Жеремия 2:1-37 KYB2004 - Bible AI

1Теңирден мага мындай сөз болду:

2«Бар, Иерусалимдин кулагына айт: Теңир мындай деп жатат де: “Сенин жаш чагыңдагы достугуң, колукту болуп турган кездеги сүйүүң, Менин артымдан чөлдө, эч нерсе айдалбаган жерде ээрчип жүргөнүң эсимде.

3Ысрайыл Теңирдин ыйыгы болчу, Анын биринчи жемиши эле. Аны жегендердин бардыгы жазаланчу, алардын башына кайгы түшчү”», – дейт Теңир.

4Жакыптын тукуму, Ысрайылдын бардык тукумдары, Теңирдин сөзүн уккула!

5Теңир мындай дейт: «Менден алыстап, убаракерчиликтин артынан жүрүп курулай убаракерчиликке батып кеткидей, силердин ата-бабаларыңар Менден кандай жалгандыкты табышты?

6Алар: “Бизди Мисир жеринен алып чыккан, бизди чөл менен, ээн, эл жашабаган жер менен, суусуз жер менен, өлүм көлөкөсүнүн жери менен, эч ким баспаган, эч ким жашабаган жер менен алып жүргөн Теңир кана?” – деп айтышкан жок.

7Мен силерди түшүмдүү жерге алып келдим, анын жемиштери менен түшүмүн жесин дедим. Силер болсо ал жерге кирип, Менин жеримди булгадыңар, Менин энчимди жийиркеничтүү жерге айланттыңар.

8Ыйык кызмат кылуучулар: “Теңир кайда?” – дешкен жок, мыйзамды окутуучулар Мени билишкен жок, койчулар Мени таштап кетишти, пайгамбарлар Баалдын атынан пайгамбарчылык кылып, жардам бербеген нерселердин артынан жүрүштү.

9Ошондуктан Мен силер менен дагы соттошом, – дейт Теңир, – уулдарыңардын уулдары менен да соттошом.

10Китим аралдарына барып карагыла, Кейдарга киши жиберип, кылдаттык менен изилдеп карап чыккыла: ал жерлерде ушуга окшогон нерселер болгон бекен?

11Кудай эмес экенине карабастан, кайсы эл өз кудайларын алмаштырды? Менин элим болсо өзүнүн даңкын жардам бербеген нерсеге алмаштырды.

12Асман, буга таң кал, титире, үрөйүң учсун! – дейт Теңир.

13Анткени Менин элим эки жамандык кылды: Мени, тирүү суунун башатын, таштап кетишти, өздөрүнө талкаланган, суу сактай албаган кудуктарды казып алышты.

14Ысрайыл кул беле? Же ал үйдө төрөлгөн кул беле? Эмне үчүн ал олжо болуп калды?

15Ага жаш арстандар айкырышты, үндөрүн көтөрүп, анын жерин чөл кылышты. Анын шаарлары өрттөлүп, тургундарынан ажырады.

16Ноп менен Такпанкестин уулдары сенин төбөңдү кырып салышты.

17Бул Кудай-Теңириң жол көрсөтүп бара жатканда, Аны таштап койгонуң үчүн болгон жокпу?

18Эми сен эмне үчүн Мисирге барганы жатасың, Нил суусунан ичиш үчүнбү? Эмне үчүн Ашурга барганы жатасың, анын дарыяларынан суу ичиш үчүнбү?

19Сени өзүңдүн мыйзамсыздыгың жазалайт, сени өзүңдүн бузуктугуң ашкере кылат. Ошондуктан Кудай-Теңириңди таштап кеткениң кандай жаман, кандай кайгылуу экенин бил, түшүн, сенде Менден коркуу деген жок, – дейт Себайот Кудай-Теңир.

20Анткени Мен мурун эле сенин моюнтуругуңду талкалагам, кишендериңди үзгөм, ошондо сен: “Жасалма кудайларга кызмат кылбайм”, – дегенсиң. Бирок ар бир бийик дөңсөөнүн үстүндө, ар бир бутактуу дарак астында бузуктук кылдың.

