Жезекиел 46:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Кудай-Теңир мындай дейт: “Ички короонун чыгышты караган дарбазасы алты иш күнү бою бек турушу керек, ал эми ишемби күнү жана ай жаңырган күнү ачык болушу керек.

2Төрө сырттагы дарбазанын кире бериш бөлмөсү аркылуу кирип, ошол дарбазанын кашектеринин жанында турат. Ыйык кызмат кылуучулар анын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы менен тынчтык курмандыгын чалышат. Ал дарбазанын босогосунун алдында Теңирге таазим кылат, анан сыртка чыгат, дарбазалар болсо кечке чейин ачык турат.

3Ал жердин эли ишемби күндөрү жана ай жаңырганда, ушул дарбазанын кире бериш жеринде Теңирге таазим кылышат.

4Төрөнүн ишемби күнү Теңирге арнап чала турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы кемчиликсиз алты козу жана кемчиликсиз бир кочкор болуш керек.

5Бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козуларга колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгына бир гин зайтун майын кошуп алып келсин.

6Ай жаңырган күнү ал кемчилиги жок бир букачар, ошондой эле кемчилиги жок алты козу жана бир кочкор чалсын.

7Ал бир букачарга бир эйфа, бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козуларга колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгына бир гин зайтун майын кошуп алып келсин.

8Төрө келгенде, дарбазанын кире бериш бөлмөсү аркылуу кирип, ошол эле жол менен чыксын.

9Ал жердин эли майрам күндөрү Теңирдин алдына келгенде, табынуу үчүн түндүк дарбазасы аркылуу киргендер түштүк дарбазасы аркылуу чыгышсын, ал эми түштүк дарбазасы аркылуу киргендер түндүк дарбазасы аркылуу чыгышсын. Кирген дарбазасы аркылуу чыкпай, каршысындагы дарбаза аркылуу чыгышсын.

10Төрө да алардын арасында болушу керек. Алар киргенде, ал да кирсин, алар чыкканда, ал да чыксын.

11Майрамдарда жана салтанаттуу күндөрдө ал бир букачар үчүн бир эйфа, бир кочкор үчүн бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козулар үчүн колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгы үчүн бир гин зайтун майын тартууласын.

12Эгерде төрө өз каалоосу менен Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты же тынчтык курмандыгын чалгысы келсе, анда ага чыгышты караган дарбазаны ачып беришсин. Ал өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы менен тынчтык курмандыгын ишемби күнү кандай чалса, ошондой чалат, андан кийин ал сыртка чыгат, ал сыртка чыккандан кийин дарбаза жабылат.

13Теңирге арналып чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка күн сайын кемчилиги жок бир жылдык козу алып кел. Аны күн сайын эртең менен алып кел.

14Ал козу менен бирге күн сайын эртең менен эйфанын алтыдан бир бөлүгүнчөлүк нан курмандыгын, майда унду нымдаш үчүн гиндин үчтөн бир бөлүгүнчөлүк зайтун майын алып кел. Теңирге арналып тартуулануучу нан курмандыгы жөнүндөгү өзгөрүлбөс, түбөлүк мыйзам ушундай.

15Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козу, нан курмандыгын, зайтун майын күн сайын эртең менен үзбөй чалып турушсун”.

16Кудай-Теңир мындай дейт: “Эгерде төрө өз уулдарынын ичинен бирөөнө белек бере турган болсо, анда ал анын уулдарынын да мурасы болсун. Бул алардын мурасы болсун.

17Эгерде ал өзүнүн мурасынан кулдарынын ичинен бирөөнө белек бере турган болсо, анда ал белек ага эркиндикке чыккан жылына чейин гана таандык, андан кийин ал төрөгө кайра кайтат. Анын мурасы өз уулдарына гана өтүшү керек.

18Бирок төрө элди мураска алган жеринен сүрүп чыгарып, анын мурасынан албашы керек. Менин элимдин ичинен эч ким өз мурасынан куулуп чыкпаш үчүн, ал өзүнүн уулдарына өзүнүн мурасынан гана бере алат”».

19Анан ал мени дарбазанын капталындагы жол менен ыйык кызмат кылуучулардын түндүктү караган ыйык бөлмөлөрүнө ээрчитип келди. Ошол жерде, алардын арт жагында, батыш тарабында бир жер бар экен.

20Анан ал мага: «Ыйык кызмат кылуучулар айып үчүн чалынуучу курмандыкты, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты жана нан курмандыгын бышыра турган жер ушул. Эл ыйыкталып калбаш үчүн, алар бул курмандыктарды сыртка алып чыгышпасын», – деди.

21Анан ал мени сырткы короого алып чыгып, короонун төрт бурчу менен алып өттү, короонун ар бир бурчунда дагы бирден короо бар экен.

22Короонун төрт бурчунда узундугу кырк чыканак, туурасы отуз чыканак болгон жабык короолор бар экен. Короонун төрт бурчундагы короолордун ченеми бирдей экен.

23Ал төрт короону тегерете курчаган дубал бар экен, ал эми дубалдардын түбүндө коломтолор бар экен.

24Анан ал мага: «Бул – курмандык бышыруучу жер, бул жерде ийбадаткананын кызматчылары элдин курмандыктарын бышырышат», – деди.

>