Жезекиел 7:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Теңирден мага сөз болду:

2«Сен, адам уулу, айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл жеринин акыры келди, өлкөнүн төрт тарабынын акыры келди.

3Эми сенин күнүң бүттү. Сага каршы Өзүмдүн каарымды жиберем, сени жолдоруңа жараша жазалайм, жийиркеничтүү иштериңдин баарын өзүңө жүктөйм.

4Менин көзүм сени аябайт, сага ырайым кылбайм, жолдоруңа жараша тиешеңди берем, жийиркеничтүү иштериң өзүң менен болот, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер”».

5Кудай-Теңир мындай дейт: «Кырсык, мына, бир кырсык келе жатат.

6Акыры келди, акыры келди, ал сага каршы көтөрүлдү, мына, жетти.

7Кырсык сага жетти, өлкөнүн тургуну! Убакыт келди, ал күн жакын, тоолордогу кубанычтуу кыйкырыктын күнү эмес, дүрбөлөңдүү күн келерине жакын калды.

8Мына, Мен жакында сенин үстүңө Өзүмдүн каарымды төгөм, Өзүмдүн сага каршы ачуумду бүт төгөм, сени жолдоруңа жараша жазалайм, жийиркеничтүү иштериңдин баарын өзүңө жүктөйм.

9Менин көзүм сени аябайт, сага ырайым кылбайм, жолдоруңа жараша тиешеңди берем, жийиркеничтүү иштериң өзүң менен болот, ошондо Менин жазалоочу Теңир экенимди билесиңер.

10Мына, ал күн, мына, келди! Сенин убагың келди! Таяк гүлдөдү, текебердик өрчүп кетти.

11Кыянаттык мыйзамсыздыктын таягына айланды. Алардан, алардын тукумунан эч ким калбайт, алардын байлыгынан эч нерсе калбайт, аларды жоктоп ыйлашпайт.

12Убакыт келди, күн жакындады. Сатып алган адам кубанбасын, саткан адам ыйлабасын, анткени каар алардын көп сандаган элинин үстүндө.

13Анткени саткан адам өзү тирүү калса да, сатылган нерсесине кайрылып келбейт. Анткени алардын көп сандаган эли жөнүндөгү пайгамбарчылык көрүнүш жокко чыкпайт, мыйзамсыздыгы менен эч ким өз өмүрүн чыңдай албайт.

14Сурнай тартышты, бардыгы даяр болду, бирок согушка барган эч ким жок. Анткени Менин каарым алардын көп сандаган элинин үстүндө.

15Yйдүн сыртында – кылыч, ал эми үйдүн ичинде – жугуштуу оору жана ачарчылык. Ким талаада болсо, ал кылычтан өлөт, ал эми ким шаарда болсо, аны жугуштуу оору менен ачкачылык жейт.

16Алардын арасынан аман калгандар качып кетишет, алардын баары тоолордо болушат. Ар бири өз мыйзамсыздыгы үчүн өрөөндүн көгүчкөндөрүндөй болуп онтойт.

17Баарынын колдору шалдаят, баарынын тизелери сууга окшоп титирейт.

18Ошондо алар зумбал курчанышат, аларды калтырак басат. Алардын баарынын жүздөрүндө уялуу болот, баштарындагы чачтары түшөт.

19Алар өздөрүнүн күмүштөрүн көчөгө ыргытышат, алтындары алар үчүн таза эмес нерсе сыяктуу болуп калат. Теңирдин каары төгүлгөн күнү аларды өздөрүнүн алтыны менен күмүшү куткара албайт. Алар аны менен жандарын тойгуза алышпайт, курсактарын да толтура алышпайт, анткени алардын мыйзамсыздык кылуусуна ошолор түрткү болгон.

20Алардан жасалган сонун жасалгаларды алар өздөрүнүн даңкы үчүн колдонушту, алардан өздөрүнүн жийиркеничтүү буркандарынын айкелдерин жасашты. Ошондуктан аларды алар үчүн таза эмес нерсеге айландырам.

21Аны башкалардын колуна олжого берем, жер жүзүнүн мыйзамсыз адамдарына талатам, алар аны булгашат.

22Мен алардан Өз жүзүмдү бурам, ошондо алар Менин ыйык сактаган жайымды булгашат, ага талап-тоноочулар кирип, аны булгашат.

23Чынжыр жаса, анткени бул жер кандуу кылмыштарга толгон, шаар зордук-зомбулукка толгон.

24Мен элдердин арасынан өтө каардуу адамдарды алып келем, алар алардын үйлөрүн ээлеп алышат. Күчтүүлөрдүн текебердигин аягына чыгарам, алардын ыйык жайлары булганат.

25Кыргын келе жатат. Тынчтыкты издешет, бирок табышпайт.

26Кырсыктын артынан кырсык, кабардын артынан кабар келет, пайгамбардан көрүнүш сурашат, ыйык кызмат кылуучулар мыйзамды окута албай, карылар акыл-насаат айта албай калышат.

27Падыша аза күтөт, төрөнү коркунуч басат, бул жердеги элдин колдору калтырайт. Аларга өздөрүнүн жолдоруна жараша кылам, аларды өздөрүнүн сотторуна жараша соттойм. Ошондо Менин Теңир экенимди билишет».