Жеремия 1:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Бенжемин жериндеги Анатотто жашаган ыйык кызмат кылуучулардын бири Хилкиянын уулу Жеремиянын сөздөрү.

2Ага Жүйүт падышасы Амон уулу Жошиянын тушунда, анын падышачылыгынын он үчүнчү жылында Теңирден сөз болду.

3Ага Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин тушунда, Жүйүт падышасы Жошия уулу Ситкиянын падышачылыгынын он биринчи жылынын акырына чейин, Иерусалимдегилер туткундалып кеткенге чейинки бешинчи айда Теңирден дагы сөз болду.

4Ошондо Теңирден мага мындай сөз болду:

5«Мен сени энеңдин ичинде Өзүм жаратканга чейин эле билчүмүн, сен төрөлгөнгө чейин эле, Мен сени ыйыктагам: сени элдерге пайгамбар кылып койгом».

6Бирок мен: «Оо Кудай-Теңир! Мен сөз сүйлөгөндү билбейм, анткени өтө эле жашмын», – дедим.

7Бирок Теңир мага мындай деди: «“Жашмын”, – дебе, анткени Мен сени кимге жиберсем, ошолордун бардыгына барасың; Мен сага эмнени буйрусам, ошону айтасың.

8Алардан коркпо. Сени куткаруу үчүн, Мен сени мененмин, – деди Теңир».

9Ошондо Теңир Өз колун сунуп, менин оозума тийгизди, анан Теңир мага мындай деди: «Мына, Мен Өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуңа салдым.

10Байка, бүгүн Мен сени элдердин, падышачылыктардын үстүнө аларды жок кылуу жана талкалоо үчүн, кыруу жана кыйратуу үчүн, кайра тургузуу жана отургузуу үчүн койдум».

11Теңирден мага мындай сөз болду: «Жеремия, сен эмнени көрүп турасың?» Мен: «Бадам жыгачынан жасалган таякты көрүп турам», – дедим.

12Теңир мага: «Сен туура көрүп турасың, анткени Менин сөзүм жакында аткарылышы үчүн, Мен Өз сөзүмө көз салып турам», – деди.

13Дагы бир жолу Теңирден мага мындай сөз болду: «Сен эмнени көрүп турасың?» Мен: «Түндүк жакты караган, кайнап жаткан казанды көрүп турам», – дедим.

14Теңир мага мындай деди: «Бул жерде жашоочулардын бардыгына кайгы түндүк тараптан келет.

15Анткени мына, Мен түндүк падышачылыктарынын бардык урууларын чакырам, – дейт Теңир, – алар келип, ар бири Иерусалимдин дарбазасынын кире беришине, анын бүт дубалдарын тегерете, Жүйүттүн бардык шаарларына өз тактысын орнотот.

16Бүт мыйзамсыздыктары үчүн, Мени таштап кетишкени үчүн, бөтөн жерликтердин кудайларына жыпар жыттуу зат түтөтүшкөнү үчүн, өз колдору менен жасаган нерселерге табынышкандыгы үчүн, Мен аларга Өз өкүмдөрүмдү жарыялайм.

17Сен болсо белиңди бек бууп, ордуңан тургун да, Мен сага эмнени буйрусам, аларга ошонун бардыгын айт. Алардын алдында коркпо, болбосо Мен сени алардын көз алдында өлтүрүп салам.

18Мына, азыр Мен сени бүт өлкөгө каршы, Жүйүт падышаларына каршы, анын төрөлөрүнө каршы, анын ыйык кызмат кылуучуларына каршы, ушул жердин элине каршы чептүү шаар, темир мамы жана жез дубал кылып койдум.

19Алар сага каршы күрөшөт, бирок сени жеңе алышпайт, анткени сени куткарыш үчүн, Мен сени мененмин, – дейт Теңир».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>