Жезекиел 45:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Силер жерди өкчөмө таш менен бөлүштүрө баштаганда, Теңирге арнап ыйык жер бөлүп койгула. Анын туурасы он миң, узундугу жыйырма беш миң таяк болсун. Ал жер бүт бойдон, тегерете ыйык.

2Ал жерден ыйык жай үчүн төрт жагы тең беш жүз таяктан болгон төрт бурчтук жер бөлүнсүн, анын айланасына дагы элүү чыканак аянт бөлүнсүн.

3Ушул өлчөнгөн жердин ичинен ыйыктын ыйыгы турган ыйык жай үчүн узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк болгон жер бөлүп кой.

4Бул жердин ыйык бөлүгү Теңирге кызмат кылыш үчүн Ага жакындаган, ыйык жайда кызмат кылган ыйык кызмат кылуучуларга таандык болот. Бул жер алардын үйү үчүн жана ыйык жай үчүн ыйык жер болот.

5Узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк болгон жер ийбадаткананын кызматчыларынын – лебилердин үлүшүнө берилет.

6Теңирге бөлүнгөн ыйык жердин каршысынан туурасы беш миң, узундугу жыйырма беш миң болгон жерди шаардын үлүшүнө бергиле. Ал жер бүт Ысрайылга таандык болот.

7Теңирге бөлүнгөн ыйык жердин жанынан, ошондой эле шаардын үлүшүнүн жанынан, тигил тарабынан да, бул тарабынан да, чыгыш тарабындагы чыгышка кеткен, батыш тарабындагы батышка кеткен, узундугу батыш чек арадан чыгыш чек арага чейин жаткан, үлүштөрдүн биринин узундугуна барабар болгон жерди төрөгө бергиле.

8Ал – анын жери, анын Ысрайылдагы үлүшү, мындан ары Менин төрөлөрүм Менин элимди кысымга албашы керек, алар Ысрайылга уруулары боюнча жер бериши керек”.

9Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл төрөлөрү, силердики жетишет! Кордук көрсөткөнүңөрдү, эзгениңерди койгула, акыйкаттык жана адилеттик боюнча иш жүргүзгүлө, Менин элимди өзүнүн үлүшүнөн сүрүп чыгарганыңарды токтоткула, – дейт Кудай-Теңир.

10Силердин таразаңар да, эйфаңар да, батыңар да туура болсун.

11Эйфа менен бат бирдей өлчөмдө болушу керек, бир бат бир хомердин ондон бир бөлүгүнө барабар болсун, бир эйфа да бир хомердин ондон бир бөлүгүнө барабар болсун. Алардын өлчөмү хомер боюнча аныкталсын.

12Бир шекелде жыйырма гер бар, бир минаңар жыйырма шекел, жыйырма беш шекел жана он беш шекел болсун.

13Силердин төрөгө беришиңер керек болгон алымыңар мындай: бир хомер буудайдан эйфанын алтыдан бир бөлүгү жана бир хомер арпадан эйфанын алтыдан бир бөлүгү.

14Зайтун майы жөнүндө көрсөтмө: бир кор зайтун майынан баттын ондон бир бөлүгү. Он бат бир хомерди түзөт, анткени бир хомерде он бат бар.

15Ысрайылдын семиз койлорунун ичинен, эки жүз койдон бир кой бергиле. Аларды тазалоо үчүн, нан курмандыгына, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, тынчтык курмандыгына ушулардын бардыгын алып келгиле, – дейт Кудай-Теңир.

16Бул жердин бүт эли ушул тартууларды Ысрайыл төрөсүнө берүүгө милдетүү.

17Ал эми төрөнүн милдети – майрамдарда, ай жаңырганда, ишембилерде, Ысрайылдын бардык майрамдарында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалуу, нан курмандыгын тартуулоо, куюлуучу курмандыкты куюу. Ал Ысрайылды тазалоо үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты чалууга, нан курмандыгын тартуулоого, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, тынчтык курмандыгын чалууга милдеттүү”.

18Кудай-Теңир мындай дейт: “Биринчи айдын биринчи күнү кемчиликсиз букачар алып, ыйык жайды тазала.

19Ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн чалынган бул курмандыктын канынан алып, ийбадаткананын эшиктеринин кашектерине, курмандык чалынуучу жайдын аянтчасынын төрт бурчуна, ички короонун дарбазаларынын кашектерине чачсын.

20Ушул айдын жетинчи күнү да жаңылыштыктан же билбей күнөө кылгандар үчүн ушундай кылгыла, ийбадаткананы ошентип тазалагыла.

21Биринчи айдын он төртүнчү күнү силерде жети күндүк Пасах майрамы болсун, ал күндөрү ачыткысыз нан жейсиңер.

22Ушул күнү төрө өзү үчүн жана бул жердин бүт эли үчүн бир букачарды күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалсын.

23Ушул жети күндүк майрам ичинде ал Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка ар күнү кемчиликсиз кочкордон жетини, букачардан жетини, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка ар күнү бир текеден чалып турууга милдеттүү.

24Бир букачарга бир эйфа, бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын кошуп, бир эйфа нан курмандыгына бир гин зайтун майын кошуп тартуулоого милдеттүү.

25Жетинчи айдын он бешинчи күнү, майрам күндөрү, жети күн бою ал ошондой эле курмандыктарды чалышы керек: күнөө үчүн чалынуучу курмандык да, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык да, нан курмандыгы да, зайтун майы да ошончо болсун”.

>