1Жеремия пайгамбардын Иерусалимден туткунда жүргөн аксакалдарга, ыйык кызмат кылуучуларга, пайгамбарларга жана Небухаданасар Иерусалимден Бабылга алып кеткен бардык элге жиберген каттагы сөздөрү бул:
2Ал катты Жайахин падыша менен ханыша, эбнухтар, Жүйүт аймагы менен Иерусалимдин төрөлөрү, жыгач усталар, темир усталар Иерусалимден чыккандан кийин,
3Жүйүт падышасы Ситкия Бабыл падышасы Небухаданасарга жиберген Сапан уулу Элас жана Хилкия уулу Гемария аркылуу Бабылга жөнөттү:
4«Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, Иерусалимден Бабылга Өзү кетирген бардык туткундарга мындай дейт:
5“Yйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашай бергиле, бак-дарак отургузуп, анын жемиштерин жегиле.
6Аял алып, уул-кыздуу болгула. Уулдарыңарга аял алып бергиле, кыздарыңарды күйөөгө бергиле, алар уул-кыздуу болушсун, ошол жерде көбөйгүлө, кемибегиле.
7Мен силерди туткундап алып барган шаардын жыргалчылыгы үчүн кам көргүлө, ал үчүн Теңирге сыйынгыла, анткени шаарга жакшы болсо, силерге да тынчтык болот”.
8Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Силерди араңарда жүргөн пайгамбарларыңар менен сыйкырчыларыңар азгырбасын. Силердин түшүңөрдү жоругандарды укпагыла.
9Алар Менин атымдан силерге жалган пайгамбарчылык кылып жатышат. Аларды Мен жиберген эмесмин”, – дейт Теңир.
10Анткени Теңир мындай дейт: “Силердин Бабылда жашаганыңарга жетимиш жыл болгондо, Мен силерди эстейм, силерди бул жерге кайра алып келиш үчүн, силер тууралуу айткан жакшы сөзүмдү орундатам.
11Анткени Өзүмдүн силер жөнүндө ойлогон оюмду Өзүм гана билем, – дейт Теңир, – силерге келечек, үмүт бериш үчүн, ал ой – жаман ой эмес, жакшы ой.
12Силер Мага кайрыласыңар, Мага келесиңер, Мага сыйынасыңар, ошондо Мен силерди угам.
13Мени издейсиңер, эгерде Мени чын жүрөктөн издесеңер, табасыңар.
14Мени табасыңар, – дейт Теңир, – силерди туткундан кайра алып келем, Мен силерди кайсы элдердин арасына кууп жиберсем, ошол элдердин арасынан, бардык жерлерден жыйнап, силерди өз жериңерге кайра алып келем”, – дейт Теңир.
15Силер: “Теңир бизге Бабылда да пайгамбарларды берди”, – дейсиңер.
16Дөөттүн тагында отурган падыша жөнүндө, бул шаарда жашаган бүт эл жөнүндө, силер менен кошо туткундалып кетпеген бир туугандарыңар жөнүндө Теңир мындай дейт:
17Алар тууралуу Себайот Теңир мындай дейт: “Мына, Мен аларга каршы кылыч, ачарчылык жана жугуштуу оору жиберем, аларды жараксыздыгынан улам жегенге болбой турган жаман анжырдай кылам.
18Кылыч менен, ачарчылык менен, жугуштуу оору менен алардын артынан түшөм, Мен аларды кайсы элдердин арасына кууп жиберсем, ошол элдердин арасында жек көрүндү болот, алар каргышка калат, кыйынчылык көрөт, шылдың болот.
19Анткени алар Менин сөздөрүмдү укпай коюшту, – дейт Теңир, – ал сөздөрдү Мен аларга Өзүмдүн кулдарым – пайгамбарларым аркылуу айтып турдум, Мен аларга пайгамбарларым аркылуу таң заардан айтып турдум, бирок алар укпай коюшту, – дейт Теңир.
20Ал эми силер, Мен Иерусалимден Бабылга кетирген туткундардын баары, Теңирдин сөзүн уккула:
21Менин атымдан силерге жалган пайгамбарчылык кылып жатышкан Колайи уулу Ахап тууралуу, Маасей уулу Ситкия тууралуу Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: Мына, Мен аларды Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна салып берем, ал аларды силердин көз алдыңарда өлтүрөт.
22Ошондо алардан улам Бабылга туткундалып кеткен бардык жүйүттөргө мындай каргыш сөз калат: "Бабыл падышасы Ситкия менен Ахапты кандай өрттөп жиберсе, Теңир сени да ошондой кылсын!"
23Анткени алар Ысрайылда жийиркеничтүү иштерди жасашты: өз жакындарынын аялдары менен ойноштук кылышты, Менин атымдан Мен буйрубаган жалган сөздөрдү айтышты. Муну Мен билем жана Мен буга күбөмүн”, – дейт Теңир.
24Нехеламдык Шемаяга айт:
25Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Сен өз атыңдан Иерусалимдеги бардык элге, Маасей уулу, ыйык кызмат кылуучу Сепанияга жана бүт ыйык кызмат кылуучуларга кат жиберип, ал катка мындай деп жазыптырсың:
26"Теңир сени ыйык кызмат кылуучу Жойаттын ордуна ыйык кызмат кылуучу кылып койду, сен Теңир үйүндө ар бир акылсыз адамдын үстүнөн жана өзүн пайгамбар кылып көрсөткөн адамдардын үстүнөн көз салып турган адамдардын арасында болушуң керек. Сен андай адамды зынданга салып, көзөнөк жыгачка отургузушуң керек.
27Эмне үчүн сен анатоттук Жеремиянын силерге пайгамбарчылык кылуусуна тыюу салбайсың?
28Анткени ал Бабылдагы бизге да: 'Туткун узакка созулат. Yйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашагыла, бак-дарак отургузуп, анын жемиштерин жегиле', – деп айттырып жибериптир"”».
29Ыйык кызмат кылуучу Сепания Жеремия пайгамбарга бул катты угуза окуп бергенде,
30Жеремияга Теңирден сөз болду:
31«Туткундалып кеткендерге мындай деп айттырып жибер: нехеламдык Шемая жөнүндө Теңир мындай дейт: “Мен аны жибербесем да, пайгамбарчылык кылып, силерди жалган үмүттөндүргөнү үчүн,
32Теңир мындай дейт: Мына, Мен нехеламдык Шемаяны жана анын тукумун жазага тартам. Анын тукумунан бир да киши бул элдин арасында жашабайт, Мен Өз элиме жасай турган жакшы нерсени ал көрбөйт, – дейт Теңир. – Анткени ал Теңирге каршы сүйлөдү”».