Жезекиел 9:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Ал менин кулагыма аябай катуу үн менен мындай деди: «Шаарды жазалоочулар жакын келишсин, ар биринин колунда кыйратуучу куралы болсун».

2Ошондо мен түндүк жакты караган жогорку дарбаза жактан ар биринин колунда кыйратуучу куралы бар алты киши келе жатканын көрдүм. Алардын арасында зыгыр кездемеден кийим кийген, белинде катчынын сыя челеги бар бирөө бар экен. Алар келип, жезден жасалган курмандык чалынуучу жайдын жанына турушту.

3Ысрайыл Кудайынын даңкы керуптардын үстүнөн Yйдүн босогосуна түшүп, зыгыр кездемеден кийим кийген, белинде катчынын сыя челеги бар адамды чакырды.

4Теңир ага мындай деди: «Шаарды аралап өт, Иерусалим шаарын аралап өт, анын ичинде болуп жаткан жийиркеничтүү иштер үчүн кайгырган, үшкүргөн адамдардын чекесине белги кой».

5Тигилерге болсо менин кулагыма угуза мындай деп айтты: «Анын артынан ээрчип, шаарды аралап, кыргыла. Көзүңөр аябасын, бооруңар оорубасын.

6Карыяны да, уланды да, кызды да, наристени да, аялдарды да өлтүргүлө. Бирок белгиси барлардын бирине да тийбегиле. Менин ыйык жайымдан баштагыла». Ошондо алар Теңир үйүнүн алдында турган аксакалдардан башташты.

7Анан аларга мындай деди: «Теңир үйүн булгагыла, короолорду өлүктөргө толтургула, анан сыртка чыккыла». Алар сыртка чыгышты да, шаардагыларды өлтүрө башташты.

8Аларды өлтүрүп жатышканда, мен ошол жерде турдум. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылып, боздоп ыйлап: «Оо Кудай-Теңир! Иерусалимге каарыңды төгүп, чын эле, Сен Ысрайылдын бүт калдыгын кырып саласыңбы?» – дедим.

9Ошондо Ал мага мындай деди: «Ысрайыл менен Жүйүт тукумунун күнөөсү чоң, абдан чоң. Бул жер канга толду, шаар жалганчылыкка толду, анткени алар: “Теңир бул жерди таштап койду, Теңир бул жерди көрбөйт”, – деп жатышат.

10Ошон үчүн Менин көзүм да аябайт, ырайым кылбайм. Аларга өздөрүнүн жолдоруна жараша тиешесин берем».

11Ошондо зыгыр кездемеден кийим кийген, белинде катчынын сыя челеги бар киши: «Сен мага кандай буйрусаң, мен ошондой кылдым», – деп жооп берди.