1Теңир мындай деди: «Бар, карапачыдан чопо кумура сатып ал. Өзүң менен кошо эл аксакалдарын жана ыйык кызмат кылуучулардын башчыларын ал.
2Анан Харсит дарбазасынын алдындагы Ином уулдарынын өрөөнүнө чык, ошол жерде Мен сага айта турган сөздөрдү жарыя кыл.
3Ошондо мындай де: “Жүйүт падышалары жана Иерусалим тургундары, Теңирдин сөзүнө кулак салгыла! Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: "Мына, бул жерге Мен кайгы каптатам, ал тууралуу уккан адамдын кулагы тунат.
4Анткени алар Мени таштап кетишти, бул жерди Мага жат жер кылышты, бул жерде өздөрү да, ата-бабалары да, Жүйүт падышалары да билбеген башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүштү, бул жерди айыпсыз канга толтурушту.
5Баалга бутканаларды курушту, өз уулдарын Баалга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка өрттөштү, Мен аны буйрук кылган эмесмин, айткан эмесмин, ал Менин оюма да келген эмес.
6Ошон үчүн, мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрдөн кийин бул жер Топет же Ином уулдарынын өрөөнү эмес, Өлтүрүү өрөөнү деп аталып калат.
7Бул жерде Жүйүттүн да, Иерусалимдин да кеңешин жок кылам, аларды өз душмандарынын көз алдында кылыч менен, аларды өлтүргүсү келгендердин колу менен өлтүрөм, алардын өлүктөрүн асман канаттууларына жана жердеги жырткычтарга азык кылам.
8Бул шаарды көргөн элдин үрөйүн учургудай кылам, күлкүгө айлантам. Бул шаар аркылуу өткөн ар бир адам таң калат, анын бардык жараатын көрүп ышкырат.
9Аларга өз уулдарынын жана өз кыздарынын этин жедирем. Аларды өлтүргүсү келген душмандары кысымга алганда, курчоодо, эзүүдө жатып, ар кимиси өз жакынынын этин жейт"”.
10Анан сени менен келген кишилердин көз алдында кумураны талкала.
11Аларга мындай деп айт: Себайот Теңир мындай дейт: “Мен бул элди жана бул шаарды карапачынын талкаланган, калыбына келбей турган идишиндей кылып талкалайм. Көмүүгө жер жетишсиз болгондуктан, аларды Топетте көмүшөт.
12Бул жерди, – дейт Теңир, – жана бул жерде жашагандарды так ушундай кылам, бул шаарды Топеттей кылам.
13Иерусалимдин үйлөрү да, Жүйүт падышаларынын үйлөрү да Топет жериндей таза эмес жер болот, анткени бардык үйлөрдүн төбөсүндө бардык асман кошуундарына жыпар жыттуу зат түтөтүшөт, бөтөн кудайларга куюлуучу курмандыктарын куюшат”».
14Жеремия Теңир пайгамбарчылык кылууга жиберген Топеттен келип, Теңир үйүнүн короосунда туруп алып, бүт элге мындай деп айтты:
15«Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Мына, Мен бул шаарга жана Жүйүттүн бардык шаарларына, ага каршы айткан бүт кайгыны каптатам, анткени алар – тоң моюн эл, Менин сөздөрүмдү угушпайт”».