Жеремия 12:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Теңир, эгерде мен Сени менен соттошо турган болсом, Сен адилет болуп чыгасың. Ошондой болсо да мен Сени менен адилеттүүлүк тууралуу сүйлөшөм: Эмне үчүн мыйзамсыздардын жолу ийгиликтүү? Эмне үчүн ишенимсиз адамдардын баары жыргап жашашат?

2Аларды Сен отургуздуң, алар тамыр жайып, өсүп, мөмө берип жатышат. Сен алардын оозуна жакынсың, бирок алардын жүрөгүнөн алыссың.

3Мени болсо, Теңир, Сен билесиң, мени көрүп турасың, жүрөгүм Сага карата кандай экенин сынап турасың. Аларды койдой союуга бөлүп, өлө турган күнүнө даярда.

4Жер качанкыга чейин кайгыра берет? Талаадагы чөптөр качанкыга чейин куурай берет? Анын тургундарынын мыйзамсыздыгынан жаныбарлар менен канаттуулар кырылып жатат, анткени алар: «Ал биздин эмне болорубузду көрбөйт», – дешет.

5«Сен жөө жүргөндөр менен чуркаганда, алар сени чарчаткан болсо, анан кантип сен аттар менен жарышка чыгасың? Эгерде сен тынч өлкөдө коопсуз жашаган болсоң, анда Иордан дарыясы ташыганда эмне кыласың?

6Анткени сенин бир туугандарың да, атаңдын үйү да, алар да сага ишенимсиздик кылып жатышат, алар сенин артыңдан катуу кыйкырып жатышат. Сага жакшы сүйлөшсө да, аларга ишенбегин.

7Мен Өз үйүмдү таштадым, Өз энчимди таштадым. Менин жанымдын эң жакшы көргөнүн душмандарынын колуна бердим.

8Өз энчим Мен үчүн токойдогу арстандай болуп калды. Ал Мага үнүн көтөрдү, ошон үчүн Мен аны жек көрүп калдым.

9Өз энчим Мен үчүн башка жырткыч куштар ар тараптан кол салган кооз куштай болуп калды. Келгиле, бүт талаа жырткычтары, чогулгула, аны жеш үчүн келгиле.

10Көп койчулар Менин жүзүмдүгүмдү бузуп салышты, буттары менен Менин жеримди тебелеп салышты. Менин жакшы көргөн жеримди ээн талаага айландырышты,

11аны чөлгө айландырышты. Ал ээн калып, Менин алдымда ыйлап жатат. Бардык жер ээн калды, анткени бир да адам муну жүрөгүнө кабыл алган жок».

12Чөлдөгү тоолордун бардыгына кыйратуучулар келишти, анткени Теңирдин кылычы жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин кыйратып жатат: эч бир тирүү жанга тынчтык жок.

13Алар буудай айдашты, бирок тикенек оруп алышты; кыйналышты, бирок эч кандай пайда табышкан жок. Өзүңөрдүн ишиңердин жемишинен, Теңирдин жалындаган каарынан уялгыла.

14Теңир мындай дейт: «Өз элим Ысрайылга мураска берген энчиге кол салган бардык каардуу кошуналарымды Мен өз жеринен бүркүп чыгарам, Жүйүттү да алардын арасынан бүркүп чыгарам.

15Бирок Мен аларды бүркүп чыгаргандан кийин, аларга кайрадан ырайым кылып, ар бирин өз энчисине, ар бирин өз өлкөсүнө кайра алып келем.

16Эгерде алар Менин элиме Баалдын ысымы менен убада бергенди үйрөткөндөй, Менин ысымым менен “Теңир тирүү!” деп убада бериш үчүн, Менин элимдин жолдорун үйрөнүшсө, анда Менин элимдин арасына киришет.

17Эгерде тил алышпаса, анда Мен ал элди түп-тамыры менен жок кылам, таптакыр тукум курут кылам», – дейт Теңир.