1Анан ал мени кайрадан ыйык жайдын чыгышты караган сырткы дарбазасына алып келди, алар бекитилүү болчу.
2Ошондо Теңир мага мындай деди: «Бул дарбаза бекитилет, ачылбайт, ал аркылуу эч бир адам кирбейт, анткени ал аркылуу Ысрайылдын Кудай-Теңири кирген, ошон үчүн ал бек болот.
3Төрө болсо падыша катары анын ичинде Теңирдин алдында нан жеш үчүн отурат. Ал ушул дарбазанын жанындагы кире бериш бөлмө аркылуу кирет да, ошол эле жол менен кайра чыгат».
4Андан кийин ал мени түндүк дарбазасы аркылуу ийбадаткананын бет маңдайына алып келди. Ошондо мен ийбадаткана Теңирдин даңкына толуп турганын көрүп, жүзтөмөндөп жыгылдым.
5Анан мага Теңир мындай деди: «Адам уулу! Мен сага айтып жаткан ийбадаткананын бардык мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн жүрөгүңө түй, өз көзүң менен көр, өз кулагың менен ук. Ийбадатканага кире турган эшикти жана ыйык жайдан чыга турган эшиктердин баарын көңүл коюп кара.
6Анан козголоңчул Ысрайыл элине айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл эли, жийиркеничтүү иштерди кылганыңар жетишет!
7Силер жүрөгү сүннөткө отургузулбаган, денеси да сүннөткө отургузулбаган жат элдин уулдарын Менин ыйык жайыма алып кирдиңер. Алар Менин нанымды, майды жана канды тартуулашып, Менин ийбадатканамды булгашты. Ошентип, силер өзүңөрдүн ар кандай жийиркеничтүү иштериңер менен Менин келишимимди буздуңар.
8Силер Менин ыйык нерселеримдин алдында күзөт кызматын аткарган жоксуңар, аларды өзүңөрдүн ордуңарга Менин ыйык жайымды күзөтүү үчүн койдуңар”.
9Кудай-Теңир мындай дейт: “Жүрөгү сүннөткө отургузулбаган жана денеси сүннөткө отургузулбаган жат элдин уулдарынын эч бири Менин ыйык жайыма кирбеши керек, ал турсун, Ысрайыл уулдарынын арасында жашап жаткан бөтөн уруунун уулу да кирбесин.
10Ысрайыл Менден баш тарткан убакта Менден алыстап, өздөрүнүн жасалма кудайларынын артынан кеткен лебилер да өз күнөөсүнүн жазасын алышат.
11Алар Менин ыйык жайымда ийбадаткананын дарбаза күзөтчүлөрү катары, ийбадаткананын кызматчылары катары кызмат кылышат. Алар эл үчүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана башка курмандыктарды союшат, элдин алдында туруп, эл үчүн кызмат кылышат.
12Алардын жасалма кудайларынын алдында аларга кызмат кылышканы үчүн, Ысрайылдын мыйзамсыздык кылуусуна түрткү болушканы үчүн Мен Өзүмдүн колумду аларга каршы көтөрдүм, – дейт Кудай-Теңир, – ошондуктан алар өздөрүнүн күнөөсүнүн жазасын алышат.
13Алар Мага жакындашпайт, Менин алдымда ыйык кызмат кылышпайт, Менин бардык ыйык нерселериме, ыйыктын ыйыгына жакын келишпейт, тескерисинче, өздөрүнүн абийирсиздигинин, кылган жийиркеничтүү иштеринин жазасын өз моюндары менен тартышат.
14Аларды ийбадатканага күзөтчүлүккө, анын ичиндеги бардык жумуштарды аткарууга коём.
15Ал эми Ысрайыл уулдары Менден баш тартып кеткен убакта Леби уруусунан чыккан ыйык кызмат кылуучулар, Садоктун уулдары, Менин ыйык жайымда ар дайым күзөттө турушкан. Мага ошолор жакындашат, Мага ошолор кызмат кылышат, Менин алдымда туруп, Мага май менен кан тартуулашат, – дейт Кудай-Теңир.
16Алар Мага кызмат кылыш үчүн, Менин күзөт иштеримди аткарыш үчүн, Менин ыйык жайыма киришет, Менин дасторконума жакындашат.
17Алар ички короонун дарбазасынын алдына келишкенде, зыгыр буласынан токулган кийим кийишет. Ийбадаткананын ичинде жана ички короонун дарбазаларынын алдында кызмат өтөө учурунда алардын үстүндө жүндөн токулган кийим болбосун.
18Алардын баштарындагы селделер да зыгыр кездемеден болсун, алардын белиндеги ички кийимдер да зыгыр кездемеден болсун. Алар тердете турган кур курчанышпасын.
19Ал эми сырткы короого, сырткы короодо турган элге чыгуу керек болгондо, кызмат кылганда кийген кийимдерин чечип, ыйык бөлмөлөргө калтырышсын, ыйык кийимдерин элге тийгизбеш үчүн, башка кийимдерди кийишсин.
20Алар чачтарын кырышпасын жана өстүрүшпөсүн, бирок чачтарын үзгүлтүксүз кыркып турушсун.
21Ички короого бара жатканда, бир да ыйык кызмат кылуучу шарап ичпеши керек.
22Алар өздөрүнө аялдыкка жесирди да, күйөөсү менен ажырашканды да албашы керек, аларга бир гана Ысрайыл урууларынын кыздарын же ыйык кызмат кылуучунун жесир калган аялын алганга болот.
23Алар Менин элиме ыйыкты ыйык эместен ажыратууну үйрөтүшсүн, эмне таза, эмне таза эмес экенин түшүндүрүшсүн.
24Алар талаш-тартыш иштер болгондо сот жүргүзүшсүн, аларды Менин мыйзамдарым боюнча соттошсун, Менин мыйзамдарымды, Менин майрамдарым жөнүндөгү буйруктарымды аткарышсын, Менин ишемби күндөрүмдү ыйык тутушсун.
25Таза эмес болуп калбаш үчүн, алардын эч кимиси өлгөн кишиге жакындабашы керек. Атасы же энеси, уулу же кызы, эркек бир тууганы же күйөөгө тие элек кыз бир тууганы өлгөндө гана өздөрүн таза эмес кылса болот.
26Андан тазалангандан кийин, ага дагы жети күн санап бөлүп коюу керек.
27Ыйык жайда кызмат кылыш үчүн, ички короодогу ыйык жайга келген күнү ал күнөө үчүн чалынуучу курмандык чалышы керек, – дейт Кудай-Теңир.
28Алардын энчиси жөнүндө айта турган болсом, алардын энчиси Менмин. Ысрайыл жеринде алардын үлүшүнө жер бербегиле, алардын үлүшү Менмин.
29Алар нан курмандыктарынан, күнөө үчүн чалынуучу курмандыктардан жана айып үчүн чалынуучу курмандыктардан жешет. Ысрайылда Теңирге арналган нерсенин баары аларга таандык.
30Бардык жемиштериңердин биринчи түшүмү жана ар кандай тартууларыңар, ал тартууларыңар эмнеден гана турбасын, ыйык кызмат кылуучуларга таандык. Yйүңөрдөн Кудайдын батасы кетпеш үчүн, эгин бастырганыңарда биринчи түшүмдү ыйык кызмат кылуучуга бергиле.
31Эч кандай тарпты, канаттуу болобу, мал болобу, жырткыч тытып кеткенди ыйык кызмат кылуучулар жебеши керек.