Жеремия 31:1-40 KYB2004 - Bible AI

1«Ошол мезгилде, – дейт Теңир, – Мен Ысрайылдын бардык урууларынын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат».

2Теңир мындай дейт: «Кылычтан аман калган эл чөлдө ырайым тапты. Ысрайылды сооротууга бара жатам».

3Теңир мага алыстан келип, мындай деди: «Мен сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөм, ошондуктан сага ырайымдуу колумду сундум.

4Мен сени кайрадан жайгаштырам, сен жайгашасың, Ысрайыл кызы, сен кайрадан өзүңдүн даптарың менен жасалгаланып, шаттанган ырчы-бийчилер тобу менен чыгасың.

5Кайрадан Самария тоолоруна жүзүмдүк өстүрөсүң. Жүзүмчүлөр өздөрү отургузган жүзүмдүктөрдүн түшүмүн өздөрү пайдаланышат.

6Анткени Эпрайым тоосундагы сакчылар: “Тургула, Сион тоосуна чыгып, Кудай-Теңирибизге баралы”, – деп жар салган күн келет».

7Анткени Теңир мындай дейт: «Жакып тууралуу кубанычтуу ырдагыла, эл башчыларынын алдында даңазалагыла: “Теңир, Өз элиңди, Ысрайылдын калдыгын куткар!” – деп айткыла, жар салгыла, даңктагыла.

8Мына, Мен аларды түндүк жеринен алып келем, аларды жер кыйырынан чогултам. Алардын арасында сокуру да, аксагы да, кош бойлуусу да, жаңы эле төрөгөнү да болот. Бул жерге калың эл кайтып келет.

9Алар ыйлап кетишкен, Мен болсо аларды сооротуп алып келем. Мен аларды суунун бою менен, мүдүрүлбөй турган түз жол менен алып келем, анткени Мен Ысрайылдын атасымын, Эпрайым Менин тунум.

10Теңирдин сөзүн уккула, элдер, алыскы аралдарга мындай деп кабарлагыла: “Ысрайылды Ким чачыратып жиберсе, аны Ошол Өзү чогултат, аны койчу өз койлорун кайтаргандай кайтарат”.

11Анткени Теңир Жакыпты кун төлөп кайрып алат, аны андан күчтүүнүн колунан куткарат.

12Алар келип, Сиондун бийик жерлеринде кубанып ырдашат. Алар Теңирдин ырайымына, буудайына, шарабына, майына, козуларына жана өгүзүнө агылып келишет. Алардын жаны сугарылган бактай болот, алар мындан ары чарчашпайт.

13Ошондо кыз топ ырчынын арасында кубанып ырдайт, жаш уландар менен карылар бирге ырдашат, алардын кайгысын кубанычка айлантам, аларды сооротом, кайгыдан кийин кубантам.

14Ыйык кызмат кылуучуларды курмандык майына тойгузам, Менин элим Менин берекеме тоёт», – дейт Теңир.

15Теңир мындай дейт: «Рама шаарынан зар какшап, боздоп ыйлагандын үнү угулат. Бул – өзүнүн балдарын жоктоп ыйлаган Рахел. Ал сооронгусу келбей жатат, анткени алар эми жок».

16Теңир мындай дейт: «Ыйлаганыңды жана көз жашыңды төккөнүңдү токтот, анткени сенин ишиң үчүн сыйлык бар, – дейт Теңир, – алар душман жеринен кайтып келишет.

17Сенин келечегиң үчүн үмүт бар, – дейт Теңир, – сенин уулдарың өз жерине кайтып келишет.

18Эпрайымдын ыйлаган үнүн угуп жатам: “Сен мени жазаладың, мен үйрөтүлгүс букачардай жазаландым, мени бур, ошондо мен бурулам, анткени Сен менин Кудай-Теңиримсиң.

19Сен мени бургандан кийин, өкүндүм, Сен мени эсиме келтиргенден кийин, башымды койгуладым. Мен уятка калдым, маскара болдум, анткени өз жаштыгымдын жаманаттысын көтөрдүм”.

