1Анан ал мени дарбазага – чыгышты караган дарбазага алып келди.
2Ысрайыл Кудайынын даңкы чыгыштан келе жатты. Анын үнү чоң суулардын дабышындай эле, Анын даңкынан жер жарык болуп турду.
3Бул көрүнүш мен көргөн мурунку көрүнүштөй эле, ал шаардын кыйрашын кабарлап келгенимде көргөн көрүнүшкө окшош эле, ал Кебар дарыясынын жээгинде көргөн көрүнүштөргө окшош эле. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылдым.
4Теңирдин даңкы чыгышты караган дарбаза аркылуу ийбадатканага кирди.
5Ошондо рух мени көтөрүп, ички короого киргизди. Ийбадаткана бүт бойдон Теңирдин даңкына толду.
6Мен кимдир бирөөнүн ийбадаткананын ичинен мага сүйлөп жатканын уктум, ал киши болсо менин жанымда турган эле.
7Ошондо Теңир мага мындай деди: «Адам уулу! Бул – Менин тагым турган жер, Менин бутум турган жер, бул жер Менин Ысрайыл уулдарынын арасында түбөлүккө жашай турган жерим. Ысрайыл мындан ары Менин ыйык ысымымды булгабайт, алар өзүлөрү да, алардын падышалары да өздөрүнүн бузуктугу менен, өздөрүнүн падышаларынын өлүктөрү менен, бутканалары менен Менин ыйык ысымымды мындан ары булгашпайт.
8Алар өздөрүнүн босогосун Менин босогомдун жанына коюшкан, өздөрүнүн эшиктерин Менин эшигимдин жанына коюшкан, ошондуктан Мени менен алардын ортосун бир эле дубал бөлүп турчу. Алар өздөрүнүн жийиркеничтүү иштери менен Менин ыйык ысымымды булгашчу. Ошон үчүн Мен аларды Өз каарым менен кырып салгам.
9Эми алар өздөрүнүн бузуктугун, падышаларынын өлүктөрүн Менден четтетишет, ошондо Мен алардын арасында түбөлүк жашайм.
10Өздөрүнүн мыйзамсыздыктарынан уялышы үчүн, ийбадаткананын ченемин алышы үчүн, сен, адам уулу, Ысрайылга ушул ийбадаткана жөнүндө жарыя кыл.
11Эгерде алар өздөрүнүн бардык иштеринен уялышса, анда аларга ийбадаткананын көрүнүшүн, түзүлүшүн, андан чыга турган жана ага кире турган эшиктерин, бүт сүрөттөрүн, бүт көрсөтмөлөрүн, бардык көркөм сүрөттөрүн, бүт мыйзамдарын көрсөт. Алар анын түзүлүшүн жана бүт көрсөтмөлөрүн сактап, ошолорду аткарышы үчүн, алардын көзүнчө жаз.
12Ийбадаткананын мыйзамы мындай: тоонун чокусундагы ал турган жердин тегерегиндеги бүт мейкиндик – ыйыктын ыйыгы. Ийбадаткананын мыйзамы ушул!»
13Чыканак менен ченегенде курмандык чалынуучу жайдын ченеми мындай болду (бир чыканак алакан менен чыканакты кошконго барабар): пайдубалы бир чыканак, туурасы да бир чыканак, тегерете курчап турган кырдын эни бир карыш. Курмандык чалынуучу жайдын арткы тарабы мындай:
14анын пайдубалынан төмөнкү урчугуна чейин эки чыканак, ал эми анын туурасы бир чыканак. Кичине урчугунан чоң урчугуна чейин төрт чыканак, ал эми анын туурасы бир чыканак.
15Курмандык чалынуучу жайдын өзүнүн бийиктиги төрт чыканак. Курмандык чалынуучу жайдын үстүнөн төрт мүйүз чыгып турат.
16Курмандык чалынуучу жайдын узундугу он эки, туурасы он эки чыканак. Анын төрт тарабы бирдей, ал төрт бурчтуу.
17Анын аянтчасынын узундугу он төрт чыканак, туурасы он төрт чыканак, аны тегерете курчап турган кыр жарым чыканак, ал эми пайдубалы бир чыканак. Ага чыгуучу тепкичтер болсо чыгыш тараптан.
18Анан ал мага мындай деди: «Адам уулу! Кудай-Теңир мындай дейт: “Курмандык чалынуучу жайдын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалып туруу үчүн, үстүнө кан чачып туруу үчүн, курмандык чалынуучу жай жасалып бүткөн күнү берилген көрсөтмө мындай:
19Мага кызмат кылуу үчүн жакындаган Садок уруусунан, Леби уулдарынан чыккан ыйык кызмат кылуучуларга күнөө үчүн курмандыкка бир букачар бер, – дейт Кудай-Теңир.
20Букачардын канынан алып, курмандык чалынуучу жайдын төрт мүйүзүнө, аянтчанын төрт бурчуна, тегерете курчап турган кырына чач, сен аны ушинтип тазала, ушинтип ыйыкта.
21Күнөө үчүн чалынган букачарды алып, аны ыйык жайдын сыртында, үйдүн атайы белгиленген жеринде өрттө.
22Ал эми эртеси күнү күнөө үчүн курмандыкка кемчиликсиз бир теке чал. Курмандык чалынуучу жайды букачар менен кандай тазалашса, аны менен да ошондой тазалашсын.
23Тазалагандан кийин, кемчиликсиз бир букачар жана кемчиликсиз бир кочкор алып кел.
24Аларды Теңирдин алдына алып кел. Аларга ыйык кызмат кылуучулар туз чачып, Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалышат.
25Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка жети күн бою, күнүнө бир текеден чал. Ошондой эле күнүнө бирден букачар жана бирден кемчиликсиз кочкор чалышсын.
26Курмандык чалынуучу жайды жети күн бою тазалашсын, ыйыкташсын жана өз колдорун толтурушсун.
27Ушул күндөр бүткөндөн кийин, сегизинчи күнү жана андан ары ыйык кызмат кылуучулар курмандык чалынуучу жайда бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңарды жана тынчтык курмандыктарыңарды чалышат. Ошондо Мен силерге ырайым кылам”», – дейт Кудай-Теңир.