1Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын башталышында Теңирден мындай сөз болду:
2«Теңир мындай дейт: “Теңир үйүнүн короосунда туруп алып, Жүйүт аймагынын шаарларынан Теңир үйүндө таазим кылууга келгендердин бардыгына айт деп, Мен сага буйруган баягы сөздөрдүн баарын айт, бир да сөздү кемитпе.
3Балким, алар угушар, ар бири өзүнүн жаман жолунан бурулар, ошондо Мен алардын жаман иштери үчүн алаамат каптатам деген оюмдан кайтам.
4Ошон үчүн аларга айт: Теңир мындай дейт: "Эгерде силер Мен берген мыйзам боюнча жүргүңөр келбесе, Менин тилимди албай турган болсоңор,
5Мен силерге таң заардан жиберген Менин кулдарымдын – пайгамбарларымдын сөздөрүнө кулак салбай турган болсоңор (аларды силер укпай жатасыңар),
6анда Мен Шилону кандай кылсам, бул үйдү ошондой кылам, бул шаарды болсо жердеги бардык элдерге маскара кылдырам"”».
7Жеремия бул сөздөрдү Теңир үйүндө айтып жатканда, ыйык кызмат кылуучулар, пайгамбарлар жана бүт эл угуп турушту.
8Жеремия Теңирдин ага бүт элге айт деп буйруган сөздөрүнүн бардыгын айтып бүткөндө, ыйык кызмат кылуучулар, пайгамбарлар жана бүт эл аны кармап алып: «Сен өлүшүң керек.
9Эмне үчүн сен Теңирдин атынан пайгамбарчылык кылып: “Бул үй Шилодой болот, бул шаар кыйрап, ээн калат”, – деп айтып жатасың?» – дешти. Бүт эл Жеремияга каршы Теңир үйүнө чогулду.
10Бул тууралуу Жүйүт төрөлөрү угушканда, алар падыша үйүнөн чыгып, Теңир үйүнө келип, Теңир үйүнүн жаңы дарбазасынын алдына отурушту.
11Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен пайгамбарлар төрөлөргө жана бүт элге: «Бул адам өлүм жазасына тартылсын, анткени анын бул шаарга каршы пайгамбарчылык кылганын өз кулагыңар менен уктуңар!» – дешти.
12Ошондо Жеремия бүт төрөлөргө жана бүт элге мындай деди: «Бул үй жөнүндө жана бул шаар жөнүндө силер уккан сөздөрдү пайгамбарчылык кылып айт деп, мени Теңир жиберди.
13Ошондуктан өз жолуңарды жана кылган иштериңерди оңдогула, Кудай-Теңириңердин үнүн уккула, ошондо Теңир силерге айткан алааматын токтотот.
14Мен болсо, мына, силердин колуңардамын. Көзүңөргө эмне жакшы, эмне адилеттүү көрүнсө, мага ошону кылгыла.
15Бирок билип койгула: эгерде силер мени өлтүрсөңөр, анда жазыксыз канды өзүңөрдүн мойнуңарга жана бул шаардын, анын тургундарынын мойнуна жүктөп аласыңар, анткени ушул сөздөрдүн бардыгын силердин кулагыңарга айтыш үчүн, чындыгында, мени Теңир жиберди».
16Ошондо төрөлөр жана бүт эл ыйык кызмат кылуучулар менен пайгамбарларга: «Бул адамды өлүм жазасына тартканга болбойт, анткени ал бизге Кудай-Теңирибиздин атынан сүйлөдү», – дешти.
17Ошондой эле бул жердин аксакалдарынын кээ бирөөлөрү ордунан туруп, жыйналган бүт элге кайрылып, мындай дешти:
18«Жүйүт падышасы Хискиянын тушунда морейшилик Михей пайгамбарчылык кылып, бүт жүйүт элине: “Себайот Теңир мындай дейт: "Сион талаа айдалгандай айдалат, Иерусалим үйүлгөн урандыга айланат, бул үй турган тоо токойлуу дөңсөөгө айланат"”, – деген.
19Ошон үчүн аны Жүйүт падышасы Хиския менен бүт жүйүт эли өлтүрдү беле? Хиския Теңирден корккон жок беле, Теңирге жалынган жок беле? Ошондо Теңир аларга айткан алааматын токтоткон. Биз болсо өз жаныбызга зор кыянаттык кылганы жатабыз.
20Ошондой эле кирийат-жаримдик Шемаянын уулу Урий деген адам да Теңирдин атынан пайгамбарчылык кылган, ал бул шаарга жана бул жерге каршы пайгамбарчылык кылып, так эле Жеремия айткан сөздөрдү айткан.
21Анын сөздөрүн Жайаким падыша төрөлөрү, мырзалары менен укканда, ал аны өлтүргүсү келген. Бул кабарды уккан Урий коркуп, Мисирге качып кеткен.
22Бирок Жайаким падыша Мисирге да кишилерин жиберген: Акбар уулу Элнатанды жана ага кошуп башка кишилерди жиберген.
23Алар Урийди Мисирден алып чыгып, Жайаким падышага алып келишкен, ал аны кылычтап өлтүрүп, анын сөөгүн карапайым элдин көрүстөнүнө ыргытып жиберген».
24Бирок Сапан уулу Акикамдын колу Жеремия тарапта болуп, аны элдин колуна өлтүргөнгө берген жок.