1Анан ал мени кайрадан ийбадаткананын дарбазасына алып келди. Ийбадаткананын босогосунун астынан чыгышты карай суу агып турат экен. Анткени ийбадаткана чыгышты карап турчу. Суу ийбадаткананын оң жак капталынын астынан чыгып, курмандык чалынуучу жайдын түштүк жагына агат экен.
2Анан ал мени түндүк дарбазасы аркылуу чыгарып, сырткы жол менен, чыгышты көздөй кеткен жол менен алып өтүп, сырткы дарбазаларга алып келди. Суу ийбадаткананын оң тарабынан агып чыгат экен.
3Ал адам чыгышты карай басып, колундагы жип менен миң чыканак ченеп, мени суу менен алып жүрдү. Суу кызыл ашыктан эле.
4Анан дагы миң чыканак ченеп, мени суу менен алып жүрдү. Суу тизеден эле. Анан дагы миң чыканак ченеп, мени алып жүрдү. Суу белден эле.
5Анан дагы миң чыканак ченеди, ал жерде мен өтө албаган суу бар экен, суу ушунчалык терең болгондуктан, сүзүүгө туура келди, ал сууну кечип өтүү мүмкүн эмес болчу.
6Ал мага: «Адам уулу, көрдүңбү?» – деди. Анан ал мени кайра суунун жээгине чыгарды.
7Мен кайра артка келгенимде, суунун жээктеринде, суунун наркы өйүзүндө да, берки өйүзүндө да абдан көп дарак бар экен.
8Анан ал мага мындай деди: «Бул суу жердин чыгыш тарабына агат, түздүккө түшүп, деңизге куюлат. Ошондо деңиз суусу таза болуп калат.
9Эки агым кирген жерде деңиздеги ар кандай тирүү жандыктар, сойлоп жүрүүчүлөр тирүү болот. Балык өтө көп болот, анткени бул суу ошол жакка куюлат, ошондо деңиздин суусу таза болуп калат. Бул суу кайда куюлса, ал жерде баары тирүү болот.
10Анын жээгинде, Эйин-Гедиден тартып Эйин-Эглайымга чейин балыкчылар торлорун салышат. Ал жерде чоң деңиздегидей ар кандай балыктар болот, балыктар ал жерде абдан көп болот.
11Анын саздары менен чөөттөрү тазаланбайт, алар туз үчүн калтырылат.
12Суунун жанында, наркы жана берки жээгин бойлото жемиш берүүчү ар түрлүү дарактар өсөт. Алардын жалбырактары куурабайт, алардын жемиштери түгөнбөйт. Ай сайын жаңы жемиш бышып турат, анткени суу алар үчүн ыйык жайдан агып келет. Алардын жемиштери тамак-ашка, ал эми жалбырактары дарылыкка пайдаланылат».
13Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер жерди Ысрайылдын он эки уруусуна мына бул чек аралар боюнча мурас кылып бөлүп аласыңар: Жусупка эки үлүш.
14Ар бириңер анын бир тууганы катары жерди мураска алгыла, анткени Мен Өзүмдүн колумду көтөрүп, бул жерди силердин ата-бабаларыңарга берем деп убада кылгам, ошондуктан бул жер силердин мурасыңар болот.
15Бул жердин чек аралары мындай: түндүк чек ара Улуу деңизден баштап, Хетлон аркылуу Седатка карай кеткен жолго чейин;
16Дамаск жана Хамат чек араларынын ортосундагы Хамат, Бейрот, Сибрайым, Хабран чек арасынын жанындагы Хатсейир-Атикон.
17Деңизден тартып, Дамаск чек арасынын жанындагы Хатсар-Эйнанга чейин, түндүктө түндүктү карай кеткен Хамат чек арасы. Бул – түндүк чек ара.
18Ал эми чыгыш чек арасын Хабран менен Дамасктын, Гилат менен Ысрайыл жеринин ортосунан, Иордан бою менен, түндүк чек арадан Чыгыш деңизине чейин белгилегиле. Бул – чыгыш чек ара.
19Түштүк чек ара түштүк жактагы Тамарадан Кадеш сууларына чейин, агын сууну бойлоп, Улуу деңизге чейин кетет. Бул – түштүк чек ара.
20Батыш чек ара болсо – Улуу деңиз, түштүк чек арадан Хаматка алып баруучу жолдун каршысындагы жерге чейин. Бул – батыш чек ара.
21Мына ушул жерди өз ара, Ысрайыл уруулары арасында бөлүп алгыла.
22Ал жерди өкчөмө таш боюнча өзүңөргө жана араңарда жашап жаткан, силердин жериңерде балалуу болгон чет жерликтерге мурас кылып бөлүп бергиле. Алар Ысрайыл уулдарынын арасында жергиликтүү тургундар катары эсептелишсин: Ысрайыл урууларынын арасында силер менен бирге мурас бөлүп алышсын.
23Чет жерлик адам кайсы урууда жашаса, ага мурасты ошол уруудан бергиле», – дейт Кудай-Теңир.