1Теңир мага мындай деди: «Менин алдыма Муса менен Шемуел келсе да, Менин жаным бул эл менен болбойт. Буларды Менин алдыман кууп жибер, алар кетишсин.
2Эгерде алар сага: “Биз кайда барабыз?” – дешсе, анда аларга айт: Теңир мындай дейт: “Өлө турган адам өлсүн, кылычтан өлө турган кылычтан өлсүн, ачкачылыкка дуушар боло турган адам ачкачылыкка дуушар болсун, туткунга кете турган адам туткунга кетсин”.
3Теңир мындай дейт: Мен аларга төрт түрдүү жаза жиберем. Өлтүрүш үчүн кылычты, тытыш үчүн дөбөттөрдү, жеш үчүн, кырыш үчүн асман канаттууларын жана талаа жырткычтарын жиберем.
4Жүйүт падышасы, Хиския уулу Менашенин Иерусалимде кылган иштери үчүн, Мен аларды бүт падышачылыктардын үрөйүн учурган коркунучка айлантам.
5Анткени сени ким аяйт, Иерусалим? Ким сага боор ооруйт? Сенин аман-эсендигиңди сураш үчүн, сеникине ким кирет?
6Сен Мени таштап койдуң, – дейт Теңир, – артка кеттиң. Ошондуктан Мен сага колумду сунуп, сени жок кылам: Мен ырайым кылгандан чарчадым.
7Мен аларды сапыргыч менен жердин дарбазасынан нары сапырып жатам. Аларды балдарынан ажыратып жатам, Өз элимди кырып жатам, бирок алар өз жолдорунан бурулбай жатышат.
8Мен алардын жесирлерин деңиз кумунан көп кылам. Энеге жана анын уулдарына чак түштө кыйратуучуну жөнөтөм. Күтүлбөгөн жерден алар дүрбөлөңгө түшүп, үрөйлөрү учат.
9Жетини төрөгөн аял алсырап жатып жан берди. Анын күнү күндүз эле баткан, ал уятка калган, маскара болгон. Анан алардын калдыгын өздөрүнүн душмандарынын көз алдында кылычка салып берем, – дейт Теңир».
10Эне, сен мени талашып-тартышкан, бүт жер жүзү менен чатакташкан адам кылып төрөгөнүң үчүн, мага кайгы! Мен эч кимге үстөккө берген эмесмин, мага да эч ким үстөккө берген эмес, бирок бардыгы мени каргап жатышат.
11Теңир мындай деди: «Сенин акыркы күндөрүң жакшы болот, башыңа кыйынчылык түшкөн убакта, кайгы учурунда Мен душманыңды сага жакшы мамиле кылууга мажбур кылам.
12Темир түндүк темирин жана жезди талкалай алабы?
13Сенин мал-мүлкүңдү жана байлыктарыңды талатып-тонотом. Бул өзүңдүн бардык жерлериңдеги бардык күнөөлөрүң үчүн болот.
14Сени душмандарың менен кошо өзүң билбеген жерге жөнөтөм, анткени Менин каарымдын оту тутанды, ал силерге каршы жалындайт».
15Оо Теңир! Сен баарын билесиң. Мени эстеп, мага кел, мен үчүн куугунчуларымдан өч ал. Мени өлтүрбө, анткени Сен өтө чыдамдуусуң. Сен билесиң, мен Сен үчүн кордук көрүп жатам.
16Мен Сенин сөздөрүңө кулак салып, аларды жутуп алдым. Сенин сөзүң мен үчүн кубаныч, менин жүрөгүмө шаттык болуп калды, анткени, Себайот Кудай-Теңир, мен Сенин ысымың менен аталам.
17Мен күлгөндөрдүн арасында отурган жокмун, кубанган жокмун. Мен Сенин оор колуңдун астында жалгыз отурдум, анткени Сен мени ачуу сезимге толтурдуң.
18Эмне үчүн менин оорум айыкпас оору? Эмне үчүн менин жараатым оор, дарылоого мүмкүн эмес? Чын эле, Сен мен үчүн алдамчы агын суу сыяктуу, ишенимсиз суу сыяктуу болуп каласыңбы?
19Буга Теңир мындай деп айтты: «Эгерде сен кайрылып келсең, Мен сени кабыл алам, Менин алдымда турасың. Эгерде сен жаман сөздөн жакшы сөздү ажырата билсең, анда Менин оозумдай болосуң. Алар сага өздөрү кайрылышат, сен аларга кайрылбайсың.
20Ошондо сени бул эл үчүн бекем жез дубал кылам. Алар сага каршы күрөшүшөт, бирок сени жеңе алышпайт, анткени сени сакташ үчүн, куткарыш үчүн, Мен сени мененмин, – дейт Теңир.
21Сени каардуулардын колунан сактайм, сени эзүүчүлөрдүн колунан куткарам».