1Теңир мага Теңирдин ийбадатканасынын алдына коюлган анжыр салынган эки себетти көрсөттү. Бул Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт падышасы Жайаким уулу Жайахинди жана жыгач усталары, темир усталары менен Жүйүт төрөлөрүн туткундап, Иерусалимден Бабылга алып келгенден кийин болду.
2Бир себетте өтө жакшы, эрте бышуучу анжыр мөмөлөрү, экинчи себетте жараксыз болгондуктан жегенге болбой турган, өтө жаман анжыр мөмөлөрү бар экен.
3Ошондо Теңир менден: «Сен эмнени көрүп турасың, Жеремия?» – деп сурады. Мен: «Жакшы анжырлар өтө жакшы экен, ал эми жаман анжырлар өтө жаман экен, ошон үчүн аларды жегенге болбойт, анткени алар эң жаман», – дедим.
4Ошондо Теңирден мага сөз болду:
5Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Мына бул жакшы анжырларга окшоштуруп, Мен Өзүм бул жерден каздимдердин жерине жиберген жүйүт туткундарын жакшы деп эсептейм.
6Аларга жакшы болсун деп, Мен аларга назар салам, аларды бул жерге кайра алып келем. Мен аларды тургузам, аларды бүлүндүрбөйм, Мен аларды отургузам, алардын тамырын кыйбайм.
7Мен аларга Менин Теңир экенимди биле турган жүрөк берем, ошондо алар Менин элим болушат, Мен болсо алардын Кудайы болом. Анткени алар Мага чын жүрөктөн кайрылышат».
8Ал эми жараксыз болгондуктан жегенге болбой турган жаман анжырлар тууралуу Теңир мындай дейт: «Мен Жүйүт падышасы Ситкияны жана анын төрөлөрүн, бул жерде калган жана Мисир жеринде жашаган Иерусалим тургундарын ушундай кылам.
9Мен кууп жиберген бардык жерлерде алардан четтешет, аларга жамандык кылышат, алар лакап болушат, каргышка калышат.
10Мен аларды өздөрүнө жана ата-бабаларына берген жерден жок кылмайынча, аларга каршы кылыч, ачарчылык, жугуштуу оору жиберем».