Жеремиянын ыйы 4:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Алтын кандай карарды! Эң жакшы алтын кандай өзгөрдү! Ыйык жайдын таштары көчөлөрдүн кесилишине чачылды.

2Сиондун таза алтынга барабар кымбат баалуу уулдары карапачы жасаган чопо идиштерге окшоп калышты!

3Чөөлөр да эмчек берип, балдарын тойгузуп жатат, менин элимдин кызы болсо чөлдөгү төө кушка окшоп, таш боор болуп калды.

4Суусаганынан эмчектеги баланын тили таңдайына жабышып калды. Балдар нан сурап жатышат, бирок аларга нан берген эч ким жок.

5Таттуу тамак жегендер көчөлөрдө соолуп жатышат. Кочкул кызыл кийим кийип чоңойгондор кык кучактап жатышат.

6Элимдин кызынын күнөөсү үчүн алган жазасы Содомдун күнөөсү үчүн алган жазасынан ашып түштү: Содом көз ачып-жумгуча кулатылган, ага адамдын колу тийген эмес.

7Элимдин төрөлөрү кардан таза, сүттөн ак болчу. Алардын денеси маржандан сулуу, ал эми көрүнүшү сапфирдей эле.

8Азыр болсо алардын жүзү бардык кара нерседен да кара. Көчөлөрдө аларды таанышпайт. Алардын териси сөөктөрүнө жабышып, жыгачтай болуп куурап калды.

9Кылычтан өлгөндөр ачарчылыктан өлгөндөргө караганда бактылуу, анткени булар талаа жемиштеринин жетишпегендигинен кыйналып өлүп жатышат.

10Менин элимдин кызы кыйрап жаткан убакта жүрөгү жумшак аялдар өздөрүнө тамак болуш үчүн, өз балдарын бышырышты.

11Теңир Өзүнүн каарын, Өзүнүн жалындаган каарын төктү, Сион шаарына от койду, ал от шаардын негиздерин жалмады.

12Иерусалимдин дарбазасынан душман менен жоо кирет деп, жер жүзүнүн падышалары жана ааламда жашагандардын баары ишенишкен эмес.

13Мунун баары анын жалган пайгамбарларынын күнөөлөрү үчүн, шаардын ичинде адил адамдардын канын төккөн анын ыйык кызмат кылуучуларынын мыйзамсыздыктары үчүн болду.

14Көчөлөрдө сокурлардай тентиреп жүрүштү, канга булганышты, ошондуктан алардын кийимдерине кол тийгизүү мүмкүн эмес эле.

15Алардын алдында: «Четке чыккыла! Таза эмес!» – деп кыйкырышты. «Четке чыккыла, четке чыккыла, кол тийгизбегиле!» – дешти. Ошондо алар уялып, кетип жатышты. Элдер арасында болсо: «Алар бул жерде калышпасын, – деп жатышты.

16Теңирдин жүзү аларды чачат. Теңир эми аларды карабайт, анткени алар ыйык кызмат кылуучуларды сыйлашпайт, аксакалдарга ырайым кылышпайт».

17Биздин көзүбүз келбес жардамды күтүп талыды. Өзүбүздүн күзөт мунарабыздан бизди куткара албай турган элди күттүк.

18Өз көчөлөрүбүздө баса албашыбыз үчүн, алар биздин ар бир кадамыбызды аңдып турушту. Биздин акыркы күнүбүз жакындап калды, күнүбүз бүттү, биздин акыркы күнүбүз келди.

19Бизди куугунтуктагандар асмандагы бүркүттөрдөн да ыкчам эле. Алар тоолордо бизди кууп жүрүштү, чөлдө биз үчүн буктурма коюп жатышты.

20Биздин өмүрүбүздүн деми – Теңирдин майланганы алардын оруна түштү. Биз ал жөнүндө: «Биз элдер арасында анын көлөкөсү астында жашайбыз», – дечү элек.

21Эдом кызы, Уc жеринин тургуну, кубан, шаттан! Каарга толгон чөйчөк сага да жетет. Мас болгуча ичип, жылаңачтанасың.

22Сион кызы! Сенин мыйзамсыздыгың үчүн жазалоо бүттү. Ал сени мындан ары кууп чыкпайт. Бирок мыйзамсыздыгың үчүн, Эдом кызы, Ал сени жазалайт, күнөөлөрүңдү ачат.

ticle>