Жезекиел 48:1-35 KYB2004 - Bible AI

1«Уруулардын аттары мындай: түндүк тараптан, Хетлонду карай кеткен жолдун жанындагы, Хаматка алып баруучу жолдон Дамаск чек арасындагы Хатсар-Эйнанга чейинки, түндүктү карай кеткен Хаматтын жанындагы жерлер, чыгыштан деңизге чейин жаткан ушул жердин баары – Дандын үлүшү.

2Дандын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Ашырдын үлүшү.

3Ашырдын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Напталынын үлүшү.

4Напталынын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Менашенин үлүшү.

5Менашенин чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Эпрайымдын үлүшү.

6Эпрайымдын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Рубейиндин үлүшү.

7Рубейиндин чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Жүйүттүн үлүшү.

8Жүйүттүн чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан, туурасы жыйырма беш миң таяк, узундугу чыгыштан батышка чейин жаткан башка үлүштөрдүн узундугуна барабар болгон жер – ыйык жер. Анын ортосунда ыйык жай болот.

9Силердин Теңирге арнай турган жериңердин узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк болот.

10Түндүктү карай жыйырма беш миң, деңизди карай туурасы он миң, чыгышты карай туурасы он миң, түштүктү карай узундугу жыйырма беш миң таяк болгон бул ыйык жер ыйык кызмат кылуучуларга таандык, анын ортосунда Теңирдин ыйык жайы болот.

11Аны Садоктун уулдарынан чыккан ыйык кызмат кылуучуларга арнагыла, анткени алар Менин күзөтүмдө турушкан, Ысрайыл уулдары Менден баш тарткан убакта башка лебилердей болуп Менден баш тартышкан эмес.

12Аларга лебилердин чек арасынын жанындагы ыйыктын ыйыгы болгон ыйык жердин бир бөлүгү таандык.

13Ошондой эле лебилер да ыйык кызмат кылуучулардын жеринин жанынан узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк жер алышат. Бардыгы болуп узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк жер.

14Алардын бул үлүштү сатууга да, алмашууга да укугу жок. Жердин бул эң жакшы үлүшү башкаларга өтпөшү керек, анткени бул жер – Теңирдин ыйыгы.

15Ал эми туурасы беш миң, узундугу жыйырма беш миң таяк болгон калган жер шаар үчүн, жалпы пайдалануу үчүн, отурукташуу үчүн, тегерек-чет үчүн болот. Анын ортосунда шаар болот.

16Анын өлчөмү мындай: түндүк жагы төрт миң беш жүз, түштүк жагы төрт миң беш жүз, чыгыш жагы төрт миң беш жүз, батыш жагы төрт миң беш жүз таяк.

17Ал эми шаардын түндүк жагындагы жер эки жүз элүү, чыгыш жагындагы жер эки жүз элүү, түштүк жагындагы жер эки жүз элүү, батыш жагындагы жер эки жүз элүү таяк.

18Ал эми ыйык жердин чыгыш тарабындагы он миң, батыш тарабындагы он миң таяк жердин түшүмү шаарда иштегендердин азыгы болсун.

19Шаарда болсо Ысрайылдын бардык урууларынан чыккан жумушчулар иштей алышат.

20Туурасы жыйырма беш миң, узундугу жыйырма беш миң таяк болгон, төрт бурчтуу, өзүнчө бөлүнгөн жерди шаар ээлеген жер менен кошо ыйык жер үчүн бөлүп койгула.

21Ал эми калган жер – ыйык жерден тышкаркы, шаар ээлеген жерден тышкаркы жер төрөгө таандык. Төрөнүн үлүшүнө ыйык жердин батыш тарабынан батыш чек арага чейинки жыйырма беш миң таяк жер жана ыйык жердин чыгыш тарабынан чыгыш чек арага чейинки жыйырма беш миң таяк жер таандык. Ыйык жер менен ыйык жай анын ортосунда болот.

22Ошондой эле лебилердин үлүшү менен шаар ээлеген жердин ортосундагы калган жер да төрөгө таандык. Жүйүттүн чек арасы менен Бенжеминдин чек арасынын ортосундагы жер да төрөгө таандык.

23Уруулардан калган, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Бенжеминдин үлүшү.

24Бенжеминдин чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Шымондун үлүшү.

25Шымондун чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Исахардын үлүшү.

26Исахардын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Забулундун үлүшү.

27Забулундун чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Гаттын үлүшү.

28Түштүк чек ара Гаттын чек арасынын жанынан, түштүк тараптан өтүп, Тамарадан Кадеш сууларына чейин, сууну бойлоп, Улуу деңизге чейин кетет.

29Ысрайыл урууларынын өкчөмө таш боюнча бөлүп ала турган жери ушул, алардын үлүштөрү ушулар», – дейт Кудай-Теңир.

30«Шаардан сыртка чыгуучу жерлер булар: түндүк жагынан узундугу төрт миң беш жүз ченем.

31Шаардын дарбазалары Ысрайыл урууларынын ысымдары менен аталат. Түндүк жагында үч дарбаза: Рубейин дарбазасы, Жүйүт дарбазасы, Леби дарбазасы.

32Чыгыш жагынан төрт миң беш жүз ченем, үч дарбаза: Жусуп дарбазасы, Бенжемин дарбазасы, Дан дарбазасы.

33Түштүк жагынан да төрт миң беш жүз ченем, үч дарбаза: Шымон дарбазасы, Исахар дарбазасы, Забулун дарбазасы.

34Деңиз тарабынан да төрт миң беш жүз ченем, үч дарбаза: Гат дарбазасы, Ашыр дарбазасы, Напталы дарбазасы.

35Тегерете бардыгы болуп он сегиз миң ченем. Ошол күндөн баштап шаардын аты “Теңир ошол жерде” болот».

>