1Теңир Сион кызына Өзүнүн каарынын кара булутун каптатты! Ысрайылдын көркүн асмандан жерге кулатты, Өзү каарданган күнү Өзүнүн буттары турган жерди эсине алган жок.
2Теңир Жакыптын бардык турак жайларын талкалады, аяган жок. Теңир каарданып, Жүйүт кызынын чептерин кыйратып, жерге кулатты, анын падышачылыгын жана төрөлөрүн четке какты.
3Катуу каарданып, Ысрайылдын бүт мүйүздөрүн сындырды. Душманга каршы сунулган Өзүнүн оң колун тартып алды, тегерегиндегинин баарын жалмаган, алоолонгон оттой болуп, Жакыпка каршы жалындады.
4Душмандай болуп Өз жаасын тартты, жоодой болуп Өзүнүн оң колун каршы сунду, көздү суктанткандардын баарын өлтүрдү. Сион кызынын жыйын чатырына Өзүнүн каарын оттой төктү.
5Теңир душмандай болуп калды, Ысрайылды жок кылды, анын бүт үйлөрүн кыйратты, анын чептерин талкалады, Жүйүт кызынын кайгысы менен ыйын көбөйттү.
6Бактын тосмосун алып салгандай, Ал Өз коргонун алып салды. Өзүнүн жамааты чогулган жайды талкалады. Теңир Сиондо өткөрүлүүчү майрамдар менен ишемби күндөрдү эстен чыгарууга мажбур кылды. Катуу каарданып, падышаны жана ыйык кызмат кылуучуну четке какты.
7Теңир Өзүнүн курмандык чалынуучу жайын четке какты, Өзүнүн ыйык жайынан Өзүнүн жүрөгүн буруп кетти, анын үйлөрүнүн дубалдарын душмандардын колуна салып берди. Теңирдин үйүндө алар майрам күндөгүдөй дуулдап жатышты.
8Теңир Сион кызынын дубалдарын кыйратууга чечим чыгарды, аркан тартты, Өз колун тартып алган жок, кыйратуусун токтоткон жок. Сырткы чептерин талкалады, дубалдарын кошо кыйратты.
9Анын дарбазалары жерге матырылып калды. Теңир алардын кулпуларын талкалады, сындырды. Анын падышасы да, төрөлөрү да бутпарастардын арасында. Алар үчүн мыйзам жок болуп калды, анын пайгамбарлары Теңирден көрүнүш көрбөй калышты.
10Сион кызынын карылары баштарына күл чачып, зумбал курчанып, жерде унчукпай отурушат. Иерусалим кыздары баштарын жерге салышты.
11Көз жашымды төгө берип, көзүм начарлап калды, жаным кыйналып жатат, өз элимдин кызынын кырылганынан улам боорум эзилип, жерге төгүлүп жатат. Анткени балдар менен эмчектеги ымыркайлар ачарчылыктан шаардын көчөлөрүндө өлүп жатышат.
12Алар шаардын көчөлөрүндө жарадарларга окшоп өлүп бара жатып, энелерине: «Нан менен шарап кана?» – деп, энелеринин кучагында жан берип жатышат.
13Мен сага эмнени айтсам болот, сени эмнеге салыштырсам болот, Иерусалим кызы? Кыз, Сион кызы, сооротуш үчүн сени эмнеге окшоштурсам болот? Анткени сенин жараатың деңиздей чоң. Сени ким сакайта алат?
14Пайгамбарларың сага пайдасыз, жалган нерселерди айтышты, сени туткундалып кетүүдөн алдын ала сактап калыш үчүн мыйзамсыз иштериңди ачышкан жок. Сенин куугунтукталып кетүүңө себеп болгон жалган аяндарды айтышты.
15Жолдо өтүп бара жаткандардын бардыгы сени көрүп, алакандарын шак коюп жатышат. Ышкырып, баштарын чайкап: «Сулуулуктун жеткилеңдиги, бүт жер жүзүнүн кубанычы деген шаар ушулбу?» – деп, Иерусалим кызы жөнүндө айтып жатышат.
16Душмандарыңдын бардыгы ооздорун араандай ачып, ышкырып, тиштерин кычыратып: «Аны биз жуттук, биз ушул күндү гана күткөнбүз, күткөнүбүз келди, көзүбүз менен көрдүк», – деп жатышат.
17Теңир эмнени белгилесе, ошону жүзөгө ашырды. Өзүнүн байыркы күндөрү айткан сөзүн аткарды, аёосуз талкалады. Душмандын сени жеңип кубануусуна жол берди, душмандарыңдын мүйүзүн жогору көтөрдү.
18Алардын жүрөгү Теңирге кайрылып ыйлап жатат. Оо Сион кызынын дубалы! Көз жашыңды күнү-түнү дарыядай агыз, жаныңды жай алдырба, көзүңдүн каректерин эс алдырба.
19Тур, түн ичинде кайрыл, ар бир күзөт маалы башталганда кайрыл: Теңирдин алдында жүрөгүңдү суудай төк. Көчөлөрдүн булуң-бурчтарында ачарчылыктан өлүп жаткан балдарыңдын жаны үчүн Ага колуңду сун.
20«Кара, Теңир, көр, Сен кимге ушундай кылдың? Аялдар өз балдарын, эмчек берип баккан өз наристелерин жеп жатышат. Теңирдин ыйык жайында ыйык кызмат кылуучуну жана пайгамбарды өлтүрүп жатышат.
21Балдар менен карылар жерде, көчөлөрдө жатышат. Кыздарым менен уландарым кылычтан өлүштү. Сен аларды Өзүң каарданган күнү өлтүрдүң, аёосуз сойдуң.
22Сен мага коркунучтарды, майрамга чакыргандай, туш тараптан чакырдың. Теңир каарын төккөн күнү эч ким качып кутулган жок, эч ким тирүү калган жок. Багып өстүргөнүмдүн баарын өзүмдүн душманым жок кылды».