бөлмөлөрдүн алдыңкы бетин түзгөн сырткы дубалдын узундугу элүү чыканак эле.
8Анткени сырткы короодогу бөлмөлөрдүн узундугу да элүү гана чыканак, ал эми ийбадаткананын алды жүз чыканак эле.
9Сырткы короодон киргенде, кире турган эшик чыгыш тарапта, ушул бөлмөлөрдүн астында эле.
10Аянттын алдындагы чыгышты караган короонун дубалынын туурасынан кеткен жагында жана имараттын алдында бөлмөлөр бар эле.
11Алардын алдындагы кире бериш түндүктү караган бөлмөлөрдүкүндөй эле, узундугу менен туурасы да, чыга турган эшиктери да, алардын түзүлүшү да, кире турган эшиктери да ошол бөлмөлөрдүкүндөй эле.
12Ал эшиктер түштүктү караган бөлмөлөрдүкүндөй болчу, аларга кире турган эшик чыгышка карай дубал бойлоп кеткен жолдун өзүндө эле.
13Анан ал мага мындай деди: «Аянттын алдындагы түндүктү караган бөлмөлөр жана түштүктү караган бөлмөлөр – Теңирге жакындаган ыйык кызмат кылуучулардын ыйык бөлмөлөрү, алар эң ыйык курмандыкты ошол жерде жешет. Алар ошол жерге эң ыйык курмандыктарды: нан курмандыктарын, күнөө үчүн чалынуучу курмандыктарды жана айып үчүн чалынуучу курмандыктарды коюшат, анткени бул – ыйык жер.
14Ыйык кызмат кылуучулар ыйык жайга киргенде, кызмат кылганда кийген кийимдерин ошол жерге калтырмайынча, сырткы короого чыгышпасын, анткени ал кийимдер ыйык. Алар башка кийим кийгенден кийин гана элге чыгышсын».
15Ал ийбадаткананын ичин ченеп бүткөндөн кийин, мени чыгышты караган дарбазалар менен сыртка ээрчитип чыгып, аны айланта ченей баштады.
16Ченегич таяк менен ал анын чыгыш тарабын ченеди, ченегич таяк менен ченегенде, бардыгы беш жүз таяк болду.
17Түндүк тарабын ошол эле ченегич таяк менен ченегенде, бардыгы беш жүз таяк болду.
18Түштүк тарабын да ошол эле ченегич таяк менен ченегенде, беш жүз таяк болду.
19Ал жерден батыш тарапка бурулуп, ченегич таяк менен ченегенде, беш жүз таяк болду.
20Ал анын бардык төрт тарабын ченеп чыкты. Анын тегерегинде туурасы беш жүз таяк, узундугу беш жүз таяк болгон дубал бар эле. Ал дубал ыйык жерди ыйык эмес жерден бөлүп турчу.