1Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин тушунда Жеремияга Теңирден болгон сөз:
2«Рейхап тукумуна бар, алар менен сүйлөш, аларды Теңир үйүнө, бөлмөлөрдүн бирине алып кел, анан аларга шарап бер».
3Ошондо мен Хабатсиниянын уулу болгон Жеремиянын уулу Жазанияны жана анын бир туугандарын, уулдарын жана бүт Рейхап тукумун алып чыгып,
4аларды Теңир үйүнө, Кудайдын кишиси, Игдалия уулу Ханандын уулдарынын бөлмөсүнө алып келдим. Ал бөлмө эшиктин алдында турган сакчы – Шалум уулу Маасейдин бөлмөсүнүн үстүндөгү төрөлөрдүн бөлмөсүнүн жанында эле.
5Анан Рейхап тукумунун алдына шарапка толгон чөйчөктөр менен кеселерди коюп, аларга: «Шарап ичкиле», – дедим.
6Бирок алар: «Биз шарап ичпейбиз, анткени биздин атабыз Рейхаптын уулу Жонадап бизге мындай буйрук берген: “Силер да, балдарыңар да кылымдар бою шарап ичпегиле.
7Yй курбагыла, үрөн сеппегиле, жүзүмзар отургузбагыла, силерде жүзүмзарлар болбосун, бирок жер кезип жүргөн жерде узак убакыт жашаш үчүн, өмүр бою чатырларда жашагыла”.
8Биз атабыз Рейхаптын уулу Жонадап эмнени буйрук кылса, ошонун баарын аткарып жатабыз. Ал бизге: “Өмүрүңөр өткөнчө шарап ичпегиле, аялдарыңар да, уулдарыңар да, кыздарыңар да ичпесин,
9жашаганга үй курбагыла”, – деген. Ошон үчүн биздин жүзүмзарыбыз да, талаабыз да, айдоо жерибиз да жок.
10Чатырларда жашап, атабыз Жонадап бизге эмне буйруса, ошонун бардыгына тил алып, аткарып жатабыз.
11Бабыл падышасы Небухаданасар бул жерге кирип келгенде, биз: “Жүргүлө, каздимдердин аскерлеринен жана арамейликтердин аскерлеринен качалы, Иерусалимге баралы”, – дедик, ошондуктан мына, биз Иерусалимде жашап жатабыз», – дешти.
12Ошондо Жеремияга Теңирден сөз болду:
13Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Бар, Жүйүт эркектери менен Иерусалим тургундарына айт: “Кантип эле силер ушундан Менин сөзүмө тил алыш үчүн, өзүңөргө акыл-насаат алган жоксуңар?” – дейт Теңир.
14Рейхап уулу Жонадаптын өз уулдарына шарап ичпегиле деп буйрук кылып айткан сөзү аткарылып жатат. Алар ушул күнгө чейин шарап ичишпейт, анткени өз атасынын буйругуна тил алышат. Мен болсо силерге тынымсыз айтып келе жатам, Мен силерге таң заардан айтып келе жатам, бирок силер Мени укпай койдуңар.
15Мен силерге Өзүмдүн бүт кулдарымды – пайгамбарларымды жиберип турдум, Мен аларды таң заардан жиберип турдум. Аларды жиберип: “Ар бириңер өзүңөрдүн жаман жолуңардан бурулгула, жүрүм-турумуңарды оңдогула, башка кудайлардын артынан түшпөгүлө, аларга кызмат кылбагыла, ошондо Мен силерге жана силердин ата-бабаларыңарга берген ушул жерде жашайсыңар”, – деп айткам, бирок силер кулак салбай койдуңар, Менин тилимди албай койдуңар.
16Рейхаптын уулу Жонадаптын уулдары атасынын берген буйругун аткарып жатышат, бул эл болсо Мени укпай жатат.
17Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: Мына, Мен Жүйүт аймагына жана Иерусалимдин бүт тургундарына каршы Өзүм айткан бардык алааматты каптатам, анткени Мен аларга айттым, бирок алар укпай коюшту, аларды чакырдым, бирок алар жооп бербей коюшту».
18Ал эми Рейхап тукумуна Жеремия мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Атаңар Жонадаптын буйругуна тил алганыңар үчүн, анын бардык осуяттарын сактап, бардыгын ал айткандай аткарып жатканыңар үчүн
19Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: Рейхаптын уулу Жонадаптын тукумунан Менин алдымда турган адам үзүлбөйт”».