Жеремия 17:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүттүн күнөөсү темир кескич менен, алмаздын мизи менен алардын жүрөк лоокторуна жана алардын курмандык чалынуучу жайларынын мүйүздөрүнө жазылды.

2Алар өз уулдарын эстегендей, өздөрүнүн курмандык чалынуучу жайлары тууралуу, бийик дөбөлөрдөгү, жашыл дарактардын түбүндөгү Ашейра мамылары тууралуу эстешет.

3Талаадагы Өзүмдүн тоомду, сенин мал-мүлкүңдү, сенин бардык асыл буюмдарыңды талап-тоноого берем, сенин бардык бутканаларыңды бардык аймактарыңдагы күнөөлөрүң үчүн талап-тоноого берем.

4Мен берген мурастан ажыраганга сен өзүң себепкер болосуң, анан сени өзүң билбеген жердеги душмандарыңа кулчулукка берем, анткени силер Менин каарымдын отун жалындаттыңар, ал түбөлүккө күйө берет».

5Теңир мындай дейт: «Адамдан үмүттөнгөн, өз денесин тирек кылган, жүрөгү Теңирден алыстаган адамга каргыш!

6Ал адам чөлдөгү бадалдай болот, ал ырайымдын келгенин көрбөйт, чөлдөгү ысык жерлерге, түшүм бербеген, эч ким жашабаган жерге отурукташат.

7Теңирден үмүттөнгөн, Теңирге таянган адам баталуу.

8Анткени ал адам суу боюна тигилген, тамырын суу түбүнө жайган дарактай болот. Ал аптапты сезбейт. Анын жалбырактары жашыл бойдон турат, ал кургакчылык убагында да коркпойт, мөмө берүүсүн токтотпойт.

9Адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган, аны ким биле алат?

10Мен, Теңир, ар бир адамга өзүнүн жолуна жана кылган иштеринин жемишине жараша тиешесин берүү үчүн, жүрөккө чейин кирип, ички дүйнөнү сынап турам.

11Байлыкты жалган жол менен тапкан адам өзү туубаган жумурткаларды басып отурган кекиликтей: ал байлыкты өмүрүнүн жартысында калтырат, өмүрүнүн аягында акылсыз бойдон калат».

12Биздин ыйыктала турган жайыбыз – башынан эле жогору көтөрүлгөн даңк тагында.

13Сен, Теңир, Ысрайылдын үмүтүсүң. Сени таштаган адамдардын баары маскара болушат. «Менден четтегендердин бардыгы жерге жазылат, анткени өмүр суусунун булагы болгон Теңирди таштап коюшту».

14Мени айыктыр, Теңир, ошондо мен айыгам. Мени куткар, ошондо мен куткарылам. Анткени менин мактанычым Сенсиң.

15Алар мага: «Теңирдин сөзү кайда? Ал келсин!» – дешет.

16Мен Сенин койчуң болууга шашылган жокмун жана кайгы күнүн каалаган эмесмин, муну Сен билесиң. Менин оозумдан чыккан нерсе Сенин алдыңда ачык.

17Мен үчүн коркунучтуу болбо, кайгы күнү менин таянычым Сенсиң.

18Мени куугандар уятка калышсын, бирок мен уятка калбайын. Алар калтырашсын, бирок мен калтырабайын. Аларга кайгы күндү каптат, аларды өзгөчө кыйроо менен кыйрат.

19Теңир мага мындай деди: «Бар, Жүйүт падышалары кире турган жана чыга турган, элдин уулдарынын дарбазаларынын алдында тур, Иерусалимдин бардык дарбазаларынын алдында тур.

20Анан аларга мындай де: “Жүйүт падышалары, бардык Жүйүт эли жана ушул дарбазалар менен кирген Иерусалимдин бардык тургундары, Теңирдин сөзүн уккула.

21Теңир мындай дейт: "Өз жаныңарды сактагыла, ишемби күнү жүк көтөрбөгүлө, Иерусалимдин дарбазалары аркылуу жүк көтөрүп кирбегиле.

22Ишемби күнү үйүңөрдөн жүк көтөрүп чыкпагыла, эч кандай жумуш кылбагыла, бирок ишемби күндү Мен силердин ата-бабаларыңарга кандай буйрусам, ошондой кылып ыйык туткула.

23Бирок алар укпай коюшкан, кулак төшөбөй коюшкан, акыл-насаатты укпаш үчүн, аны кабыл албаш үчүн, тоң моюн болуп калышкан.

24Эгерде силер Менин тилимди алып, – дейт Теңир, – ишемби күнү бул шаардын дарбазалары аркылуу жүк көтөрүп кирбесеңер, бул күнү эч кандай жумуш жасабай, аны ыйык тутсаңар,

25анда бул шаардын дарбазалары аркылуу Дөөттүн тагында отурган падышалар менен төрөлөр, араба менен жүргөндөр, атка минип жүргөндөр киришет. Алар жана алардын мырзалары, жүйүттөр жана Иерусалимдин тургундары киришет, ошентип, бул шаар түбөлүккө эл жашаган шаар болот.

26Ошондо Жүйүт шаарларынан да, Иерусалимдин айланасынан да, Бенжемин жеринен да, түздүктөрдөн да, тоолордон да, түштүктөн да келишет, Теңир үйүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды, нан курмандыктарын, жыпар жыттуу заттарды жана ыраазычылык курмандыктарын алып келишет.

27Эгерде Менин тилимди албай, ишемби күнүн ыйык тутпай, ишемби күнү Иерусалимдин дарбазасы аркылуу жүк көтөрүп кирсеңер, анда анын дарбазасына от коём, ал Иерусалимдин чептерин жалмайт, өчпөйт"”».