20Эпрайым Менин кымбат уулум эмеспи? Сүйгөн балам эмеспи? Анткени ал жөнүндө сүйлөгөндө, аны дайыма сүйүү менен эскерем. Ал үчүн менин ички дүйнөм сыздайт, ага ырайым көрсөтөм, – дейт Теңир.

21Өзүңө жол белгилерин коюп ал, өзүңө мамыларды коюп ал, жүрөгүңдү өзүң жүргөн жолго бур. Кайрылып кел, Ысрайыл кызы, өзүңдүн ушул шаарларыңа кайтып кел.

22Сен качанкыга чейин тентип жүрө бересиң, ишенимсиз кыз? Анткени Теңир жер үстүнө кандайдыр бир жаңы нерсе жаратат: аялы күйөөсүн куткарат».

23Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Мындан ары, Мен алардын туткундарын кайра алып келгенде, Жүйүт жеринде жана анын шаарларында: “Акыйкаттын турагы, ыйык тоо, сага Теңир батасын берсин!” – деген сөздү айтышат.

24Ошондо ал жерге Жүйүт көчүп келип, бардык шаарлары менен, дыйкандары менен, малдын артынан жүргөндөрү менен отурукташат.

25Анткени Мен чарчаган жанга суу ичирем, кайгырган ар бир жанды тойгузам».

26Муну көрүп, мен ойгонуп кеттим, бул түш мага жагымдуу болду.

27«Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Ысрайыл менен Жүйүткө адам тукумун жана мал тукумун себем.

28Мен аларды жок кылып жатканда, кыйратып жатканда, талкалап жатканда, кырып жатканда, алаамат каптатып жатканда, кандай байкап турсам, тургузуп жатканда да, отургузуп жатканда да ошондой байкап турам, – дейт Теңир.

29Ошол күндөрү: “Ата-бабалары кычкыл жүзүм жешти, ал эми балдарынын тиши камалды”, – деп айтпай калышат.

30Бирок ар ким өзүнүн мыйзамсыздыгы үчүн өлөт. Ким быша элек жүзүм жесе, анын тиши камалат.

31Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Ысрайыл жана Жүйүт менен жаңы келишим түзөм.

32Бирок бул келишим алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Мен ал келишимди алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыгыш үчүн, аларды колдорунан алган күнү түзгөм. Мен алар менен түзгөн келишимимди бузбасам да, алар Менин ошол келишимимди бузушту, – дейт Теңир.

33Бирок ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм, – дейт Теңир, – Мен Өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болот.

34Ошондон кийин алар бири-бирин, бир тууган бир тууганын: “Теңирди таанып билгиле”, – деп үйрөтпөй калышат, анткени бардыгы: кичинесинен чоңуна чейин Мени өздөрү таанып билишет, – дейт Теңир. – Анткени Мен алардын мыйзамсыздыктарын кечирем, ошондон кийин алардын кылган күнөөлөрүн эстебейм».

35Күндүз жарык кылуу үчүн күндү берген, түн ичинде жарык кылуу үчүн ай менен жылдыздарга мыйзам берген, деңизди толкундатып, толкундарды күркүрөткөн Теңир ушундай дейт. Анын ысымы – Себайот Теңир.

36«Бул мыйзамдар Менин алдымда жок болуп кетпегендей эле, – дейт Теңир, – Ысрайыл тукуму да Менин алдымда дайыма эл болуп турат».

37Теңир мындай дейт: «Эгерде жогорудагы асман ченелсе, төмөндөгү жердин негиздери изилденсе, анда Мен Ысрайылдын бүт тукумун кылган бардык иштери үчүн четке кагам», – дейт Теңир.

38«Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү шаар Теңирдин даңкына, Кананел мунарасынан тартып бурчтагы дарбазага чейин кайра тургузулат.

39Жер ченөөчү аркан андан ары түз эле Гареп адырына жетип, Гояны айланып өтөт.

40Өлүктөр менен күл жаткан өрөөн бүт бойдон, Кидрон өзөнүнө чейинки талаа бүт бойдон, чыгыштагы ат дарбазасынын бурчуна чейинки жерлердин баары Теңирдин ыйык жери болот. Ал түбөлүккө кыйрабайт жана талкаланбайт».