Жеремиянын ыйы 1:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Бир кезде көп элдүү болгон шаар жесир аялдай болуп жалгыз отурат! Элдердин арасындагы улуу шаар, дубандардын төрөсү салык төлөөчү болуп калды.

2Түнкүсүн ал катуу ыйлайт, анын көзүнөн жаш куюлат. Аны сүйгөндөрдүн ичинен сооротор эч кимиси жок. Досторунун баары ага чыккынчылык кылышты, ага душман болуп калышты.

3Жүйүт алааматтын, оор кулчулуктун айынан туткундалып кетти, бутпарастардын арасына көчүп барды, бирок тынчтык таба алган жок, куугунтуктагандардын баары аны тар жерлерде кууп жетишти.

4Сион жолдору капаланып жатат, себеби майрамга барган эч ким жок. Анын бүт дарбазаларынын алды бош калды. Анын ыйык кызмат кылуучулары үшкүрүп жатышат, анын кыздары кайгыга батты, ал өзү да кайгырып жатат.

5Ага өзүнүн душмандары башчылык кылып жатат, анын кас адамдары жыргап жашап жатышат, анткени Теңир ага өзүнүн көптөгөн мыйзамсыздыктары үчүн алаамат түшүрдү. Балдары душмандарынын алдына түшүп туткундалып кетишти.

6Ошентип, Сион кызынан көрк кетти. Анын төрөлөрү жайыт таппаган бугулардай болуп калышты. Алсыраган алар куугунчулардын алдына түшүштү.

7Иерусалим өзүнүн башына алаамат түшкөн күндөрү, азап чеккен күндөрү өзүнүн мурунку баалуулуктарын эстеди. Эли душмандын колунан кырылып жатканда, ага эч ким жардамга келген жок. Душмандары аны карап, анын ишемби күндөрүн шылдыңдап күлүп жатышат.

8Иерусалим оор күнөөгө батты, ошондуктан жийиркеничтүү болуп калды. Мурда даңктап жүргөндөрдүн баары азыр аны жек көрө карашат, анткени анын жылаңачтыгын көрүштү, ал өзү да үшкүрүнө жүзүн бурат.

9Анын этегинде ыпыластык бар эле, бирок ал өз келечеги жөнүндө ойлогон эмес, ошондуктан ал өзгөчө кемсинди, анын сооротору жок. «Теңир, менин башыма түшкөн оор күнгө назар сал, анткени душманым салтанат куруп жатат!»

10Душман анын эң кымбат нерселерине колун сунду. Ал өзүнүн ыйык жайына бутпарастардын кантип кирип жатканын көрүп турат. Сен бутпарастарды Өзүңдүн ыйык жамаатыңа кирбесин деп буйругансың.

11Анын бүт эли нан издеп үшкүрүп жатат, жанына кубат берчү тамак үчүн өзүнүн эң кымбат нерселерин берип жатат. «Теңир, кара, менин кандай кемсингенимди көр!

12Жол менен өтүп бара жаткандар, силердин башыңарга мындай күн түшпөсүн! Карап көргүлөчү, мен чалдыккан оорудай оору бар бекен? Теңир мага Өзүнүн жалындаган каарын төккөн күнү жиберген оорудай оору бар бекен?

13Жогору жактан Ал менин сөөктөрүмө от жиберди, от сөөктөрүмдү кургатты. Буттарыма тузак тартып, мени көмөлөнттү, мени жакыр жана күн сайын жапа чеккен адам кылды.

14Менин мыйзамсыздыктарымдын моюнтуругу Анын колунда байланып турат. Алар бири-бирине байланып, мойнума салынды. Ал мени алсыратты. Теңир мени каршы турууга күчүм жетпеген душмандарымдын колуна салып берди.

15Менин бүт күчтүүлөрүмдү Теңир өз жеримде кулатты. Менин уландарымды жок кылуу үчүн, мага каршы эл чакырды. Кызды, Жүйүт кызын, Теңир жүзүм сыгылуучу жайда тебелегенсип тебеледи.

16Мен ушул тууралуу ыйлап жатам. Көзүмдүн жашы көл болду, анткени менин жанымды тирилте турган сооротуучу менден алыс. Балдарым кыргынга учурады, анткени душман мени жеңди».

17Сион өз колун сунуп жатат, бирок анын сооротуучусу жок. Теңир душмандарга Жакыпты курчоону буйрук кылды. Алардын арасында Иерусалим жийиркеничтүү болуп калды.

18«Теңир адилеттүү, анткени мен Анын сөзүнө моюн сунган эмесмин. Бардык элдер, уккула, менин оорумду көргүлө: кыздарым менен уулдарым туткундалып кетишти.

19Досторумду чакырдым, бирок алар мени алдап кетишти. Ыйык кызмат кылуучуларым менен аксакалдарым жандарына бир аз кубат алыш үчүн, шаарда нан издеп үшкүрүп жүрүшөт.

20Теңир, көз кырыңды сал, анткени мен Сага көшөрүп каршы турганым үчүн кыйналып жатам, жаным жай таппай жатат, жүрөгүм эңшерилип кетти. Сырттан кылыч мени балдарымдан ажыратты, ал эми үйүмдөн өлүм конуш алды.

21Менин онтоп жатканымды угушту, бирок менин сооротуучум жок. Бүт душмандарым менин башыма түшкөн мүшкүл жөнүндө угуп, муну Сен кылганың үчүн кубанып жатышат. Оо, эгерде Сен Өзүң алдын ала айткан күндү кел деп буйруй турган болсоң, анда алар да мага окшоп калышат эле!

22Алардын бардык кыянат иштери Сенин алдыңа келсе экен. Бүт күнөөлөрүм үчүн Сен мени кандай жазаласаң, аларды да ошондой жазала, анткени мен катуу онтоп жатам, жүрөгүм сыздап жатат».

ticle>