1Теңир, биздин башыбызга эмне түшкөнүн эсте. Көз кырыңды сал, биздин кордолгонубузду кара.
2Биздин мурасыбыз чоочун элге өттү, үйлөрүбүз бөтөн урууларга өттү.
3Биз атасыз жетим калдык, энелерибиз жесирлердей болуп калышты.
4Биз өзүбүздүн суубузду күмүшкө сатып алып ичип жатабыз, өз отундарыбызды акчага алып жатабыз.
5Мойнубузга моюнтурук салып айдап алышты, биз иштеп жатабыз, бизде эс алуу жок.
6Нанга тоюш үчүн, мисирликтер менен ашурлуктарга колубузду сунуп жатабыз.
7Биздин ата-бабаларыбыз күнөөгө батышкан, азыр алар жок. Алардын мыйзамсыздыктары үчүн биз жазаланып жатабыз.
8Бизге кулдар үстөмдүк кылып жатышат, бизди алардын колунан куткарып алчу эч ким жок.
9Өмүрүбүздү кылыч коркунучуна салып, чөлдө өзүбүзгө нан таап жатабыз.
10Жанга баткан ачкачылыктан терибиз мештей карарып кетти.
11Сиондо аялдардын, Жүйүт шаарларында кыздардын абийирин булгап жатышат.
12Төрөлөрдү асышты, аксакалдарды урматташкан жок.
13Уландарды тегирмен таштарын айлантууга алып жатышат, өспүрүмдөр көтөргөн отундарынын оордугунан жыгылып жатышат.
14Аксакалдар дарбаза алдында отурбай калышты, уландар ырдабай калышты.
15Жүрөгүбүз кубанбай калды, ыр-бийлерибиз кайгы-муңга айланды.
16Башыбыздан таажы түштү. Бизге кайгы, анткени биз күнөөгө баттык!
17Мына ошон үчүн жүрөгүбүз кыйналып жатат, ошон үчүн көздөрүбүз тунарды.
18Сион тоосу ээн калгандыктан, түлкүлөр жойлоп жүрөт.
19Сен, Теңир, түбөлүктүүсүң. Сенин тагың укумдан-тукумга турат.
20Эмне үчүн бизди таптакыр эсиңден чыгарып салдың? Эмне үчүн бизди узак убакытка таштап койдуң?
21Теңир, бизди Өзүңө кайры, ошондо биз Сага кайрылабыз. Биздин күндөрүбүздү байыркы күндөрдөгүдөй кылып жаңырт.
22Чын эле, Сен бизди биротоло четке кагып салдыңбы, бизге катуу каардандыңбы?