Жеремия 10:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл, Теңирдин силерге айткан сөзүнө кулак салгыла.

2Теңир мындай дейт: «Бутпарастардын жолдорун үйрөнбөгүлө, бутпарастар корккон асман белгилеринен коркпогула.

3Анткени элдердин мыйзамдары – курулай убаракерчилик: токойдон дарак кыйып алып, усталары балта менен иштеп чыгып,

4алтын-күмүш менен каптап, кыймылдабашы үчүн, балка менен мык кагып бекемдешет.

5Алар жонулган мамыдай, сүйлөшпөйт. Аларды көтөрүп жүрүшөт, анткени алар баса алышпайт. Алардан коркпогула, анткени алар жамандык кыла алышпайт, ошондой эле жакшылык да кыла алышпайт».

6Сага теңдеш эч ким жок, Теңир! Сен улуусуң, Сенин ысымың кудуреттүүлүгү менен улуу.

7Сенден ким коркпосун, элдердин Падышасы? Анткени бул бир гана Сага таандык! Анткени бардык элдердин акылмандарынын арасында жана алардын бардык падышачылыктарында Сага теңдеш эч ким жок!

8Алардын бири калбай түшүнүгү жок жана акылсыз. Алардын окуусунун маанисиздигин бул жыгач күбөлөндүрүп турат.

9Жалпайтылган күмүштөрү Таршыштан, алтындары Упаздан ташылып келинген, булар уста менен эритүүчүнүн колунан чыккан. Алардын үстүндөгү кийими жакуттан жана ачык кызыл кездемеден. Мунун баары – чеберлердин иши.

10Ал эми Кудай-Теңир – чындык, Ал – тирүү Кудай жана түбөлүк Падыша. Анын каарынан жер титирейт. Анын каарына элдер чыдай алышпайт.

11Аларга: «Асман менен жерди жаратпаган кудайлар жер үстүнөн жана асман астынан жок болушат», – дегиле.

12Ал жерди Өз кудурети менен жаратты, ааламды Өз даанышмандыгы менен орнотту, асманды Өз акылы менен жайып койду.

13Анын үнүнөн асмандагы суулар күркүрөйт, Ал жер кыйырынан булуттарды көтөрөт. Жамгыр үчүн чагылган жаратат, Өзүнүн сактагычтарынан шамал чыгарат.

14Ар бир адам өз билими менен акылсыздык кылып жатат, ар бир эритүүчү өз бурканы менен өзүн маскара кылып жатат, анткени алардын эритип чыгарган буюму – жалган нерсе, анда рух жок.

15Бул – курулай убаракерчилик, адашуунун иши. Жазалай турган мезгил келгенде, алар жок болушат.

16Жакыптын үлүшү алар сыяктуу эмес, анткени анын Кудайы – бардыгынын Жаратуучусу, Ысрайыл – Анын мурасынын таягы, Анын ысымы – Себайот Теңир.

17Курчоодо отурган Сион кызы, өз буюмдарыңды жер үстүнөн чогултуп ал.

18Анткени Теңир мындай дейт: «Мына, бул жердин тургундарын Мен бул жолу ыргытып жиберем, туткундап кетиши үчүн, аларды тар жерге айдап киргизем».

19Мага кайгы! Жараатым мени кыйнап жатат, бирок мен мындай деп ойлодум: «Чынында, бул менин кайгым, мен аны көтөрөм.

20Менин чатырым ээн калды, менин бүт жиптерим үзүлдү. Балдарым менден кетип калышты, алар жок: менин чатырымды кайра тургуза турган, жабууларымды иле турган эч ким жок.

21Анткени койчулар акылсыз болуп калышты, Теңирди издешкен жок, ошондуктан алар акылсыз иш кылышты, алардын койлорунун баары туш-тушка тарап кетти».

22Уккула! Мына, кабар угулуп жатат, Жүйүт аймагынын шаарларын эрме чөлгө, чөөлөр жашай турган жерге айлантыш үчүн, түндүк тараптагы өлкөдөн чоң ызы-чуу келе жатат.

23Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем.

24Теңир, мени жазала, бирок акыйкаттык менен жазала, мени таптакыр жок кылып койбош үчүн, каарданып турганыңда жазалаба.

25Өз каарыңды Сени билбеген элдерге, Сенин ысымыңды чакырбаган урууларга төк. Анткени алар Жакыпты жеп коюшту, аны жеп коюшту, жок кылышты, анын турак-жайын ээн калтырышты.