1Теңирден мага сөз болду:
2«Адам уулу! Ысрайыл тоолоруна жүзүңдү бур, аларга каршы пайгамбарчылык кыл,
3аларга айт: “Ысрайыл тоолору! Кудай-Теңирдин сөзүн уккула. Кудай-Теңир тоолорго жана адырларга, өрөөндөргө жана кокту-колотторго мындай дейт: «Мен силерге каршы кылыч жиберем, бийик жерлердеги бутканаларыңарды кыйратам.
4Курмандык чалынуучу жайларыңар кыйратылат, күнгө арнап тургузган мамыларыңар талкаланат, өлтүрүлгөн адамдарыңарды жасалма кудайларыңардын алдына ыргытам.
5Ысрайыл уулдарынын өлүктөрүн өздөрүнүн жасалма кудайларынын алдына коём, сөөктөрүңөрдү курмандык чалынуучу жайларыңардын тегерегине чачам.
6Курмандык чалынуучу жайларыңар кыйратылып талкаланышы үчүн, жасалма кудайларыңар талкаланып жок болушу үчүн, күнгө арналган мамыларыңар талкаланышы үчүн, иштериңер түп-тамыры менен жок кылынышы үчүн, силер жашаган бардык шаарлар кыйратылат, бийик жерлердеги бутканаларыңар талкаланат.
7Адамдарыңарды өлтүрүшөт, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.
8Бирок Мен калдык калтырам: силер кайсы өлкөлөрдө чачылып жүрсөңөр, ошол өлкөлөрдөгү элдердин арасында кылычтан аман калган элиңер болот.
9Аман калып, элдердин арасына туткундалып кеткен элиңер Мен алардын Менден баш тарткан, бузулган жүрөгүн, буркандардын артынан ээрчиген бузулган көздөрүн кыйратканда, Мен жөнүндө эстешет жана өздөрүнөн, өздөрү кылган кыянат иштеринен, ыпыластыктарынан жийиркенишет.
10Ошентип, алар Менин Теңир экенимди билишет. Аларга ушундай алаамат каптатам деп бекер айтпаганымды билишет»”.
11Кудай-Теңир мындай дейт: “Кол чап, бутуң менен жер теп, анан айт: «Ысрайыл үйүнүн бардык жийиркеничтүү кыянат иштери үчүн кайгы! Алар кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан өлүшөт.
12Ким алыста болсо, ал жугуштуу оорудан өлөт. Ким жакын жерде болсо, ал кылычтан өлөт. Ал эми курчоодо калган ачкачылыктан өлөт»”. Өзүмдүн аларга болгон каарымды ушинтип бүт төгөм.
13Өлтүрүлгөндөр өздөрүнүн курмандык чалынуучу жайларынын тегерегиндеги жасалма кудайларынын арасында жатканда, ар кандай бийик дөбөлөрдө, ар кайсы тоонун чокусунда, ар кандай жашыл дарактардын түбүндө, ар кандай бутактуу эмендин түбүндө, өздөрүнүн жасалма кудайларына жыпар жыттуу зат түтөткөн жерлерде жатканда, силер Менин Теңир экенимди билесиңер.
14Ошентип, Мен аларга каршы колумду сунуп, бул жерди, чөлдөн Диблага чейин, алар жашаган бардык жерлерди, чөлгө жана ээн талаага айландырам, ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет».