Жеремия 30:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Теңирден Жеремияга болгон сөз:

2Теңир, Ысрайылдын Кудайы, мындай дейт: «Мен сага айткан сөздөрдүн баарын өзүңө, китепке жазып ал.

3Анткени мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Өз элим Ысрайылды жана Жүйүттү туткундан кайра алып келем, – дейт Теңир. – Аларды ата-бабаларына берген жерге кайрадан алып келем, алар ошол жерге ээ болушат».

4Мына, Ысрайыл менен Жүйүт тууралуу Теңир айткан сөздөр бул:

5Теңир мындай деди: «Биз тынчтыктын эмес, дүрбөлөң менен коркунучтун үнүн угуп жатабыз.

6Сурагыла, ойлонгула: Эркек киши төрөйбү? Анда эмне үчүн Мен ар бир эркектин төрөй турган аялдай болуп, колдору менен курсагын кармап алганын, баарынын өңдөрү кумсарып турганын көрүп турам?

7Оо, кандай кайгы! Ал күн кандай улуу, андай күн болгон эмес. Ал – Жакып үчүн бактысыздык мезгил, бирок ал андан куткарылат.

8Ошол күнү, – дейт Себайот Теңир, – анын сенин мойнуңа салган моюнтуругун талкалайм, кишендериңди үзөм. Ошондон кийин алар бөтөн жерликтерге кызмат кылбай калышат.

9Бирок алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине кызмат кылышат, Мен аларга кайра койгон өз падышасы Дөөткө кызмат кылышат.

10Сен, Менин кулум Жакып, коркпо, – дейт Теңир, – Ысрайыл, үрөйүң учпасын, анткени мына, Мен сени алыскы өлкөдөн куткарам, сенин тукумуңду туткундалып кеткен жеринен куткарам. Жакып кайрылып келип, коопсуз, тынч жашайт, аны эч ким коркутпайт.

11Анткени сени куткарыш үчүн, Мен сени мененмин, – дейт Теңир, – Мен сени кайсы элдердин арасына чачып жиберсем, ошол элдердин бардыгын таптакыр жок кылам, бирок сени жок кылбайм. Мен сени чеги менен жазалайм, бирок сени жазасыз калтырбайм».

12Анткени Теңир мындай дейт: «Сенин жараң айыккыс, сенин ооруң катуу.

13Сенин жараңды сакайтыш үчүн, сенин ишиң жөнүндө эч ким кам көрбөйт. Дартыңа даба жок.

14Сени досторуңдун баары унутуп коюшту, сени издешпейт, анткени Мен сени көп мыйзамсыз иштериң үчүн душмандарыңдын соккусу менен урдум, катуу жазага тарттым, себеби сенин күнөөлөрүң көбөйүп кетти.

15Сен эмне үчүн өзүңдүн жарааттарың тууралуу, катуу ооруң тууралуу өкүрүп жатасың? Мен сага муну көп мыйзамсыздыгың үчүн кылдым, анткени сенин күнөөлөрүң көбөйүп кетти.

16Бирок сени жегендердин бардыгы желет, душмандарыңдын бардыгы өздөрү туткун болушат, сени чапкандардын бардыгы чабылат, сени талап-тоногондордун бардыгын талап-тоноого салып берем.

17Сени болсо сакайтам, жараатыңдан айыктырам, – дейт Теңир. – “Эч ким сурабаган Сион ушул”, – дешип, сени четке кагылган деп аташкан.

18Теңир мындай дейт: “Туткунга түшкөн Жакыптын чатырларын кайра алып келип, анын айыл-кыштактарына ырайым кылам. Шаар кайрадан өзү турган дөңсөөгө курулат, ийбадаткана мурункудай болуп тургузулат.

19Алардын даңктоо ырлары, кубанган үндөрү угулат. Мен аларды көбөйтөм, алар кемибейт, аларды даңазалайм, алар кемсинтилбейт.

20Анын уулдары мурдагыдай болот, анын топ эли Менин алдымда турат, аны эзгендердин баарын жазалайм.

21Ошондо анын жол башчысы өзүнөн болот, анын башчысы өз ичинен чыгат. Мен аны Өзүмө жакындатам, ал Мага жакын келет, анткени Мага жакындаганга ким өзү батына алат? – дейт Теңир.

22Ошондо силер Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом”».

23Мына, Теңирден катаал бороон келе жатат, каардуу бороон келе жатат, ал мыйзамсыздардын башына түшөт.

24Өз жүрөгүнүн ниетин ишке ашырмайынча, аны аткармайынча, Теңирдин жалындаган каары токтобойт. Муну акыркы күндөрдө түшүнөсүңөр.