21Мен сени жакшы жүзүм сабагы, эң таза урук кылып тиктим. Анан кантип сен Менин жеримде башка бирөөнүн жүзүм сабагынын жапайы бутагына айланып калдың?

22Ошондуктан сен самын менен жуунсаң да, өзүңө шакарды көп колдонсоң да, Менин алдымда сенин мыйзамсыздыгың белгиленип коюлду, – дейт Кудай-Теңир.

23Сен: “Мен өзүмдү булгаган жокмун, Баалдын артынан жүргөн жокмун”, – деп кантип айтасың? Сен өзүңдүн өрөөндөгү жолуңду карап көрчү, сен, өз жолдорун бузган, оюн салган иңген, эмне кылганыңды бил.

24Чөлгө көнгөн, жаны кумарданып аба жуткан жапайы ургаачы эшекти ким токтото алат? Аны издегендердин баары чарчабайт: аны өзүнүн айы келгенде таап алышат.

25Бутуңдун бут кийим жыртуусуна, кекиртегиңдин суусап кургап кетүүсүнө жол бербе. Бирок сен: “Жок, үмүт кылба! Анткени башкаларды жакшы көрөм, алардын артынан жүрөм”, – дедиң.

26Ууру кармалганда маскара болгон сыяктуу, Ысрайыл да өзүн маскара кылды: Ысрайыл эли да, падышалары да, төрөлөрү да, ыйык кызмат кылуучулары да, пайгамбарлары да

27жыгачка: “Сен менин атамсың”, ал эми ташка: “Сен мени төрөгөнсүң”, – дешет. Анткени алар Мага жүзүн бурбастан, далысын салышты. Бирок алардын башына кайгы түшкөндө: “Тур, бизди куткар!” – дешет.

28Сенин өзүңө жасап алган кудайларың кайда? Эгерде алар сени башыңа кайгы түшкөндө куткара алышса, анда ордунан турушсун, анткени сенин канча шаарың болсо, кудайларың да ошончо, Жүйүт.

29Мени менен талашып-тартышуунун силерге эмне кереги бар? Баарыңар Мага каршы күнөөгө баттыңар, – дейт Теңир.

30Мен силердин балдарыңарды бекер эле урдум, алар акыл-насаатты кабыл алышкан жок. Пайгамбарларыңарды өзүңөрдүн кылычыңар жок кылуучу арстандай жеп жатты.

31Оо адамдар! Силер Кудайдын сөзүн уккула: Мен Ысрайыл үчүн чөл болдум беле? Мен ал үчүн караңгылыктын өлкөсү болдум беле? Эмне үчүн Менин элим: “Биз өзүбүзгө өзүбүз мырзабыз. Биз эми Сага келбейбиз”, – дешет?

32Кыз өз жасалгасын, колукту өз курун унутат бекен? Менин элим болсо Мени унутуп салды, унуткан күндөрүнө эсеп жок.

33Сүйүүгө аракет кылып жетүү үчүн, өзүңө жол тапканга кандай чеберсиң? Атүгүл, ошол үчүн өз жолдоруңду кылмышка ылайыкташтырдың.

34Атүгүл, кийимиңдин этегинде жарды, жазыксыз адамдардын каны бар. Аларды сен эшикти сындырып жаткан жеринен тапкан жоксуң, ошонун баарына карабай, мындай деп жатасың:

35“Мен күнөөлүү болбогондуктан, Анын каары менден бурулары чын”. Мына, “Мен күнөө кылган эмесмин”, – дегениң үчүн, Мен сени менен соттошом.

36Өз жолуңду улам алмаштырып, сен өзүңдү кандай кемсинттиң! Ашур сени маскара кылгандай эле, Мисир да сени маскара кылат.

37Сен андан да колуңду төбөңө коюп чыгасың, анткени Теңир сенин үмүтүңдү четке какты, алар менен ийгиликке жетпейсиң.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>