1Мен Теңирдин каар таягынын соккусунан улам кайгыны баштан өткөргөн адаммын.
2Ал мени жетелеп, жарыкка эмес, караңгылыкка киргизди.
3Ал мага каршы бурулуп, күнү бою Өз колун менден тарткан жок.
4Менин денем менен теримди жабыркатты, сөөктөрүмдү талкалады.
5Мени тегерете тосту, мени кайгы жана кыйынчылык менен курчады.
6Мени небак өлгөндөрдөй кылып, караңгы жерге отургузду.
7Чыгып кетпесин деп, мени дубал менен курчады, кишендеримди оордотту.
8Мен жалынып-жалбарып кайрылганымда, сыйынуумду токтотуп койду.
9Менин жолдорумду таштар менен тосту, жолдорумду бузуп салды.
10Ал мен үчүн буктурмада бугуп жаткан аюудай, жашыруун жерде жаткан арстандай болуп калды.
11Ал менин жолдорумду бузуп салды, мени тытып таштады, мени киши санынан чыгарды.
12Өз жаасын тартты, мени жаа үчүн бута кылып койду.
13Өз саадагындагы жебелер менен бөйрөктөрүмө атты.
14Мен өзүмдүн бүт элиме шылдың болдум, алардын күндөлүк ырына айландым.
15Ал мени кайгыга тойгузду, мага эрмен ичирди.
16Тиштеримди таш менен талкалады, мени күлгө оонатты.
17Жанымдан тынчтык кетти, жакшы күн жөнүндө унутуп койдум.
18Ошондо мен: «Алсырап калдым, Теңирге болгон үмүтүм үзүлдү.
19Менин кайгым жөнүндө, кыйынчылыктарым жөнүндө, эрмен менен өт жөнүндө ойло», – дедим.
20Аларды менин жаным тынымсыз эстеп, кыйналып жатат.
21Мен өз жүрөгүмө мындай деп жооп берип, үмүт кылып жатам:
22«Теңир ырайымдуу болгондуктан, биз жок болуп кеткен жокпуз, анткени Анын ырайымы түгөнгөн жок.
23Анын ырайымы ар бир таңда жаңырып турат. Сенин ишенимдүүлүгүң зор!
24Теңир менин бөлүгүм, – дейт менин жаным, – ошондуктан мен Андан үмүттөнөм».
25Теңирден үмүттөнгөндөргө, Теңирди издеген адамга Теңир ырайымдуу.
26Теңирдин куткаруусун чыдамкайлык менен күткөн адамга жакшы.
27Жаш кезинде моюнтурук көтөргөн адамга жакшы.
28Ал унчукпастан жалгыз отурат, анткени аны ага Теңир салды.
29Ал оозун топуракка коюп: «Балким, дагы үмүт бардыр», – деп ойлойт.
30Ал уруп жатканга бетин тосот, кордукка тоёт.
31Бирок Теңир түбөлүккө таштабайт.
32Кайгы жиберсе да, Өзүнүн улуу ырайымдуулугу менен ырайым кылат.
33Анткени Ал адам уулдарын Өз жүрөгүнүн каалоосу боюнча жазалабайт, Өз жүрөгүнүн каалоосу боюнча кайгыга салбайт.
34Бирок жер жүзүндөгү бардык туткундарды тебелеп жатышканда,
35Бардыгынан Жогору Тургандын алдында адамды адилетсиз соттоп жатышканда,
36адамды өз ишинде кысымга алып жатышканда, Теңир көрбөйт бекен?
37«Теңир буйрук кылбаган нерселер деле боло берет», – деп, ким айтып жатат?
38Алаамат да, тынчтык да Бардыгынан Жогору Тургандын оозунан чыккан буйрук боюнча болуп жаткан жокпу?
39Жашап жаткан адам эмнеге кайгырып жатат? Ар ким өз күнөөлөрү үчүн кайгырсын.
40Өзүбүздүн жолдорубузду сынайлы, изилдейли, анан Теңирге кайрылалы.
41Асманда жашаган Кудайга жүрөгүбүз менен колубузду көтөрөлү:
42«Биз күнөө кетирип, өжөрлөндүк, Сен кечирген жоксуң.
43Сен Өзүңдү каар менен жаап алып, биздин артыбыздан түштүң, бизди өлтүрдүң, аяган жоксуң.
44Биздин сыйынуубуз Сага жетпеш үчүн, Сен Өзүңдү булут менен жаап алдың.
45Элдердин арасында Сен бизди таштандыга, жийиркеничке айланттың.
46Душмандарыбыздын бардыгы бизге каршы ооздорун араандай ачышты.
47Коркунуч жана ор, кыйроо жана бүлүнүү биздин энчибиз болду».
48Элимдин кызы кыйрагандыктан, көзүмдүн жашы көл болуп жатат.
49Көз жашым токтобой төгүлүп жатат, анткени жеңилдик жок.
50Теңир асмандан качанга чейин көз кырын салбайт, качанга чейин көрбөйт?
51Менин шаарымдын бүт кыздары үчүн көзүм жанымды кайгыга салып жатат.
52Мага эч себепсиз душман болгондор мени чымчык сыяктуу торго түшүрүү үчүн, ар кандай аракет кылышты.
53Менин өмүрүмдү орго салып, мага таш жаадырышты.
54Суу башыма чейин көтөрүлдү, ошондо мен: «Өлдүм!» – дедим.
55Теңир, терең ордун ичинен мен Сенин ысымыңды чакырдым.
56Сен менин үнүмдү уктуң. Менин үшкүрүгүмдү, ыйымды укпаш үчүн, Өз кулагыңды жаап алба!
57Мен Сени чакырганда, Сен жакын келип: «Коркпо!» – дечүсүң.
58Теңир, Сен менин жанымдын ишин коргоп турчусуң, менин өмүрүмдү куткарып турчусуң.
59Теңир, Сен менин таарынычымды көрүп турасың, менин ишимди чечип бер!
60Сен алардын бүт кегин, алардын мага каршы ойлогон бүт оюн көрүп турасың.
61Теңир, Сен алардын тилдегенин, алардын мага каршы ойлогон ойлорун угуп турасың.
62Сен күн сайын мага каршы чыккандардын сөздөрүн, алардын мага каршы колдонгон айла-амалдарын угуп турасың.
63Аларды карачы, отурса да, турса да, алардын ыры – мен.
64Теңир, аларга кылган иштерине жараша тиешесин бере көр.
65Алардын жүрөгүнө караңгылык жибер, аларга Өзүңдүн каргышыңды жибер.
66Теңир, каарың менен алардын артынан түш, аларды асман астынан жок кыл.