Жеремия 20:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Теңир үйүнүн башкы күзөтчүсү, ыйык кызмат кылуучу Имейирдин уулу Пашкур Жеремиянын пайгамбарчылык кылып айткан ушул сөздөрүн укканда,

2Жеремия пайгамбарды уруп, Теңир үйүнүн алдындагы Бенжеминдин жогорку дарбазасынын жанында турган көзөнөк жыгачка отургузуп койду.

3Бирок экинчи күнү Пашкур Жеремияны көзөнөк жыгачтан чыгарды. Ошондо Жеремия ага: «Теңир сага Пашкур деген ысым берген эмес, Ал сага Магор Мисабип деген ысым берген», – деди.

4Анткени Теңир мындай дейт: “Мына, Мен сени өзүңө жана өзүңдүн бардык досторуңа коркунучтуу кылам, алар өз душмандарынын кылычынан кырылышат, аны сен өз көзүң менен көрөсүң. Бүт Жүйүттү Бабыл падышасынын колуна салып берем, аларды Бабылга алып кетип, кылычтап өлтүрүшөт.

5Анан бул шаардын бардык байлыктарын, алардын эмгектенип тапкандарынын баарын, анын бардык асыл мүлктөрүн жана Жүйүт падышаларынын бардык казыналарын алардын душмандарына берем, аларды талап-тоноп алып, Бабылга жөнөтүшөт.

6Пашкур, сен жана сенин үйүңдө жашагандардын бардыгы туткунга кетесиңер. Сен Бабылга келип, ошол жерде өлөсүң, ошол жерге көмүлөсүң, сен кайсы досторуңа жалган пайгамбарчылык кылсаң, ал досторуң да ошол жерге көмүлөт”».

7Сен мени Өзүңө көндүрдүң, Теңирим, мен да көндүм. Сен менден күчтүүсүң, ошондуктан жеңип чыктың, мен күн сайын шылдың болуп жатам, ар ким мени шылдың кылып жатат.

8Анткени мен сүйлөй баштаганда эле, зордук жөнүндө кыйкырам, кыйроо жөнүндө өкүрөм, анткени Теңирдин сөзү үчүн мени шылдың кылышты, күнүгө күлкү кылышты.

9Ошондо мен: «Мындан ары Теңир жөнүндө адамдардын эсине салбайм, мындан ары Анын атынан сүйлөбөйм», – деп ойлодум, бирок Теңирдин сөзү жүрөгүмдө, сөөктөрүмдө камалган алоолонгон оттой болду. Аны мен ката албай калдым, анткени катып жүрүп кыйналып бүттүм.

10Анткени мен көп адамдардын жалааларын уктум, туш-туштан мындай деген коркутуулар: «Билдиргиле, биз болсо анын үстүнөн сөз жеткирип барабыз». Мүдүрүлүп кетер бекен деп, мени менен тынчтыкта жашагандардын баары артыман аңдып турушат: «Балким, ал колго түшөр, ошондо биз аны жеңип алабыз, андан өчүбүздү алабыз», – дешет.

11Бирок күчтүү аскердей болгон Теңир мени менен. Ошондуктан мени куугунтуктагандар өздөрү мүдүрүлүшөт, мени жеңе алышпайт. Катуу уятка калышат, анткени акылсыздык кылышты. Түбөлүккө маскара болушат, эч качан унутулбайт.

12Кудуреттин Теңири! Сен адил адамды сынап турасың, ички дүйнөнү жана жүрөктү көрүп турасың. Сенин алардан өч алганыңды көрсөм экен, анткени мен өзүмдүн ишимди Сага ишенип тапшыргам.

13Теңирге ырдагыла, Теңирди мактагыла, анткени Ал каардуулардын колунан жакырдын жанын куткарат.

14Мен төрөлгөн күнгө каргыш! Энем мени төрөгөн күн батасыз болсун!

15Менин атама: «Сен уулдуу болдуң», – деп сүйүнчүлөп келип, аны аябай сүйүнткөн адамга каргыш!

16Ал адам Теңир кыйраткан, кыйратканына өкүнбөгөн шаарлардай болуп калсын. Ал эртең менен ый, түштө өкүрүк уксун.

17Эмне үчүн Теңир мени энемдин курсагында жатканда эле өлтүрүп салган жок? Өз энем мага мүрзө болмок, ал түбөлүккө боюнда бар бойдон калмак.

18Мен эмне үчүн энемдин ичинен чыктым экен? Кыйынчылык, кайгы көрүш үчүнбү? Менин өмүрүм шылдың менен өтүшү үчүнбү?