Жеремия 18:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Жеремияга Теңирден болгон сөз:

2«Тур, карапачынын үйүнө түш, ошол жерде Мен сага Өзүмдүн сөздөрүмдү айтам».

3Ошондо мен карапачынын үйүнө түштүм, ал карапа жасаган тегерек куралда өз ишин жасап жатыптыр.

4Карапачы топурактан жасап жаткан идиш анын колунда бузулуп калды. Ошондо ал кайрадан ошол топурактан өзү каалаган башка бир идиш жасады.

5Ошондо мага Теңирден сөз болду:

6«Ысрайыл, Мен силерге ушул карапачы кылгандай кыла албайт бекем? – дейт Теңир. – Карапачынын колунда топурак кандай болсо, силер да Менин колумда ошондойсуңар, Ысрайыл.

7Кээде Мен кайсы бир эл же падышачылык жөнүндө анын тамырын жулам, талкалайм, жок кылам деп айтам.

8Бирок Мен айткан ошол эл өзүнүн жаман иштеринен баш тартса, Мен аларга жамандык кылам деген оюмдан кайтам.

9Ал эми кээде Мен кайсы бир эл же падышачылык жөнүндө аны орнотом жана бекемдейм деп айтам.

10Бирок алар Менин көз алдымда жамандык кылып, Менин үнүмдү укпай турган болсо, Мен аларга ырайым кылам деген оюмдан кайтам.

11Ошондуктан Жүйүттүн адамдарына жана Иерусалимдин тургундарына айт: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен силерге жамандык даярдап жатам, силерге каршы жамандык ойлоп жатам. Ошондуктан ар бириңер өзүңөрдүн жаман жолуңардан бурулгула, жолдоруңарды жана иштериңерди оңдогула”.

12Бирок алар мындай деп айтышат: “Yмүт кылба, биз өзүбүздүн оюбуз боюнча жашайбыз, ар бирибиз жаман жүрөгүбүздүн өжөрлүгү боюнча иш кылабыз”».

13Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Элдер арасынан сурагыла, ушундай нерсени уккан адам бар бекен? Ысрайыл кызы өтө жийиркеничтүү иштерди кылды.

14Лебанон тоосунун чокусунан кар кетеби? Башка жерлерден аккан муздак суулар соолуп калабы?

15Менин элим болсо Мени таштап кетти. Алар жалган кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышат, өз жолдорунда мүдүрүлүштү, салынбаган жол менен жүрүш үчүн,

16өздөрүнүн жерин көргөн элдин үрөйүн учурган жер кылыш үчүн, түбөлүк шылдыңга калтырыш үчүн, байыркы жолдорун ташташты. Ошондуктан ал жер менен өткөн ар бир адам таң калып, башын чайкайт.

17Аларды чыгыш шамалы сыяктуу душмандын көз алдында сапырам. Башына мүшкүл түшкөн күнү аларга жүзүмдү бурбастан, аркамды салам».

18Алар болсо: «Келгиле, Жеремияга каршы жаман ой түзөбүз, анткени ыйык кызмат кылуучунун мыйзамы, акылмандын кеңеши, пайгамбардын сөзү жоголо элек. Келгиле, аны тилибиз менен өлтүрүп, сөзүн укпай коёбуз», – деп айтышты.

19Мени ук, Теңир, менин душмандарымдын үнүн ук.

20Жакшылыкка жамандык кылса болобу? Алар болсо менин жаным үчүн ор казып жатышат. Алар жөнүндө жакшы нерсе айтыш үчүн, Сенин каарыңды алардан кайт кылдырыш үчүн, Өзүңдүн алдыңда турганымды эстегин.

21Ошондуктан алардын балдарын ачарчылыкка калтыр, аларды кылыч менен кыр. Алардын аялдары баласыз калышсын, жесир калышсын, күйөөлөрү өлүмгө берилсин, уландары майданда кылычтан кырылсын.

22Сен аларга күтүлбөгөн жерден аскерлерди каптатканда, алардын үйлөрүнөн өкүрүк угулуп турсун. Анткени алар мени колго түшүрүш үчүн, ор казып жатышат, буттарым үчүн жашыруун тузак тартып коюшту.

23Бирок Сен, Теңир, алардын мени өлтүрүш үчүн ойлогон бардык ойлорун билесиң. Алардын анткорлугун кечирбе, алардын Сенин алдыңдагы күнөөсүн унутпа. Алар Сенин алдыңда кулатылсын. Аларды Өзүң каарданып жатканда жазала.