1Алтынчы жылы, алтынчы айдын бешинчи күнү мен өзүмдүн үйүмдө отургам. Жүйүт аксакалдары алдымда отурушкан. Мага ошол жерде Кудай-Теңирдин колу түштү.
2Ошондо мен отко окшогон бирөөнү көрдүм, анын белинен өйдө от, белинен жогору жалындын жарыгындай жаркырак эле.
3Ал колго окшогон бир нерсени сунуп, мени чачтан алды, ошондо рух мени асман менен жердин ортосуна көтөрдү, ал мени Кудайдын көрүнүштөрүндө Иерусалимге, түндүктү караган ички дарбазанын кире беришине, кызганчаактыкты ойготкон кызганчаактыктын жасалма кудайы орнотулган жерге алып келди.
4Ошол жерде мен талаадан көргөн даңкка окшош Ысрайыл Кудайынын даңкы турган эле.
5Ал мага: «Адам уулу! Түндүк тарапка көз чаптыр», – деди. Мен түндүккө көз чаптырдым, мына, кире бериште турган ошол кызганчаактыктын жасалма кудайы курмандык чалынуучу жайдын дарбазасынын түндүк жагында экен.
6Ал мага: «Адам уулу! Алардын эмне кылып жатышканын көрүп турасыңбы? Мен Өзүмдүн ыйык жайымдан кетип калышым үчүн, ушул жерде Ысрайылдын кандай чоң жийиркеничтүү иштерди жасап жатканын көрүп турасыңбы? Дагы кара, мындан да көп жийиркеничтүү иштерди көрөсүң», – деди.
7Анан Ал мени короонун кире беришине алып келди, мен көз жибердим, дубалда бир тешик бар экен.
8Ал мага: «Адам уулу! Дубалды теш!» – деди. Мен дубалды тештим, кандайдыр бир эшик көрүндү.
9Ошондо мага: «Кир, алардын ушул жерде кылып жаткан эң жаман жийиркеничтүү иштерин көр», – деди.
10Мен кирип, ысрайылдыкар табынган сойлоочулардын, таза эмес жаныбарлардын ар кандай айкелдерин, дубалдарга тегерете оюп түшүрүлгөн ар кандай жасалма кудайларын көрдүм.
11Алардын алдында Ысрайылдын аксакалдарынан жетимиш киши туруптур, алардын арасында Сапан уулу Жазания да бар экен. Ар биринин колунда жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү чөйчөк бар эле, жыпар жыттуу заттын коюу түтүнү жогору көтөрүлүп жатты.
12Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу, Ысрайылдын аксакалдары караңгы жерде, ар бири өзүнүн сүрөт тартылган бөлмөсүндө эмне кылып жатышканын көрүп турасыңбы? Анткени алар: “Теңир бизди көрбөйт, Теңир бул жерди таштап кетти”, – дешет».
13Ал мага: «Дагы кара, ошондо алардын мындан да жаман жийиркеничтүү иштерди жасап жатканын көрөсүң», – деди.
14Ал мени Теңир үйүнүн түндүк тарабындагы дарбазасынын кире беришине алып барды, мен ал жерден Тамузду жоктоп ыйлап отурган аялдарды көрдүм.
15Ал мага: «Адам уулу, көрүп турасыңбы? Дагы кара, мындан да жаман жийиркеничтүү иштерди көрөсүң», – деди.
16Ал мени Теңир үйүнүн ички короосуна алып барды, Теңирдин ийбадатканасынын эшигинин алдында, кире бериш бөлмө менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда жыйырма бешке жакын эркек Теңирдин ийбадатканасына артын салып турушуптур. Алар жүздөрү менен чыгышка бурулуп, чыгыштагы күнгө табынып жатышты.
17Ал мага мындай деди: «Адам уулу, көрүп турасыңбы? Жүйүт тукумуна өздөрүнүн ушул жерде кылган ушундай жийиркеничтүү иштери аздык кылып жатабы? Мындан сырткары, алар жерди кыянат иштерге толтуруп, Мени өзгөчө каардантып жатышат. Алар өз мурундарына бутактарды жакын алып барып жатышат.
18Ошондуктан Мен да каардуу мамиле кылам, Менин көзүм аябайт, ырайым кылбайм. Алар Менин кулагыма катуу кыйкырышса да, аларды укпайм».